Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

Тамчыда сабалган Элдос ооруканада


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл районунун Тамчы айылында сабалган бала таекеси христиан дининде болгону үчүн ур-токмокко алынганын туугандары айтышууда.

Бирок милиция ал чырга диндин тиешеси жоктугун, арак ичкен жигиттер кошуна баланы түн ичинде “музыканы катуу угуп жатасың” деген таризде сабап коюшканын ырастайт. Ушул тапта сабалган бала Бишкек шаарына жеткирилип, ооруканалардын биринде дарыланып жатат.

16-октябрга караган түнү Тамчы айылында 25 жаштагы Сатар уулу Элдосту ошол эле айылдын үч тургуну катуу сабап салган. Элдос Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө айылынын тургуну болот. Ал Тамчы айылында көлдүн жээгинде Нурбек деген таекесинин коттежин карап турганы убактылуу келген. Ошол коттежде ур-токмокко алынган.

Ысык-Көл облустук милициясынын өкүлү Сталбек Усубакунов “Азаттыкка” буларды билдирди:

- 15-октябрда Кароол-Дөбө айылынын тургуну кайрылган. Анын айтмында Тамчы айылында таекесинин үйүн карап, жашап атканда жергиликтүү өзү курактуу үч бала кечки саат экилерде мас абалында келип, “музыканы эмнеге катуу угасың” деген таризде сабап салган.

Бул окуядан кийин айрым маалымат каражаттары “сабалган бала христиан динин тутунган үчүн ур-токмокко алынганын” жазып чыгышкан.

Майрамкан Кыдыргычева.
Майрамкан Кыдыргычева.

Элдостун таенеси Майрамкан Кыдыргычева небереси Тамчыда жайгашкан коттеждин ээси Нурбек деген баласынын христиан динине ишенгенине байланыштуу сабалганын, кыжырданган балдар Элдостон күчүн чыгарышканын айтты:

- “Сен келме келтир" дептир Элдоско. Келме келтирип, “оомийин” дептир. “Намаз окубайсыңбы?” деп сурайт. Элдос окубаганын айтат. “Эмне үчүн?” деп сураса, ал “христиан динине ишенген үчүн” деп коюптур. Ал андай эмес. Ошол Тамчыдагы үйдүн ээси, балам христиан динин тутунат. Элдос эмнеге анын динине кирет, балам өзү эле жүрөт “кудайлап”. ”Таекеңдин үйүн өрттөйбүз” дешкен го. Баланы жыгып алып, башка, көзгө тепкилей беришиптир. Эки жаагы, мурду сыныптыр. Башындагы кан уюп калганын айтышты. Көзү ачылбайт.

Ушул тапта сабалган Элдос Бишкектеги ооруканалардын биринде операцияга даярданып жатат. Укук коргоо органдары Элдостун сабалышында эч кандай диний маселе болбогонун билдирүүдө. Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов буларды айтты:

- Маалымат каражаттары бала динден улам сабалганын кабарлашкан. Жабырлануучу адам башкы өзүнүн арызында да, түшүнүк катында да бул жагдайларды көрсөткөн эмес. Туугандары ошентип айтып коюшкан.

Сатар уулу Элдос
Сатар уулу Элдос

Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Усубакуновдун айтымында, учурда документтер топтолуп, факты боюнча “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгону жатат.

Жабырлануучунун жакындарынын айтымында, сабаган жигиттер Элдостун жанында сүйлөшүү максатында жүрүшөт. Алар Тамчы айылынын тургундары. Алардын бири, окуяга тиешеси бар экени айтылган Самудин уулу Заманбек менен телефон аркылуу байланышканыбызда окуя боюнча эч кандай маалымат бере албастыгын айтты:

- Айта албайм дедим го! Эмнеге айтам мен силерге?

Тамчыдагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айылда буга чейин динге байланышкан чыр-чатак катталбаганын билдирип, бул окуяны жаштардын ич ара келишпестиги катары баалап жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG