Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:33

Кардарга катылган айдоочулар


Бишкек. 2-апрель, 2018-жыл.
Бишкек. 2-апрель, 2018-жыл.

Бишкекте кардардын телефон номурун сактап алып, ага интим кызматын сунуштаган такси айдоочусунун иши сотко өттү. Буга чейин “таксист кардарды зордуктоого аракет кылган” деп айыпталып, эки айга камакка алынган.

Бишкек шаарынын тургуну Эрик Абдыкалыковдун 20 жана 12 жаштагы эки карындашы 1-декабрда “Sms taxi” кызматын пайдаланышкан.

Такси айдоочусу аларды айткан жагына жеткирип барган. Кийин өзүндө сакталып калган номурга интим кызматын сунуштаган кат жиберген. Абдыкалыков окуянын чоо-жайы боюнча буларды айтып берди:

Эрик Абдыкалыков.
Эрик Абдыкалыков.

- Карындашым аябай коркуп калыптыр. Ал телефонун көрсөтүп “мага ушуну жазды” деп айтты. СМСти окугандан кийин телефонду алып эле дароо ылдыйкы кабатка жөнөдүм. Көрсө айдоочу катты карындашыма жолдо келе жатканда эле жибериптир. Мен андан “СМСти сен жаздыңбы?” деп сурадым. “Жок мен эмес. Бир балдар келген, мүмкүн ошолор жазып коюшту го” деп жооп берди. “Сен жолдо келатканда эле жазыпсың. Анан кантип башкалар жазып койсун?” деп, карындашыма кат жөнөткөн номурга чалсам, экинчи телефону чырылдай баштады. Анан ал “менин үй-бүлөм, балдарым бар” деп калп айтты.

Эрик Абдыкалыков “Sms taxi” фирмасына кайрылып, айдоочуга чара көрүүнү өтүнгөн. Бирок жооп болбогондуктан, окуя тууралуу “Фейсбукка” жазып чыккан. Ал социалдык тармакта кызуу талкууланып, буга окшогон окуяга туш болгондор да ой бөлүшүп жатат.

Абдыкалыков аталган ишкананын кызматкерине каршы 2-декабрда арыз жазды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаева “Sms taxi” фирмасынын 1989-жылы туулган А.У.Э аттуу айдоочусу кармалганын “Азаттыкка” кабарлады.

Ал эми “Sms taxi” кызматынын менеджери аларга түздөн-түз бул боюнча эч ким кайрылбаганын айтты. “Ишти милиция териштирип жаткандыктан комментарий бере албайбыз” деген кыска жооп узатты.

Буга чейин ноябрь айында автоунаанын ичинен жардам сурап кыйкырып жаткан кызды өтүп бараткан эки адам арачалап калган. Интернетке тараган видеодо кыздын сүйлөөгө дарманы келбей, такси айдоочусу аны тасмага тартууга тоскоол болуп жатканын көрүүгө болот.

Шаардык милициянын маалыматында, окуя 24-ноябрдын түнүндө Бишкектин түштүк кичи районунда болгон. Ага байланыштуу 49 жаштагы адам кармалып, тасмадагы жүргүнчү кыз арыз жазган. Айдоочуга “зордуктоого аракет кылган” деген айып тагылып, эки айга камакка алынган. Ага каршы дагы эки жаран ыдык көргөнүн айтып арызданган.

- Бир жумадан кийин анын үстүнөн дагы эки жаран арыз менен кайрылды. Ал бирөөнү Бишкек шаарынын Линейный көчөсүнө, экинчисин Бейшеналиева көчөсүнө жеткирип, зордуктоого аракет кылган экен. Бул эки арыздануучу шектүү айдоочу боюнча Интернет булактарынан жаңылыктарды көрүп, аны таанып, милицияга чара көрүүнү өтүнүп кайрылды, - деди Мира Абдылдаева.

Кармалган таксист эч кандай фирмага кирбестен, жеке автоунаасы менен өз алдынча иштеп жүргөн айдоочу болгон. Таксисттерге байланышкан акыркы окуялар жарандарды тынчсыздандырып, ата-энелер балдарынын коопсуздугунан кам санай баштады.

Канышай Мамыркулова.
Канышай Мамыркулова.

- Күн сууктаса балдар үшүбөсүн деп такси кызматын пайдаланабыз да. Акыркы окуяларды уккандан кийин мен чындап чочулай баштадым. Себеби, таксини чакырасың, бирок анын айдоочусу ким экенин билбейсиң да. Бул маселеге Бишкек шаарынын мэриясы, жалпы коомчулук көңүл бурушу керек. Муну катардагы эле жөнөкөй маселе катары карабашыбыз керек, - деди Бишкек шаарынын тургуну Канышай Мамыркулова.

2016-жылы милиция “Жорго такси” кызматынын маңзат чегип алып автоунаа айдаган айдоочуларын кармаган. Анда “Жоргонун” 200дөй айдоочусу менен күч кызматкерлери мушташа кетип, тартип сакчылары жараат алып, ооруканага түшкөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова такси кызматын көрсөтүүнү каалаган фирмаларга оңду-солду эле лицензия бербөөгө чакырды. Эл өкүлү ошондо гана тартип орнойт деген пикирде.

Жылдыз Мусабекова.
Жылдыз Мусабекова.

- Биз, кыргыздар бизнес ачыш үчүн лицензия алсак эле болду дейбиз. Башкасын карабай эле ишти баштайбыз. Мисалы, такси кызматын көрсөтүү үчүн фирманын ээси досторун, туугандарын чакырат. Алар фирмага менчик машинеси менен кирет. Айдоочуларга болгону номур жана атайын “шашка” берилет. Жетекчилик “эмне болсо ошол болсун иши кылып ишим жүрүшсө экен” деп кайдыгер. Аларга врач, наркологдун да кереги жок. Ошондуктан таксисттерди текшерип көрүш керек. Арасында соттолгон адамдар да иштеп жүрүшөт.

Мусабекова андан тышкары айдоочулар кызматка чыгаардан мурун ден соолугун текшертиши керек деген ойдо.

Бишкектеги жогорку окуу жайларынын биринин студенти Билимбек Бактыбеков учурда такси кызматын көрсөтүү боюнча жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатат.

- Бул Канададагы такси кызматын көрсөткөн компаниянын аналогу десек да болот. Максаты - жалаң аялдар гана такси айдайт. Алар кардар катары аялдарды, эркектерди да сала берет. Буга чейин Борбор Азиядагы Америка университетинин эки кызматкери ушул багытта иш жүргүзүп көрүшүптүр. Алар менен жолуксак, “талап жок болуп калышы мүмкүн” деп айтышты. Анткени азыр жарандар таксидеги коопсуздуктан мурда барчу жерине бат жетүүнү ойлошот экен. Биз таксиде айдоочу менен кардардын ортосун бөлүп турган тосмо коюлса деп ойлоп жатабыз, - деди Билимбек Бактыбеков.

Бишкек шаарында негизинен такси кызматын көрсөткөн 20дан ашык фирма активдүү иштейт. Коомдо айдоочулардын кардарларга болгон орой мамилеси утур-утур айтылып келет. Фирмалардын дээрлик баары айдоочуларды паспорту, айдоочулук күбөлүгү жана автоунаасынын техникалык паспорту болсо эле кызматка алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG