Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:38

Таластын тизгини Мураталиевге тийди


Солдон оңго карай: Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, вице-премьер-министр Даир Кенекеев, Талас облусундагы өкмөттүн өкүлү Марат Мураталиев.
Солдон оңго карай: Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, вице-премьер-министр Даир Кенекеев, Талас облусундагы өкмөттүн өкүлү Марат Мураталиев.

Бир айдан ашуун убакыттан бери бош турган Талас облусундагы өкмөттүн өкүлүнүн ордуна Марат Мураталиев дайындалды.

Мындай буйрукка өкмөт башчы 4-декабрда кол койгонун Сапар Исаковдун реалдуу сектор боюнча орун басары Даир Кенекеев жаңы өкүлдү жамаатка тааныштырып жатып билдирди. Даир Кенекеев бул кызматка президенттик шайлоодон кийин которулган болчу.

Марат Мураталиев 50 жашта, кесиби боюнча экономист. Негизинен ишкерлик менен алектенип келген. Убагында «Арсенал-Курулуш» аттуу компанияны башкарчу.

2016-жылдан бери Талас облустук курулуш башкармалыгын жетектеп келген. Жергиликтүү активист Төрөбек Кишенбаев коомчулук Марат Мураталиевди мамлекеттик кызматкер эмес, спорт тармагын колдоочу катары көбүрөөк тааныганын айтты:

- Марат Молдалиевич жаштардын спортко катышуусуна, шыктануусуна жардам берип жүргөнүн элдин баары билет. Бокс боюнча Талас облусундагы федерацияга жетекчилик кылып жүрөт. Жыл сайын бокс боюнча эл аралык турнир өткөрөт.

Өкмөттүн жаңы өкүлүн тааныштыруу учуру.
Өкмөттүн жаңы өкүлүн тааныштыруу учуру.

Марат Мураталиевдин бир тууган агасы Байымбет Мураталиев да убагында Талас облусун башкарган. Ал эми иниси учурда Талас шаарынын вице-мэри.

Жаңы дайындалган өкмөт өкүлү облустук актив менен тааныштыруу учурунда аймакты өнүктүрүүгө багыт алып, буга чейин башталган иштерди аягына чыгарууга убада берди. Өз кезегинде вице-премьер-министр, Таластын мурдагы жетекчиси Даир Кенекеев губернатор колго ала турган облустагы негизги маселелерге токтолду:

- Көйгөйлүү маселелер Талас облусунда көп. Ошол эле курулуш ишин айтсак, бүгүнкү күндө 24 объекттин курулушу башталып, токтоп турат. Эки мектеп, жети бала бакча ачылуу алдында. 2018-2022-жылга чейин Талас облусун өнүктүрүүнүн стратегиясы түзүлгөн. Анын негизинде жарыктандыруу, жолдор, таза суу, ирригация системалары бар. Ошонун баарын жаңы губернатор аягына чыгат деген үмүттөбүз. Элдин жүгү оор.

Анткен менен серепчилер социалдык-экономикалык маселелерди өкмөт өкүлдөрү көптөн бери толук чече албай калышканын айтышты. «Талас эл ынтымагы» кыймылынын төрагасы, Талас шаарынын мурдагы мэри Серен Шейшенов мындай деди:

"Мурунку губернатор деген эле туура болчу. Жакынкы коңшу мамлекеттер менен алака-катыш түзгөнгө жакшы жол ачылмак".

​- Бул "ыйгарым укуктуу өкүл" деген статус өзү негизи учур талабына ылайыксыз болуп жатат. Жер-жерлерде буларга чоң укук берилиши керек. Иш милдеттерин көбөйтүү зарыл. Мурдагы губернатор деген эле туура болчу. Жакынкы коңшу мамлекеттер менен алака-катыш түзгөнгө жакшы жол ачылмак да, ар бир нерсе үчүн эле өкмөткө чуркап бара бербей. Алардын өздөрүнүн деле иштери көп. Мисалы, бизде Казакстандын Жамбыл облусу жаныбызда. Манас районунун 80 пайыз оокаты ошолор менен өтөт. Жамбылдын акими менен Талас облусунун губернатору деген статус болсо, теңата сүйлөшүүгө жол ачылат эле. Өкмөттүн өкүлүн килейген Ак үйдүн аппараты менен кармап эмне кереги бар? Алардын макамын чоңойтуу керек.

Талас Кыргызстандагы элинин саны жана аймагы боюнча чакан облус. Төрт району бар. Маалым болгондой, буга чейин аныкталган приоритеттер боюнча Талас району мал чарбасы, Бакай-Ата району жашылча-жемишти экспортко чыгаруу, Манас району логистика, ал эми Кара-Буура району төө буурчак өндүрүү менен алектенет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG