Анда сотту алып баруунун тартиби жана сотко күбө катары чакырыла турган адамдардын тизмесин аныктоо сыяктуу адвокаттардын өтүнүчтөрү каралды.
Ошондой эле адвокаттардын иштин материалдары менен толук таанышып бүтпөй калгандыгын жүйө келтирген өтүнүчү канааттандырылып, иш менен толук таанышып чыгууга аларга үч күн убакыт берилди.
Сотто тил маселеси көтөрүлдү
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши күчөтүлгөн коопсуздук чараларынын алкагында карала баштады. Саясатчылар беткапчан күзөтчүлөрдүн коштоосунда сотко алып келинди.
Судья Айбек Эрнис уулу кылмыш ишинин материалдары орусча болгондуктан сот жараяны мына ошол тилде баштала турганын билдирди. Бирок Өмүрбек Текебаев соттун кыргыз тилинде өткөрүлүшүн талап кылды:
- Мен Өмүрбек Текебаев, Кыргыз Республикасынын жараны болуп туруп, эмне үчүн өзүмдүн сотум менен орусча сүйлөшүшүм керек? Эмне үчүн котормочу аркылуу сүйлөшүшүм зарыл? Сиз азыр жараяндын орус тилинде гана алып барыла турганын жана ансыз болбой турганын далилдеп туруп анан сотту баштасаңыз болот эле. Бул жерде баарыңар орусча сүйлөшүп жатасыңар. Котормочу керекпи же жокпу деп бул жерде отургандардан дагы сураганыңар жок. Конституцияны дагы караган жоксуңар. Эгерде сиз, урматтуу судья, кыргыз тилинде сүйлөсөңүз, мага котормочунун кереги жок. Сиз өз элиңиз менен котормочу аркылуу сүйлөшүп калгансызбы?
Мына ошондон соң судья сотту ачык өткөрүү жана аны кыргыз, орус тилдеринде бирдей алып барууну камсыздоо чечимине келгенин жарыялады.
Ошол эле кезде Өмүрбек Текебаев айыптоо корутундусун эки тилде алганын, бирок экөөнүн ортосунда чоң айырмачылык бар экенин белгиледи. Текебаев сот анын кайсы тилдегисин негиз катары карап, иш алып барарына кызыкты:
- Урматтуу сот, айтсаңыз, биз азыр кайсы тилдеги айыптоо корутундусуна таянып иш алып барабыз? Кыргызчасынабы же орусчасынабы? Азыр кыргыз жана орус тексттеринде айырмачылык болуп калса, кыргыз тилиндегиси үстөмдүк кылат деген маселени чечтик. Айыптоо корутундусу боюнча кайсы текстке таянабыз? Анткени мен расмий айыптоо кортундусун кыргызча алдым. Бирок эки тексттин ортосунда өтө чоң айырмачылыктар бар экенин белгилеп коюшум керек. Мына ошол суроого жооп берип койсоңуз.
Анткен менен ишти караган судья Айбек Эрнис уулу азырынча сотту алып баруунун тартиби боюнча гана маселе каралып жатканын айтып, айтылган жагдай тууралуу соттолуучу кийин ага өтүнүч келтирүүгө болорун айтты.
Ошондой эле судья Айбек Эрнис уулу сотко төрагалык кылуучуга ашкере суроо берүүгө болбой турганын эскертти:
- Бул жерде сотко төрагалык кылуучу менмин. Сиздин сотко суроо берүүгө укугуңуз жок. Мен азыр соттук териштирүү жүргүзүп жаткандан кийин мага баш ийип туруңуз. Сиз мага суроо бербей эле коюңуз. Бул жерде мен сизден айыптоо корутундусун алдыңызбы деп эле сурап жатам. Анан эми алардын ортосундагы айырмачылыктар тууралуу маселени соттук териштирүү учурунда кийин маселе көтөрүп, салыштыруу боюнча өтүнүч келтирсеңиз болот.
Президентти күбөлүккө тартуу аракети
Мына ошондон кийин адвокаттар сунуштаган отуздан ашуун күбөнүн тизмесин бекитүү өтүнүчү каралды. Ал тизмеде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн толук курамы, конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү жана башка бир топ саясатчылар бар. Анткени адвокаттар ошол кезде "Мегакомдун" ишин көзөмөлдөө укугу Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөсүндө болгонун аныктоо маанилүү маселе экенин белгилешти. Ошондуктан адвокат Канат Хасанов азыркы президентти дагы сотко күбө катары чакырууну өтүндү:
- Бул ишти толугу менен карап чыгуу зарыл десек, анда кошумча күбөлөрдүн арасында дагы бир фамилия жетишпей тургансыйт. Анткени бул ишти толук изилдеп, карап чыгышыбыз керек да. Ошондуктан мен адвокат катары Алмазбек Атамбаевди кошумча күбө катары сотко чакыртууну талап кылат элем. Мына ушул өтүнүчтү канааттандырып берүүңүздү суранам.
Бирок судья муну ишти кароонун жүрүшүндө чечерин айтып, президентти күбөлүккө тартуу боюнча өтүнүчтү кароону ачык калтырды.
Иш менен таанышуунун таңкыстыгы
Ошол эле кезде адвокаттар тергөө бүткөндөн кийин кылмыш ишинин материалдары менен таанышып чыгууга толук мүмкүнчүлүк берилбегенин жүйө келтиришти. Мына ошондуктан Чотоновдун адвокаты Бакыт Жумашев бузулган укукту калыбына келтирүү өтүнүчүн келтирди:
- Бул маселе боюнча биздин даттануубузду Башкы прокуратура жоопсуз калтырды. Ошону менен биздин жана биздин коргоодогу Чотоновдун укуктары одоно бузулду деп эсептейм. Биздин ошол укугубузду калыбына келтирүү үчүн иштин материалдары менен толук таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк берүүнү сизден суранабыз.
Бирок мамлекеттик айыптоочу тарап тергөөдөн кийин аларга иш менен таанышып чыгууга кеңири мүмкүнчүлүк берилгенин белгиледи. Анын айтымында, соттолуучулар жана алардын адвокаттары ал мүмкүнчүлүктөн өз убагында пайдаланбай коюшкан. Мамлекеттик айыптоочу Медербек Абдышев бул жагдай туурасында буларга токтолду:
- Эгерде айыпталуучу жана анын жактоочусу иш менен таанышууда убакытты атайылап создуктурса, анда тергөөчү өзүнүн токтому менен убакытты чектөө укугу бар. Бул жерде дагы мына ошондой болгон. Ошол үчүн тергөөчү убакыт чектеп, ошонун негизинде мөөнөт коюлган эле. Бирок биз дагы да болсо, мына ушул айтылган өтүнүчтөрдү эске алып, чектөө мөөнөтү менен иштин материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүү маселесин колдойбуз.
Ошентип сот адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырып, иш менен таанышып чыгууга үч күн берди. Ошондон соң сот жараяны 8-июнда кайрадан улантыла турганы жарыяланды. Мындан сырткары судья Айбек Эрнис уулу кийинки соттук жыйындарды видео аркылуу чагылдырууга тыюу салган чечим кабыл алды.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов быйыл февраль айынын аягында орус ишкеринен "Мегакомду" көзөмөлдөө үчүн 1 миллион доллар пара алган деген айыптоо боюнча кармалып, камакка алынышкан болчу. Алардын тарапкерлери муну саясий куугунтук катары кабыл алышкан эле.