Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Киев пранкерлердин ишин Бишкектен көрдү


Кыргыз-украин президенттери Алмазбек Атамбаев менен Петро Порошенко
Кыргыз-украин президенттери Алмазбек Атамбаев менен Петро Порошенко

Украинанын президенти Петро Порошенко менен телефондон кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев болуп сүйлөшкөн пранкерлерге жардам берген деген шек менен кыргыз жараны кармалды.

Бул тууралуу 18-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Анын алдында расмий Киев Бишкекти пранкерлер, башкача айтканда, телефон бейбаштары боюнча айыптаган эле.

Порошенконун маалымат катчысы пранкерге кыргыз дипломаттары тымызын көмөк көрсөткөн деп айтып чыккан. Анын алдында, 17-ноябрда Порошенко менен Атамбаев болуп телефондон сүйлөшкөн адамдын аудиосу интернетке жарыяланган болчу.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги пранкерлер менен байланышы бар, аларга жардам берген деген шек менен кармалган кыргыз жараны жана тек-жайы тууралуу азырынча кеңири маалымат берген жок.

Украинанын бийлигине шек келбеши үчүн алар өздөрү актанышы керек. Бул жерде биз актана тургандай эч нерсе жок.
Алмазбек Батырбеков

18-ноябрда тараткан учкай маалыматта укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатканы айтылган. Кийинки айдын башында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин саммитинин алкагында жолугушарын, анда телефон бейбаштары боюнча кеңири сөз болоору, эки тараптан тең бул окуяга аргасыз аралашып калгандардын күнөөсү канчалык экени талданары айтылган.

17-ноябрда Украинанын президенти Петро Порошенко менен өзүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев деп атаган адамдын сүйлөшүүсү интернетке жарыяланган эле.

Жалпысынан 15 мүнөттөн ашык убакытка созулган аудиодон Порошенко аны менен сүйлөшүп жаткан адамдын Алмазбек Атамбаев эмес экенинен эч шектенген эмес жана Украина менен Орусиянын ортосундагы мамиле, соңку кырдаал, Крым, Донбасска байланышкан маселелерди ачык айтып, "агынан жарылган". Атамбаевдин чалганына, аны менен сүйлөшүп жатканына кубанычта экенин, Кыргызстандан колдоо күтөөрүн бир канча ирет кайталаган.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков пранкерлер боюнча расмий Киевдин Бишкекти күнөөлөп жатканын кескин сынга алды. Петро Порошенкого ким, кантип чалганын өздөрү териштириши керек деген пикирин билдирди:

- Бул - Украинанын маселеси. Алар ар кайсы жерден ар кандай айыптоону айта бериши мүмкүн. Дипломат катары аларга бул нерсе абийир алып келбейт. Украинанын бийлигине шек келбеши үчүн алар өздөрү актанышы керек. Бул жерде биз актана тургандай эч нерсе жок. Алар каалаганын айтып койсо, аны кыргыз бийликтери териштириши керек деген туура эмес ой. Бул өздөрүнүн ишиндеги алешемдик, өздөрүнүн байкабастыгы.

Украина пранкерлер үчүн кыргыз ТИМин айыптады

Украина пранкерлер үчүн кыргыз ТИМин айыптады

Анткен менен бул окуя Кыргызстан менен Украинанын алака-катышына көлөкө түшүрөт деген мазмундагы пикирин айткандар да бар.

“Прогресс” коомдук фондунун жетекчиси Адил Турдукулов Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүшү, Башкы прокуратура териштирип, күнөөлүүлөрдү аныкташы керек деп эсептейт:

- Тышкы иштер министрлиги териштирип, күнөөлүүлөр аныкталып, ачыкка чыгарылып жоопко тартылышы керек. Экинчиден, мен прокуратурага да бул боюнча кайрылып жатам. Алар да иликтөө жүргүзүшү керек. Анткени бул окуя биздин тышкы аброюбузга терс таасирин тийгизип жатат. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге да залакасын тийгизет.

Эрлан Абдылдаев
Эрлан Абдылдаев

Алмазбек Атамбаев болуп Петро Порошенкого чалгандар тууралуу Жогорку Кеңеште да сөз болгон. Өткөн аптада парламентте өкмөттүн жаңы курамы бекип жаткан маалда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бул маселе жөнгө салынганын билдирген эле.

- Алмазбек Атамбаев менен Петро Порошенко сүйлөшкөн эмес. Атамбаевдин атынан чалгандар Украинага Кыргызстандан телефон чалган. Алар чала турган телефон номерди билишкен. Азыр Украинанын да, Кыргызстандын да атайын кызматтары иликтеп жатат. Мен украин кесиптешим менен сүйлөшкөм. Маселе чечилди.

Ушул айдын башында Украинанын президентинин расмий сайты Петро Порошенко Кыргызстандын президент Алмазбек Атамбаев менен телефондон сүйлөшкөнүн кабарлаган. Кыргыз тарап дароо муну жокко чыгарып, кимдир бирөөлөрдүн тамашасы деп атаган. Алмазбек Атамбаев менен Петро Порошенко бир дагы жолу расмий жолуга элек жана телефон сүйлөшүү дагы болгон эмес.

XS
SM
MD
LG