Талас районунун Кара-Ой айылынын тургуну Жылдыз Ибраимова бир гектар, жыйырма сотых жерге төө буурчак айдаган. Тилекке каршы, жаш эненин жайлай тер төккөн мээнети акталбай калды.
Келин төө буурчактын түшүмүн сатып, беш баласына кийим-кече, андан арткан акчага мал-жан сатып алууну пландап жаткан:
- Бир гектар жыйырма сотых жердеги түшүм жарабай калды. Нары жактагы 30 сотыхка тиккен картошкабыз да үшүп кетти. Мисалы, бул төө буурчак кызарышы керек болчу, бышпай ак бойдон калды. Эптеп саргайгандарын эле алалы деп жатабыз. Калганы малга жем болуп, талаада калат да. Айла жок… Фасолдун уругунун килограммын 80 сомдон сатып алганбыз. Анан айдадык, киши жалдап чаптырдык. Он чакты баланын ар бирине 500 сомдон акы төлөп бергенбиз. Жакшы эле чыгым кетти, бирок ал акталбай калды. Кейиген бойдон калдык…
2-сентябрда Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынан Осмонкулов айыл аймагына чейин түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп, суук болгон.
Анын кесепетинен беш айылдагы төө буурчакты үшүк алып кетти.
Төө буурчак айдап, чыгымга учурагандар азыркы тапта толугу менен бышып бүтө элек түшүмдү жыйнап жатат. Ал эми картошка айдагандар аба ырайы турукташса, түшүм алууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтып үмүт кылышууда.
- Кандай кыларыбызды да билбейбиз. Бир гектар 70 сотых жердеги картошкамды үшүк алды. Эми күн жылыса кайра калыбына келип калаар, - деди Сасык-Булак айылынын тургуну Сыргак Дүйшембиев.
Таластын жогору жагында жайгашкан тоолуу айылдарда төө буурчак Таластын Бакай-Ата, Кара-Буура райондорундагыдай жакшы бышпайт. Ошого карабай соңку төрт-беш жылда Талас районунун Осмонкулов жана Айдаралиев айыл аймагынан башка айылдарда төө буурчак көп айдала баштаган.
Жергиликтүү активист Бектур Медетов чыгымга учураган дыйкандар тууралуу кеп кылып жатып, айыл чарба тармагындагы конкреттүү саясаттын жоктугунан улам эл ушундай акыбалга кептелүүдө деген оюн ортого салды.
- Мамлекттик саясаттын жоктугунан эл өз билгенин кылып жатат. Учурда рынокто кайсы товар кымбат болсо, кийинки жылы ошону өндүрөбүз деп ооп кетишет. Мисалы фасоль кымбат болсо, жазында баары ошону тигип алышат. Негизи Айыл чарба министрлиги ар бир облустун, ар бир райондун, айылдын жер кыртышына, аба ырайына жараша өсүмдүктөрдү сунуш кылышы керек да.
Активист абалдан чыгуу үчүн ар бир тармак боюнча кооперативдерди түзүүнү сунуштады.
Быйыл Таласта төө буурчак жылдагыдан эки миң гектарга көп, тагыраагы, 57 миң гектар жерге айдалган. Жергиликтүү бийлик жалпысынан 100 миң тоннадай түшүм жыйналаары күтүлүп жатканын кабарлаган.