Казакстандын өкүлчүлүгү кыргыз тараптын соода эрежелери бузулганы тууралуу дооматтарын таануудан баш тартты. Буга чейин Казакстан тарап да Кыргызстанга доомат коюп, бул уюмга даттанганы белгилүү. Казак тарап менен бир пикирге келе албагандыктан, Кыргызстандын өкүлчүлүгү бул маселени уюмдун талаштарды жөнгө салуу боюнча органына кароого жөнөтө турганын жарыялады.
Эл аралык деңгээлге чыккан талаш
Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) башкы кеңешинде Казакстандын соода чектөөлөрү менен транзиттик жүк алып өтүүгө тоскоолдуктар боюнча Кыргызстандын дооматы каралды. Уюмдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Данияр Мукашев Казакстан эл аралык соода эрежелеринин талаптарын бузган учурлар тууралуу баяндама жасады. Анда ал 2019-жылдын март айынан бери Кыргызстандан үчүнчү өлкөгө бараткан жүктөр негизсиз токтотулуп, текшерилип жатканын белгилеген.
Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев тараптар алган милдеттенмелерин так аткарбаганы бирине бири доомат коюуга негиз бергенин белгиледи:
«"Биздин бажыдагы үлүшүбүздү көбөйтүп бергиле" деп дайыма айтып келе жатпайбызбы. Бирок биз өзүбүз аткезчилик менен жакшы күрөшпөсөк, анан аны кантип талап кыла алабыз? Ошондуктан бизге карата нааразылык чыгып жатат. Ошол эле кезде биз өзүбүзгө алган милдеттенмелерди так аткарышыбыз зарыл. Биздин президент бул маселени чечиш үчүн тышкы чек араларда үч тараптуу бажы көзөмөлүн киргизүү боюнча демилге көтөрдү. Ага ылайык, Казакстан менен Орусия бизди текшерсин. Ал эми биз ал өнөктөштөрдүн аймагын текшерели. Ошондо кайсы жактан аткезчилик же каттоого алынбаган товарлар агымы көп кетип жатканы анык болот. Бирок бул маселе ЕАЭБ уюмунда каралбай калбадыбы. Анткени ошол эле Казакстандагы "Хоргос" бажы өткөрмөсү аркылуу кирип жаткан аткезчилик товарлардын агымы аныкталып калышы мүмкүн».
Эки тараптын тарткан чыгымдары
Кыргызстандын өкүлү Данияр Мукашев Казакстан киргизген чектөөлөрдүн айынан Кыргызстандын экспорту 2019-жылы 24,4% азайганын айтып, коңшу мамлекет ДСУнун эрежелерин бузган конкреттүү ченемдерди мисал келтирген.
Данияр Мукашев Кыргызстан 2017-жылы да ушундай чектөөлөргө дуушар болгонун эске салды. Ал Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) эсеби менен анда кыргыз экономикасы 200 млн. доллардан ашуун зыянга учураганын мисал келтирди. Казак тарап өз кезегинде аны аткезчиликти ооздуктоо чарасы менен түшүндүргөн.
Ал эми Казакстан бул жолу да жогоруда сөз болгон дооматка макул эмес экенин билдирип, аны четке какты. Казак тарап транзиттик жүктүн көбү Кыргызстандан аткезчилик жол менен өтүп, салыктар төлөнбөй, казына зыянга учураганын жүйө келтирген. Казакстандын бул уюмдагы өкүлү Жанар Айтжанова 2019-жылы жалган даректерге товар жөнөтүлгөн 2600 факты катталып, транзиттик жүк Казакстандын аймагында калып, салык алынбай сатылган 4800 учур аныкталганын билдирген. Ошондуктан ал Кыргызстанды өзүнө алган милдеттенмелерин так сактоого чакырды. Казакстан былтыр жаздан баштап чек арадан кирген жүк ташуучу автоунааларга пломба коюп, товарлардын документтерин текшере баштаган.
Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Олжас Отар казак өкмөтү муну менен өз кызыкчылыгын коргоп жатканын билдирген болчу:
Алардын документтеринде жүктү Казакстан аркылуу Орусияга ташып жеткирүү жагы көрсөтүлгөн. Бирок ал товарлар Казакстандын аймагында сатылган.
«Мисалы, соңку үч айдын ичинде 601 мыйзам бузулган факты аныкталды. Алардын документтеринде жүктү Казакстан аркылуу Орусияга ташып жеткирүү жагы көрсөтүлгөн. Бирок ал товарлар Казакстандын аймагында сатылган. Жалпы баасы 5 млрд. теңгеге барабар бул соода жүгүртүүдөн 600 млн. теңгеге жакын салык алынышы керек эле. Мына ушундай көрүнүштөргө жол бербөө максатында бизде транзит менен өтүп бараткан оор жүк ташуучу автоунааларга электрондук пломбалар коюлуп жатат. Анткени жол документтери боюнча Орусияга жүк тартып баратканы көрсөтүлгөн жүктөрдүн көпчүлүгү Казакстандын шаарларында калып, ал жактагы базарларда сатылып жаткан учурлар катталган. Ошол электрондук пломбалар аркылуу жандоочтон жүк ташуучу автоунаалардын каякка баратканы байкоого алынып, алардын товарлары Казакстандын аймагында калганы аныкталганда тиешелүү чара көрүлүп, жүк артка кайтарылат».
Ким утуп, ким утулду?
Ал эми мурдагы финансы министри, депутат Акылбек Жапаров Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирип, экспорт көбөйгөндүн ордуна, тескерисинче импорттун көлөмү арбыганын белгиледи. Буга депутат атамекендик өндүрүштүн атаандаштыкка туруштук бере албай, ЕАЭБ аймагынан, айрыкча Казакстандан каттоого алынбай Кыргызстанга киргизилген товарлардын агымы күчөгөнүн мисал келтирди. Акылбек Жапаров бажы көзөмөлү жоюлганы менен кошумча нарк салыгын чогултууда казына ири каражаттарды жоготуп жатканын белгиледи:
«ЕАЭБдин ичинде бажы чек арасы болбогондуктан биздин аймакка товарлар эркин кирип жатат. Ошол эле кезде биз салыктын үч түрүн - кошумча нарк салыгын, сатыктан түшкөн салыкты жана акциздик салыкты чогултууда даярдыгыбыз начар экени көрүнүп калды. Анткени товарлар биздин аймакка келатканда эле аны көзөмөлгө албай калып, 2017-жылдын эсеби боюнча эле 20 млрд. сомдон ашуун кошумча нарк салыгын түшүрө албай калдык. Эгерде бизде фискалдаштыруу алдын-ала даяр болуп, электрондук эсеп-чот болгондо салыкты биздин аймакка киргенге чейин эле алдын-ала төлөтө турган тутумду иштеп чыгып койсок болмок. Ушул тутумду ишке киргизип койгондо эле Орусия менен Казакстандан кирчү товарлардан алынчу салыктан эле жылына 30-40 млрд. сом чогултат элек. Биз ошону жакшы өздөштүрө албай, алына турган пайдадан куру калып жатабыз».
Буга чейин Кыргызстан кыргыз-казак чек арасындагы чектөөлөргө байланыштуу андагы кезек күткөн оор жүк ташуучуу автоунаалардын тыгыны 10 чакырымга чейин созулуп, кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр зыянга учураганы кырдаал боюнча кыргыз өкмөтү Евразия экономикалык комиссиясына билдирүү жиберген. Бирок бул уюмдун аны жөнгө салуу укугу болбогондуктан кыргыз тараптын өтүнүчү кароосуз калган.
Бул ирет Дүйнөлүк соода уюмунун башкы кеңешинде Казакстан тарап коюлган дооматарды четке каккандыктан Кыргызстандын өкүлчүлүгү маселени уюмдун талаштарды жөнгө салуучу органында көтөрөрүн жарыялады. Буга удаалаш эле казак тарап да Кыргызстанга доомат коюп, аталган уюмга даттанган болчу.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.