Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Коомдук сыналгынын (КТРК) директорлугуна сынак жүрүүдө


Элвира Сариева, Кыргызстандын Коомдук сыналгы жана үналгы компаниясынын (КТРК) Байкоочулар кеңешинин төрайымы.
Элвира Сариева, Кыргызстандын Коомдук сыналгы жана үналгы компаниясынын (КТРК) Байкоочулар кеңешинин төрайымы.

Кыргызстандын Коомдук сыналгы жана үналгы компаниясынын (КТРК) башкы директорлугу үчүн экинчи жолу сынак жарыяланды. Байкоочулар кеңешинин төрайымы Элвира Сариева бул жолу сынак ийгиликтүү өтөөрүн "Азаттыкка" билдирди.

- Сынакка катышууга келген арыздар каралдыбы жана кимдерден арыз түштү?

- Жалпы 16 арыз түштү. Тизмени айтып берейин: Адамалиев А., Акматов С., Дүйшалиев С., Исакбеков У., Казаков Б., Кадырова А., Мамырканов Э., Оторбаев К., Садыков И., Сатаев Ө., Сарыгулов Б., Султанбаев А., Камчиев Ж., Көлбаев У., Мамбетөмүров Д., Сатаров А.

Негизи мурунку конкурска катышкандардын төрт-бешөө дагы экинчи жолу конкурска арыз беришти.

- Келип түшкөн арыздарды качан карайсыздар? Арыздар каралып чыккандан кийин гана расмий талапкерлер катталабы?

- Туура. Негизи ушул жумада бүт талапкерлер жыйынга чакырылат. Ошол жыйында конкурс кандай түрдө өтөт, кандай кэйстер (атайын тапшырмалар) берилет, ошонун бардыгы түшүндүрүлүп, айдын аягында бүт талапкерлер менен оозеки баарлашуу өтөт.

- Ушул сынактын шарты тууралуу кененирээк айта кетсеңиз. Канча баскычтан турат? Кимдерге артыкчылык берилиши мүмкүн?

- Өткөн сынактан алган тажрыйбаларды эске алуу менен байкоочу кеңеш жаңы сынактын эрежелерин өзгөрткөн. Андыктан мурдагы талапкерлердин бул жолку конкурска арызын бергени туура болду. Ушул жумада өтө турган чоң жыйында бүт талапкерлерге УТРКны Коомдук телерадиого реформалоо боюнча атайын бизнес кэйс берилет.

Ал кэйсте төмөнкүдөй суроолор болушу ыктымал.
Мисалы, санариптик берүүгө өтүү системасы, УТРКнын менежмент системасы жана каржы (финансы) системасы, журналистиканы өнүктүрүү жолдору боюнча тапшырмалар берилет.

Талапкер ошол бизнес кэйсти алып, даярданып, анан презентация өңдүү кыскача, он-он беш мүнөт баяндама (доклад) кылат. Ошол докладдан кийин талапкерге суроолор берилет.

- Сынак канча баскычтан турат? Добуш берүү кандай өтөт? Байкоочулар кеңеши жеңүүчүнү кантип тандап алышат?

- Сынакта бир эле тур болот. Чоң жыйында бизнес кэйс берилгенден кийин талапкерлер баяндама менен чыгышат.

Андан кийин ошол жерден эле оозеки сынак өтөт. Балким, 16 кишини бир күндө оозеки сынактан өткөрүүгө жетишсек, Байкоочу кеңеш ошол күнү эле добуш берет.

- Добуш берүү кандай түрдө өтөт? Ачыкпы же жабыкпы?

- Добуш берүү жабык түрдө өтөт.

- Мурдакы сынак талаш-тартыш менен аяктады эле. Бул жолу андай нерсе кайталанбайбы?

- Жок, бардыгыбыз башкы директордун тандалышына тилектешпиз. Сынак жакшы өтөөрүнө чоң ишеним бар.

- Элвира айым, айрым маалымат каражаттары "расмий бийлик Байкоочулар кеңешинин ишине кийлигишип, алтургай басым жасады" деген сөздөрдү айтып жатат. Мунун канчалык чындыгы бар?

- Мен билгендей, биринчи конкурска деле, экинчи конкурска деле бийлик кийлигишкен жок. Негизи бүт жыйындар ачык түрүндө өтөт.

Бул жолу дагы массалык маалымат каражаттарына кабар жөнөтөбүз. Азыр деле элдер "байкоочу катары келет элек" деп чалып жатат.

Буюрса, жыйын УТРКда өтөт болуш керек. Ачык түрдө өтөт.

Эгерде байкоочу катары келип катышам, сунушум бар дегендерге антүүгө жол берилет.

- Ошондой эле бир катар талапкерлер Байкоочулар кеңешинин курамын кайра түзүү талабы менен чыгышты. Буга сиздин пикириңиз кандай?

- Эми Байкоочу кеңеш мүчөлөрү президенттик декрет жана коомдук телерадио жөнүндө жобо боюнча иштеп жатабыз. Мунун баары мыйзам түрүндө.

Байкоочу кеңеш да шайланганда президенттин жардыгы менен бекитилген. Мисалы, Жогорку Кеңеш жаңы мыйзам кабыл алып, ага ылайык жаңы Байкоочу кеңеш шайланат десе, биз ага каршы эмеспиз.

Бирок эң негизгиси - бул жерде УТРКнын Коомдук сыналгы жана үналгы компания кылып реформалоо керек.

Эгерде жаңы Байкоочу кеңеш шайланса, жакшы иштеп кетсе, биз ага каршы болбойбуз. Биз жардам беребиз.

Бирок азыркы Байкоочулар кеңеши «тарасын, кетсин!» деген курулай талап, менин оюмча, туура эмес. Анткени баары мыйзам түрүндө өтүшү керек.

- Маегиңиз үчүн рахмат!
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG