Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:30

Улуу Памирдеги бактылуу балалык


Улуу Памирдеги бактылуу балалык
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:02 0:00
Түркиянын эң чыгыш кыйырында тоо койнундагы кыргыз айылда толук эмес орто мектепте 350гө чакты бала окуйт. Билим берүү түрк тилинде, мугалимдери да дээрлик баары түрктөр.

Айрымдарынын ата-энелери Ооганстандын Кичи Памилинен (ооган кыргыздары Памирди Памил дешет), жашыраактары Түркияда туулган бул балдар - Түркиянын экинчи муундагы жарандары.

Памилдин катаал турмушуна бышкан, сабатсыз, Пакистанда качкын турмуштун каатчылыгын көргөн ооган кыргыздарынын бүгүнкү урпактары жаркыраган мектепте окушат. Китеп менен окуу куралдан кемчилик жок, мугалимдери жогорку билимдүү жаш кадрлар.

Бир гана жери бул балдардын көчмөн чоң ата, чоң энелери эне тилинен тышкары фарси, пуштун, урду өңдөнгөн бир нече тилди билсе, бул балдар бир гана "улуу" түрк тилин сүйлөп чоңоюшууда.

Мектеп завучу болсо Кыргызстан мугалим жиберсе, кыргыз тилин окуу программага киргизсе болоорун айтты. Кыргыз өкмөтү Улуу Памирге жиберилген мугалимге 1200 доллар айлык төлөп бере алабы?

XS
SM
MD
LG