Өнөр достуктун өбөлгөсү
Ушул жумада Өзбекстандын Анжиян облусу менен Ташкент шаарындагы ишкер аялдардын Жалал-Абад шаарында өткөн форуму өзгөчө шаң жаратты. «Энелер — тынчтык элчиси» деген ураан алдында өткөн форумда кол өнөрчү аялдардын жүздөгөн эмгектери көрсөтүлүп, Анжиян жана Жалал-Абад облустарынын ишкерлеринин ортосунда өз ара кызматташуу жана тажрыйба алмашуу алакасын жаңы нукка салды.