Алдыда сыноолор ийгиликтүү аяктаса, Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу Кытайдын интернетин сатып алуу боюнча келишимге кол коймокчу. Бирок телекоммуникация жаатында адистер кытай интернетинин аты гана болбосо, колдонууга келгенде Кыргызстан үчүн ыңгайсыз экенин айтышууда.
Иш ордунан жылганда...
Өткөн жайда Казакстан күтүүсүздөн интернеттин баасын үч эсе көбөйткөндөн кийин Кыргызстан дүйнөлүк желени сатып алуу үчүн альтернативдүү булактарды издей баштады. Натыйжада буга чейин көңүл сыртында калып келген Кытайдын интернетинин актуалдуулугу жаралып, кыргыз өкмөтү өткөн жылдын аягынан тарта сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган.
Интернет начарласа иш аксайт
Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, учурда Кыргызстан кытай интернетин сатып алуу боюнча бардык аянтчаны түздү. Алдыда провайдерлер келишим түзүп, Кытайдан интернетти алып, тарката берсе болот.
- Кытайдын өкүлчүлүктөрү Кыргызстанга келип, биз менен жолугуп кетишти. Техникалык жактан Кыргызстан толук даяр, керектүү шаймандардын бардыгы туташтырылды. Ал эми баа саясатына биздин кийлигишкенге акыбыз жок, ошондуктан провайдерлер өздөрү баасын бычып, сүйлөшүүсү керек.
Кыргызстанда эң ири интернет провайдер бул “Кыргызтелеком”. Бирок ишкана азырынча Кытайдан интернетти алып келүүгө шашкан жок. Ошентсе да Кытайдын China Telecom компаниясы менен меморандумга кол коюлуп, учурда Кыргызстанда 1 гигабит кытайдын интернети сыноодон өтүп жатат.
“Кыргызтелекомдун” директорлор кеңешинин төрагасы Бекзат Үсөнкановдун билдиришинче, кытай интернетинин баасы Казакстанга караганда төмөн болмокчу. Ошондой эле China Telecom компаниясынын интернети Казакстандыкы менен тең катар иштей берет.
- Кытай интернетинин баасы бир нече факторго көз каранды болот. Эгерде биз көбүрөөк көлөмдө интернет сатып алабыз деп келишимге кол койсок, албетте баасы дагы арзандайт. Бирок кандай болгон учурда дагы казак интернетине караганда арзан болот. Тажрыйба көрсөткөндөй Кыргызстан жалгыз бир өлкөдөн сатып албастан, альтернатива дагы болушу керек. Себеби бир жак үзгүлтүккө учуруганда, экинчи өлкөнүн интернети менен колдоно бергендей болушу керек.
Кытай интернети сапатсызбы?
Анткени менен Кытай интернетинин аты гана бар болсо, заты көңүл жубатпай турганын айткандар четтен табылат.
Кытай интернетинде тескерисинче орус сайттары аябай кеч ачылат. Биз орус сайттарына Кытай аркылуу кирип калабыз. Башкача айтканда, бул сол колубуз менен оң кулагыбызды чукуганга эле барабар болуп калат.Азамат Аттокуров
Телекоммуникация жаатындагы эксперт Азамат Аттокуров кытай интернетинин стандарттары кыргыз колдонуучуларын түйшүккө саларын айтууда. Анткени кытай желеси көбүнесе дүйнөлүк сайттарга бурулса, ал эми кыргызстандык колдонуучулардын 80 пайызы маалыматты Орусияга таандык ru. аймагынан алышат.
- Кыргызстан ru. зонага киргендиктен бизде Одноклассники, mail.ru, Википедия жана башка маалыматтардын бардыгы Орусиянын сайттарынан алынат. Ага ылайык бизде бул сайттар өтө тез ачылып, көп жүктөлбөйт. Кытай интернетинде тескерисинче орус сайттары аябай кеч ачылат. Биз орус сайттарына Кытай аркылуу кирип калабыз. Башкача айтканда, бул сол колубуз менен оң кулагыбызды чукуганга эле барабар болуп калат.
Ал эми "Кыргызтелекомдун" мурдагы вице-президенти Акыл Түгөлбаев Кытай интернетин алып келүүдө жарандар үчүн ыңгайсыздыктар жаралбасына ишенет. Бирок колдонууга келгенде айрым мүчүлүштүктөр келип чыгаарын да танбайт.
Казакстан интернет соодасынан салык алат
Казакстан интернет соодасынан салык алат
Казакстанда дал ушундай жол менен соода кылган ишкерлер каттоого туруп, мамлекетке салык төлөөгө милдеттендирилди.
- Азыр Кытай интернети тесттик режимде иштеп жатканда катачылыктар көп билинбеши мүмкүн. Бирок жалпы колдонууга келгенде кээ бир сайттардын ачылбай калуу тобокелдиги бар. Себеби биздин колдонуучулар ачып, колдонуп жүргөн сайттар учурдагы тестке кирбей калышы мүмкүн. Кийин интернет колдонуучулардан керектүү сайттар ачылбай жатат деген негизде арыз-дооматтар келши мүмкүн. Ошондуктан Кытай интернетине иш жүзүндө колдонуп баштаганда гана баа берилет деп ойлойм.
Өткөн жылдын август айында Казакстандагы интернет провайдерлер Кыргызстанга сатылуучу интернеттин баасын жогорулаткан. Алар муну Орусиядан алынып жаткан баалардын кымбатташына байланыштырган эле. Бирок ЕАЭБдин антимонополия башкармалыгы Орусия тараптан баалар көтөрүлбөгөнүн аныктап чыккан.
Андан соң “Кыргызтелеком” ишканасынын мурунку жетекчиси Эмил Ешеналиев казакстандык эки интернет провайдер менен бир жылдык мөөнөткө келишим түзүп, интернеттин 1 мегабитин 30 доллардан сатып алууга макулдук бергенин Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия аныктаган. Көп өтпөй, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Ешеналиев кызматтан алынган.
10-январда “Кыргызтелеком” Казакстандан келүүчү интернеттин 1 мегабит баасы 13 долларга чейин арзандаганын кабарлап, эски баасынан да төмөн баа менен келе баштагынын билдирди.