Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Текебаев менен Жапаровдун соту жылды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соту 3-майда, «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун соту 30-апрелде өтө турган болду.

12:05 23.4.2019

12:11 23.4.2019

Төрөхан Жунусбеков: Алмаз Атамбаевдин туура эмес саясаты үчүн Жапаров, Чотонов, Текебаев кармалган. Бүгүн акыйкаттыкты орното турган акыркы чегине жетти. Эгер акыйкаттык болбосо, анда Атамбаевден калган ботконун баары Жээнбековдун бетине шыбалат. Ошондуктан, бүгүн соттор Текебаевди актап бере турган болсо, Жапаровду да жаңы жагдайлар менен карап, актап бериши керек. Тандалма саясат жүргүзбөгүлө.

12:14 23.4.2019

Улан Турдалиев: Кыргыз эли 27 жылдын аралыгында чайпалып, чалынып, бирок төгүлбөй келатабыз. Мына ушул аралыкта Текебаев, Жапаровдой көсөмдөрүбүз бар экен. Бүгүн адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты камап койгон бийликке каршы чыгып, бакубат, күчтүү мамлекетти кура алабыз. Бул күндөр да өтөт. Чыныгы акыйкат соттор келет. Украинадагыдай болуу үчүн лидерлерибиз үлгү болушу керек. Колдоп алышыбыз керек аларды.

12:16 23.4.2019

Турсунбек Акун: Мен үч патриот адам жөнүндө айтайын дедим. Текебаев принциптен тайбай келатат. Атамбаевдин бийлиги учурунда Дача Су маселесин биринчи болуп коркпой айтты. Акыры чыгарына, тазалыгына мен ишенем. Дүйшөнкул Чотонов Аксы окуясында талаада жүрдү, митингде жүрдү. Ушул замандын келишине анын салымы чоң. Атамбаевдин бийлиги патриот жигиттерге кол салды. Эгер алар болбосо, Атамбаев бийликке келмек эмес. Өзү жакында ошолордун катарында отурат деген оюм бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG