“Манастагы” жүк ташуучу транзиттик борбордун коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн маалыматына караганда, сунушту ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн байкоо максатында ушул аптада Вашингтондон Коргонуу логистикасы боюнча АКШ агенттигинин сатып алуулар бюросунун башчысы Рон МакЛарен келген. Эксперттер тобу бул маселени Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен 2-февралда талкуулады.
Палатанын вице-президенти Рима Апасованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, америкалыктар сунушун экономикалык кызыкчылыктар менен байланыштырышууда:
- Алар Ооганстандагы америкалык аскерлер үчүн бизден азык-түлүк, товар алгысы келип жатат. Алардын Дубайда сатып алуулар өкүлчүлүгү бар экен, бирок кымбат болуп жатат дешти. Ошондуктан бул кызматташтык бир жагынан силердин ишканага, экономикага, экинчиден, биздин аскерлерге пайдалуу болмок дешти.
Америкалык делегация ушул эле күнү Экономика жана антимонополия министрлигинин адистери менен да жолугушту. Министрликтин тышкы соода бөлүмүнүн башчысы Рима Киселева кыргызстандык товарларды сатуу-сатып алуу америкалыктар менен көптөн бери талкууланып келатканын айтты. Америкалыктардын демилгеси менен эми бул маселе 24-26-апрель аралыгына болжолдонуп жаткан симпозиумда талкууланат:
- Алар Америкадан өздөрүнүн заказ бере турган ишкерлерин да тартууну көздөшүүдө. Балким Бишкекке (симпозиумга) алар да келип, конкреттүү заказ берген тараптар менен жолугушат, шарттарды аныкташат. Кудай буйруп, контракт түзүп калышы да ажеп эмес.
Министрликтин сайтында илинип турган тизмеге караганда, Ооганстандагы муктаждыктар үчүн АКШ сатып алгысы келген товарлардын арасында Кыргызстанда кеңири өндүрүлгөн кирпич, цемент сыяктуу курулуш материалдары, жашылча-жемиш, буурчак, сүт, ун азыктары, ичүүгө ылайыкталган суу, пластикалык идиш-аяктар сыяктуу буюмдар бар. Анткен менен өз товарын сатууга ынтызар жергиликтүү ишкерлердин саны анча көп эмес. Мунун себебин Рима Киселева минтип түшүндүрдү:
- Мурда көп эле болчу. Азыр азайып калды. Алардын стандарттарына төп келбей калып, убактыбыз текке кетип калабы деп биздин ишкерлер коркуп атышат окшойт.
Экономикалык сунуштун артында эмне бар?
АКШнын аскерий базасы “Манаста” турган он жылдан ашык мезгил аралыгында жергиликтүүлөр америкалыктарды көп эле сындап келатышат. Тамак-ашынан, суусуна чейин чет өлкөлөрдөн ташып ичип-жешет, Кыргызстандын азыктарын чанышат деген да дооматтар жок эмес. Эми келишим аяктап калган кезде жаңы сунуштардын пайда боло башташын айрым адистер мамилелерди жумшартуу ишарасы катары сыпатташууда. Мындай пикирин “Азаттык” менен Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов бөлүштү:
- Эми абал оңой эмес экенин булар түшүнүп атышат. Кетеби-кетпейби, эмне болсо да жумшагыраак натыйжа чыксын деген аракет болуп атса керек.
Ниязовдун болжолунда, АКШ транзиттик борборун калтыруу жаатында дагы кыйла аракеттер жасалышы мүмкүн, бирок аны кетирүү, же калтыруу маселесин Кыргызстан өзү улуттук кызыкчылыкты карап чечиши керек:
- Фергана өрөөнү өтө коркунучтуу болуп атат. Кыргызстан бүтүн бойдон калсын десек биз кылдат аракеттенишибиз керек. Биздин ошого даярдыгыбыз барбы-жокпу, сырттан кайсы күчтөрдү пайдалана алабыз деген ойлор болуш керек. Жөн эле кетсин-калсын деген ой менен биз адашып калабыз.
АКШнын транзиттик борборунун Кыргызстанда туруу мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Борбор калбай тургандыгын президент Алмазбек Атамбаев акыркы айларда бир нече ирет билдирди.
Акыркы жолу ушул аптада АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памелла Спартлен менен жолугушууда макулдашуу мөөнөтү аяктап бараткандыгын дагы бир ирет эске салгандыгын президенттин маалымат кызматы жазды.
Буга чейин элчи транзиттик борбордун 2014-жылдан кийинки тагдыры эки өкмөттүн акылдашканына жараша чечилерин билдирген. Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Борбордун жагдайы АКШ, Орусия, Түркия өңдүү мамлекеттердин катышуусунда талкууланыш ыктымалдыгын белгилеген.