Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Текебаев менен Жапаровдун соту жылды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соту 3-майда, «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун соту 30-апрелде өтө турган болду.

10:47 23.4.2019

«Ата Мекен» партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кызыл кол чатыр кармаган тарапкерлери Жогорку соттун алдында өтүп жаткан Текебаевди жана Жапаровду колдоо митингине келип кошулду.

Алар Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов бир кишинин буйругу менен камакка алынганы үчүн бошотулушу керектигин айтышууда.

Эски аянтта экс-депутат Садыр Жапаровдун 300-400дөй тарапкерлери аны абактан бошотууну талап кылып жатышкан. Митингди уюштуруучулары чогулгандардын саны жалпы миңден ашканын билдирип жатышат.

10:36 23.4.2019

​Экс-депутат Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылды. Мындай чечимди Жогорку соттун соттук коллегиясы өздөрүнө карата адвокаттар ишеним көрсөтпөгөндөн кийин кабыл алды.

Алар ишти башка судья алгандан кийин аны изилдөөгө убакыт керек боло турганын айтты.

Отурумдун башталышында саясатчынын адвокаты Шарабадин Токтосунов соттун курамына, төрагалык кылган судьяга ишеним көрсөткөн эмес. Мурдагы ишти да ушул курам караган. Отурумга Садыр Жапаров өзү алынып келген жок.

10:23 23.4.2019

Бишкекте, Жогорку соттун алдындагы митингде "Садыр Жапаровго боштондук! Садыр Жапаров акталсын!" деген кыйкырыктар жаңырууда. Аймактардан чогулган бир нече тургун чыгып сөз сүйлөштү.

Камакта жатып чыккан көзү азиз активист Темирлан Ормуков да акыйкатсыз соттордун өздөрүн камакка алуу керектигин белгиледи.

Чогулгандар "Ата Мекен" партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин акталышын талап кылышууда.

Учурда соттун сыртында болжол менен 200-300дөй киши турат.

10:05 23.4.2019

Садыр Жапаровдун сотунда адвокаттар соттун курамына, төрагалык кылган судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Мурдагы ишти да ушул курам караган. Отурумга Садыр Жапаров өзү алынып келинген жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG