Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:15

Таза сууга жетпеген айылдар


Кыргызстандагы бир миңден ашык айылда жашаган эки миллионго жакын калк таза сууга жетпейт.

Жыйырма жылдан бери “Таза суу” долбооруна акча берип келген Азия өнүктүрүү банкы долбоор коррупциянын айынан ишке ашпай жатат деп аны каржылоодон баш тарткан.

Борбор Азиядагы суу башында турган Кыргызстандын калкы эмне үчүн таза суу менен камсыз болбой келет? Эмне үчүн шайлоо алдында таза суу менен камсыз кылабыз деп убада берген депутаттардын коррупцияны жоюуга алы жетпей жатат?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусун мына ушул маселеге арнады. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов жана Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармагын өнүктүрүү департаментинин башчысы Аскар Токтошев катышты.

“Азаттык”: Аскар мырза, Кыргызстанда “Таза суу” долбоорунун башталганына жыйырма жылга жакындады. Бирок, ушул тапта Кыргызстанда ар бир үчүнчү киши таза сууга муктаж. Эмне үчүн бул долбоор ишке ашпай жатат? Аны каржылап келген Азия өнүктүрүү банкы коррупциянын айынан каржылоону токтотконун айткан эле. Коррупциялык кандай схема бар?

Аскар Токтошев: Чынында долбоордун 2000-2009-жылдардагы биринчи баскычында кемчиликтер менен коррупциялык схемалар көп болгон. Ушундан улам Азия өнүктүрүү банкы 2012-жылы убактылуу токтотуп коюп, 2016-жылга чейин долбоордо боштук пайда болгон. Бирок, азыр биз бул боштукту кайра калыбына келтирип жатабыз.

Биринчиден, Бүткүл дүйнөлүк банкты көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында долбоорго кайра тарттык. 2016-жылдын аягынан баштап бул банк долбоорго кайрадан 28 миллион доллар каражаты менен кирди.

Ушул тапта 14 айылдын суу тармагын түзүү боюнча сметалык иштер аяктады. Жаз башталары менен Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында суу түтүктөрүн орнотуу иштери башталат. Алар Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тоготуу, Ноокат районундагы Кыргыз-Ата, Кара-Суу районундагы Отуз Адыр, Чүй облусунун Панфилов районундагы Курама айылында, курамына 11 айылды камтыган С.Ибраимов атындагы айыл өкмөтүндө жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында башталат.

Ал эми коррупциялык схемалар ар бир долбоордо болгон, башкача айтканда, ар бир долбоорду ишке ашырууга 5-6 министрликтер, мамлекеттик мекемелер жооптуу болушуп, бүткөн кезде жооптуулардын изи табылбай калган. Азыр алардын санын кыскартып отуруп, саясатын жүргүзүү милдети Департаментке жүктөлдү. Ал эми ишти алып баруу милдети АРИСке гана жүктөлдү. Эгер саясатынан ката кетсе биз жооп беребиз. Калганын АРИС жергиликтүү органдар менен бирге жүргүзөт.

“Азаттык”: Сайдулла мырза, Жогорку Кеңешке шайлоо алдында дээрлик ар бир талапкер элге таза суу ичирем деп убада берген. Сиз экинчи жолу депутат болдуңуз, демек мындай убадаларды абдан жакшы билесиз. Бирок, эл таза сууга жеткен жери жок. Буга ким же кайсы мекеме күнөөлүү? Эмне үчүн бул долбоор ишке ашкан жок?

Сайдулла Нышанов: Албетте, бул өтө оор тема. Анткени, коррупцияга ким күнөөлүү деп издей турган болсок, ошол долбоор башталган кезде иштеген адамдардын баары күнөөлүү болуп чыгат. Себеби баары өз “үлүшүн” алышкан.

Андан тышкары долбоор Кыргызстандын жер-жерлердеги табигый өзгөчөлүктөрү эске алынбай Бишкекте түзүлүп туруп аткарууга берилген. Европада чыгарылып, сапаттык стандарттан өткөн суу түтүктөрү алынбай, Кытайдан чыккан арзан жана сапатсыз түтүктөр коюлган. Себеби, ушундан акча жешкен. Ошон үчүн суу түтүктөрү 1-2 жылда жарабай калган.

Ушул маселеге келгенде элдин өзүнүн талабы менен камкордугу да башкы ролду ойнойт экен. Эгер эл сууга өзү жооптуу болуп, өзү аракет кылып, сарамжалдап колдонушпаса, иш алдыга жылбасын сезип калышты. Ошон үчүн долбоорду түзгөндө суу түтүктөрүн кайсы жерге кантип коюу керек деп жергиликтүү эл менен кеңешип түзүп, элдин көзөмөлүнө коюш керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG