Турсунбек Акун: Мен үч патриот адам жөнүндө айтайын дедим. Текебаев принциптен тайбай келатат. Атамбаевдин бийлиги учурунда Дача Су маселесин биринчи болуп коркпой айтты. Акыры чыгарына, тазалыгына мен ишенем. Дүйшөнкул Чотонов Аксы окуясында талаада жүрдү, митингде жүрдү. Ушул замандын келишине анын салымы чоң. Атамбаевдин бийлиги патриот жигиттерге кол салды. Эгер алар болбосо, Атамбаев бийликке келмек эмес. Өзү жакында ошолордун катарында отурат деген оюм бар.
Улан Турдалиев: Кыргыз эли 27 жылдын аралыгында чайпалып, чалынып, бирок төгүлбөй келатабыз. Мына ушул аралыкта Текебаев, Жапаровдой көсөмдөрүбүз бар экен. Бүгүн адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты камап койгон бийликке каршы чыгып, бакубат, күчтүү мамлекетти кура алабыз. Бул күндөр да өтөт. Чыныгы акыйкат соттор келет. Украинадагыдай болуу үчүн лидерлерибиз үлгү болушу керек. Колдоп алышыбыз керек аларды.