ЖМКда жарыяланган маалыматтарды изилдеп отуруп, чет элдик туристтерге белгисиз адамдар карактоо же уурулук максатында кол салган учурлар болорун көрдүк.
Мындай окуяларга милиция кызматкерлери өздөрү же жалган милиционерлер аралашкан фактылар да катталган.
Материал жарыяланып жаткан кезде Ички иштер министрлигинен туристтерге кол салуу тууралуу сурообузга жооп алууга мүмкүн болгон жок. Эгер маалымат берсе, “Азаттык” ИИМдин жообун жарыялоого даяр.
"Туристтер Кыргызстанда өздөрүн канчалык коопсуз сезет?", "Тажикстандагы кол салуудан улам велосипедчен төрт турист каза тапкан окуядан кийин алар өз маршруттарын өзгөртпөйбү?" деген суроолорго жооп издеп көрдүк.
Велосипедчен туристтер
Бишкектин чок ортосундагы хостелге барганыбызда Словакиядан келгенине үч-төрт күн болгон Петра Храбкова велосипед менен саякаттоого зарыл болгон бардык каражаттарын жүктөп, жолго аттанууга камынып жатыптыр:
- Мына бул идишке тамак бышырат, кичинекей газ баллону да бар, ага бекитип туруп, өзүмө жеткидей ысык тамак жасайм. Бул болсо уктай турган мүшөгүм, бул чатырым, бул чөнтөкчөлөрдө велосипедимди оңдой турган каражаттар, батареялар, курсагым ачса жегидей кургак азыктар бар.
Жарым сааттан ашуун даярдык көргөндөн кийин Петра бул күнү сапарга жалгыз чыкты. Бишкектен тапкан австралиялык досу Тай ооруп калыптыр. Жалгыз болсо да көчөдөгү машиненин көптүгүнө карабай, ылдамдыкты азайткан жок:
- Азия континентинен мен Таиландды, Индияны, Индонезияны велосипед менен кыдырдым. Билбейм, эмнегедир мен өзүмдү бардык өлкөдө коопсуз сезем. Көп чочулабайм. Туристтер көп барган жактарга айдайм. Негизи эле кырсык болгусу келсе өлкө тандабайт эмеспи. Жеке коопсуздугума да, албетте, кам көрүп, кечкисин жалгыз баспайм, тар, караңгы көчөлөрдү айланып өтөм. Кийген кийимиме деле көп асылышпайт. Бирок барган өлкөдөгү аялдардын кийимин карап, эгер алардын басымдуусу денесин жаап жүрсө, мен да жабык кийинем.
Петра Тажикстанда төрт чет элдик турист кол салууга кабылып, каза болгонун уккандан кийин да саякаттоо тууралуу чечиминен баш тарткан эмес. Ал мындай жагымсыз окуя Европанын чок ортосунда деле болушу ыктымал деген ойдо:
- Ооба, Тажикстандагы жагымсыз кабарды уктум. Бирок бул менин саякатыма тоскоол боло албайт. Себеби мындай окуя дүйнөнүн бардык өлкөсүндө болушу ыктымал. Бишкекке келерим менен дароо эле тоолорго суктанып, Ала-Арча капчыгайына бет алдым. Тоолорду аябай жакшы көрөм. Архитектурага да аябай кызыгам. Бишкектеги парктар, андагы кооз гүлдөр, ар түрдүү айкелдер, фонтандар жакты. Ош базарын аябай жактырдым. Менин тынчымды алган нерсе - кайсы өлкөдө жүрбөйүн - машине жана мотоцикл айдагандар. Алар кээде бир топ опурталдуу жагдайларды жаратышат. Менин медициналык, туристтик камсыздамам бар. Саламаттыгыма болушунча кам көрөм. Болгон дары-дармегим жанымда, эмдөөлөрдүн баарынан өткөм. Ошентсе да көчөдөгү жолбун иттерден аябай корком.
"Жибек жолундагы тоолордо велосипед менен саякаттоо" аттуу турду Петра социалдык медиа аркылуу тапкан. Токсонго чукул велосипедчен адамдардын башын бириктирген бул иш-чараны биринчи ирет Кыргызстанда Британиянын жараны Нельсон Трис уюштурду:
- Атайын тоого велосипед тепкиси келген кесипкөйлөр үчүн уюштурдук. Кыргызстандын тоолорунда 1700 чакырым жолду бирөөнүн жардамысыз велосипед менен жүрүшөт. 18-августка чейин дүйнөнүн чар тарабынан 95 велосипедчи келет. Алардын коопсуздугун GPS жабдуулар менен камсыз кылабыз. Бардык маршруту тууралуу жандооч аркылуу кабар алып турабыз. Эгер алардын башына мүшкүл түшсө ошол GPS жабдуусундагы "Жардам" нукуурун басары менен дароо Европага чейин сигнал кетет. Уюштуруучу катары биз дароо аларга жардамга барабыз. Буга кошумча жабдууда Европадагы тез жардамдын номуру бар. Тоонун башында чөнтөк телефон тартпайт эмеспи. GPS бардык жактан сигнал берет.
Нельсон велосипеди менен Европаны түрө кыдырган. Индия, Пакистан сыяктуу өлкөлөргө да эки дөңгөлөк менен барган. Ал Тажикстандагы кандуу окуя аны кабатыр кылса да саякаттан баш тартууга себеп болбостугун айтты:
- Эми азыр дүйнө ушундай болуп калбадыбы, мен Парижде да жашагам. Чындыгында андай окуялар бул жакка салыштырмалуу Парижде көбүрөөк болуп турчу. Менимче, бул сейрек кездешүүчү нерсе. Жеке өзүм буга чейин эмне кылып келсем, дагы эле ошол ишимди уланта берем. Тажикстанга да барам. Буга чейин да барган элем. Кырсыктын айынан жашоомду өзгөртмөк белем? Кыргызстанга эки жылдан бери келип-кетип эле жүрөм. Өлкө аябай тынч, өзүмдү коопсуз сезем.
Терс окуялар туризмге кесепетин тийгизет
Тажикстанда велосипедчен төрт туристти машине сүзүп, андан кийин бычакталышы саякатчылардын коопсуздугу боюнча маселени козгоду. Адатта Борбор Азия мамлекеттерине келген велосипедчен туристтер аймактагы бир канча өлкөнү катары менен кыдырат. Тажикстанда каза тапкан саякатчылардын экөө - америкалык Жей Остин менен Лорен Геогеган буга чейин Кыргызстанда да болгон экен.
Кыргызстандын Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангуловдун пикиринде, Борбор Азияны чет элдик туристтер бир аймак катары карагандыктан, мындай окуялар жалпы туризмге терс таасирин тийгизет.
- Тажикстандагы окуянын бардык Борбор Азияга кесепети тийиши ыктымал. Анткени туристтер бир аймак катары карап, ушул беш-алты өлкөнү катары менен кыдырышат. Ошондуктан бир мамлекетте болгон окуя беш-алты өлкөгө таасирин тийгизиши мүмкүн.
Азамат Жамангулов алыскы өлкөдөн келгендер кызыккан туризмдин түрлөрүн айтып берди:
- Азыркы учурда велосипед менен келген туристтер абдан көп дегенден алысмын. Бирок акыркы жылдары көбөйө баштады. Булар Европа мамлекеттеринен келген саякатчылар. Туристтер биздин тоолорду атчан, автоунаа менен да кыдырышат.
Жамангуловдун маалыматы боюнча, Кыргызстанда велосипедчен туристтерге кол салуу сыяктуу окуялар жокко эсе.
Туризмдин экономикага кошкон салымы
Саякаттын арзан түрлөрүнө кызыккандар көп болуп жаткандыктан, чет элдиктердин келгенинен киреше кошулбай жатса керек. Мисалы, 2017-жылы өлкөнүн туризмден тапкан кирешеси 418 млн. доллар болгон, бул жылы Кыргызстанга 4,5 млн. турист келген. Бул сумма 2012-жылдагыга караганда 8 млн. долларга гана көп. Ал жылы Кыргызстанга 3,3 млн. турист келсе, киреше 410 млн. болгон.
2016-жылы туристтердин саны 3,8 млн. киши (кирешеси 415 млн. доллар) болгон жана бул жылы Кыргызстанда Ⅱ Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөн.
2015-жылы Кыргзстанга келген саякатчылардын саны 4 млн. кишини (кирешеси 410 млн. долларды) түзгөн.
Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөргөн биринчи жылы – 2014-жылы 3,7 млн. турист (кирешеси 408 млн. доллар) келген.
Туристтерди кабыл алуудагы кирешенин эң жогорку көрсөткүчү 2013-жылы болуп, анда туристтик кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 513 млн болгон.
Туризмдин ИДӨдөгү үлүшү 5 пайыздан ашпайт.
Кыргызстанга келген туристтердин 70% КМШдан (Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана башка өлкөлөр) келгендер, алардын көбү Ысык-Көлгө барышат. Ал эми саякатчылардын 30 пайызын Түркия, Кытай, Индия, АКШ, Түштүк Корея, Германия, Франция, Грузия, Улуу Британия, Сауд Арабиясы жана башка мамлекеттен келгендер түзөт.
Кыргызстанда жаратылыш таза, баалар арзан
Азыркы убакта Кыргызстанда жөө баскан туристтер да көбөйдү. Алардын айрымдары 20 кишилик чоң машинелер менен Борбор Азияны түрө кыдырып, такыр жерге чатыр тигип, жашап саякаттоонун эң арзан жолун тандашууда.
"Ала-Арча" мамлекеттик коругунан ушундай жөө жүргөн жаңы зеландиялык 65 жаштагы Сюзейн Кемплге жолуктук.
- Биздин саякат балким төрт айга чейин созулушу ыктымал, - дейт ал. - Кичинекей кезимен эле ушул аймакты кыдырганды кыялданчумун. Жолдошум Интернеттен турларды издеп отуруп, эң арзаны дал ушул беш "стан" өлкөсүн кыдырчу чоң машинени тапты. Эгерде өз алдынча саякаттасаң өтө кымбатка айланып калат, дээрлик мүмкүн эмес. Буга кошумча туристтик инфраструктурасы жакшы өнүгө эле өлкөлөргө баргыбыз келди. Себеби, бул жакта жаратылыш таза, баалар арзан, массалык туризм жок. Мындай сапарларда күтүлбөгөн жерлерге да барат экенсиң. Мисалы, кечээ биз Тамгадагы петроглифтердин жанында түнөдүк. Коопсуздук жактан таптакыр кам санаган жокмун. Себеби биз түшкөн чоң машиненин эшик-терезеси кокус бирөө кол салса дароо бекийт экен. Кыргызстан Жаңы Зеландияга жаратылышы менен окшошуп кетет. Тоолору, таза абасы, тунук дарыялары абдан сонун. Жолдошум экөөбүз жөө басып, аралагандан ырахат алуудабыз. Жаңы Зеландиянын калкы бай эмес. Ошентсе да кызыктуу жашоону издейбиз. Жолдошум Жон экөөбүз ушул саякат үчүн аябай көп иштеп, акча топтодук. Былтыр миң чакырым жөө бастык эле. Быйыл 500 чакырым бассакпы деп даярдандык. Жөө басканда да саякат бир топ арзандап, чыгымдарыбыз жарымына түшсө да капчыкка бир топ эле зыян болот.
Петра, Нельсон, Сюзейн Кыргызстандын арзан тамак-ашына, күлүмсүрөгөн меймандос элине, кооз жаратылышына кызыгышканын, жаңы таасирлер үчүн дагы кайтып келишерин бир ооздон айтышты.