Тажикстандын Согди облустук Наркология борборунда иштеген дарыгер Жамшед Усмонов ноябрдын башында Бишкекке келди. Шаардан алган таасирлери тууралуу "Азаттык" радиосуна маек курду.
"Азаттык": Жамшед, Бишкекке куш келдиңиз! Алгач Кыргызстандын баш калаасынан алган таасирлериңиз тууралуу сурайын. Шаардын эмнеси жагып, эмнеси көңүлүңүзгө толбоду?
Усмонов: Бишкекке алгач үч жыл мурда келгем. Андан бери жыл сайын каттайм. Албетте, саякаттап эмес, эл аралык жыйындарга катышканы келем. Мага ушундай мүмкүнчүлүктү бергени үчүн Кыргызстандагы “Өнөктөштөр тармагы” уюмуна ыраазычылык билдире кетейин.
Бишкекке сапарым эмнегедир дайыма күз мезгилине туш келет. 2015-жылы алгач келгенимде шаар көзүмө аябай кир көрүнгөн. Көчөдө көп таштанды жатканына күбө болгом. Албетте, калаанын бүт жерин кезип чыккан эмесмин. Өзүм жашаган меймакананын айланасында абал ошондой болчу. Азыр такыр башка. Заманбап шаар экен. Бишкекти жакшы көрүп калдым.
2015-жылы аябай зеригиштүү сезилген. Балким отелден алыска чыкпаганыма болсо керек. Эмне үчүн мейманканадан алыска барбаганымдын да себеби бар. Тажикстанда жүргөн кезимде Кыргызстан жөнүндө, Бишкек жөнүндө такыр жакшы мүнөздөмө уккан эмесмин. Ким менен сүйлөшсөм эле “Бишкекке барсаң этият бол, капчык уурдагандар көп. Көчө толо бейбаштар, сабап кетишет” дешкен. Өзүм дагы мурда жаңылыктардан угуп, көрүп жүргөн эмесминби. Кыргыздар эки жолу революция кылып, президенттерин айдап салышкан. Депутаттарды, бийлик башындагы кишилерди, ал эмес президентиңерди сындап соцтармакка жаза бересиңер го, ушундан улам кыргыз элинен чынында чоочуп турчу элем. "Коркпой эле падышасын сындашат" деп такыр түшүнчү эмесмин. Бишкекти бейбаштардын шаары деп жүргөм.
Быйыл Бишкекти айланып чыктым. Заманбап имараттар, соода борборлору көп экен. Курулуш көп. Чын айтсам, суктандым. Биз жакта Бишкектегидей соода борборлору жокко эсе. Мурдагы жылдарга караганда бул ирет көңүлдүү жүрдүм.
"Азаттык": Мурда укканыңыздай, бейбаштарга жолугуп калбадыңызбы Бишкекте?
Усмонов: Жок, бейбаштарды кезиктирбедим. Бирок кемчиликтерди да көрдүм. Имараттардын дубалдарында ар кандай жазуулар бар экен. Вандализм сыяктуу...
Силерде “Көчмөндөр оюндары” өтөт эмеспи. Шаардын чок ортосунда ошол оюндун кезектегиси качан башталарын аныктап турган атайын саат орнотулганын Интернеттен окугам. Көрөйүн деп “Ала-Тоо” аянтына барсам, иштебей туруптур. Сынып да калыптыр.
Баса, мен бир жакшы нерсени байкадым. Көчөдө жеке нотариустар көп экен. Каяка барсам, “Нотариус” деген жазууларды көрдүм. Бизде андай жок. Бир райондо бир нотариус иштейт. Ишибизди бүтүрүш үчүн нотариуста сааттап кезек күтөбүз. Бир документке эки күндө араң мөөр бастырган учурлар болот.
"Азаттык": Бишкек ушунчалык сизди суктандырганы чынында мага таң калыштуу болуп турат. Анткени, кемчиликтери толтура экени байма-бай соцтармактарда жазылат. Мисалы, мен унаа тыгындарын жана эрежеге баш ийбей жүргөн кичиавтобустарды көп жазам.
Усмонов: Мен Бишкекте көбүнчө жөө бастым. Эки жолу троллейбуска түштүм. Ооба, сиз айткан кичиавтобустар көйгөйү бар экен. Чоң жолдо бири-бири менен жарышкандай айдап баратышканын көрдүм. Башка унааларга тоскоолдук жаратып, каалаган жерине токтоп алгандары болот экен. Шаардын ортосунда кумурскадай болгон кичиавтобустар калаанын көркүн бузуп турат. Троллейбус менен автобуска чыга турган кишилерди талашып эле ошол маршруттук кичиавтобустар салып алып, качып кетип жаткандай сезилди. Мен сизди капа болот деп муну айтпайын дедим эле. Өзүңүз сурап калдыңыз, айттым. Биздин борбор калаабыз Дүйшөмбү шаарында мындай эмес. Шаардын борборунан кичиавтобустардын баарын алып салган. Троллейбустар менен автобустар байма-бай каттап турат. Кичиавтобустар шаардын четиндеги конуштарда гана жүрөт. Балким ошол себептенби, силер сыяктуу унаа тыгындары болбойт.
"Азаттык": Кыргызстан менен Тажикстан чектеш эмеспи. Чек арага жакын жашагандардын арасында жаңжалдар катталып турат. Эки элдин ынтымагын чыңдоо жаатында сизде кандай пикирлер бар?
Усмонов: Кыргызстанда досторум көбөйүп жатат. Ал эмес, кыргыз шакиртим да бар. Аскар Камалов аттуу жигит былтыр Хожентке барып, наркологияда жаатында мен эмгектенген жерде бир жыл тажрыйба алмашып келди. Жакында Орусияга кетти. Достукту чыңдоо багытында өкмөт башындагылар ойлонушу керек. Элдин баары ынтымакты, тынчтыкты каалайт. Аны бекемдеш үчүн калк арасында түшүндүрүү иштерин жургүзүү чоңдордун милдети.
Мен сизден динге байланыштуу суроо күтүп жатам, бирок бербедиңиз. Өзүм эле кошуп кетейин. Бишкекте жүрүп дин эркиндигин Тажикстан менен салыштырдым. Анткени, көчөдө шарият кийиминде жүргөн аял-эркектерди көп көрдүм. Бизде андай кийимди кийиш үчүн уруксат кагазыңыз болушу керек. Муфтияттан аларга хижаб же башка диний кийимдерди кийгенге уруксат берген күбөлүк алыш керек. Узун сакалы бар кишилер дээрлик жок бизде. Эмнегедир өзүбүз жактагы эреже мага туура чечимдей сезилди. Бирок дин назик тема, ушул жерде пикиримди токтотконум жакшы.
"Азаттык": Маегибиз башталаарда Кыргызстандагы улуттук тамак-аштар таң калтырганын айттыңыз эле.
Усмонов: Албетте, бул боюнча сүйлөбөсөм болбойт. Ар бир улуттун өзүнүн улуттук тамак-ашы бар эмеспи. Силерде камыр тамактар улуттук болуп саналат экен. Бирок адамдардын арасында семиз кишилерди дээрлик жолуктурбадым. Медицина көз карашы менен алганда деле камыр жеген киши семириши керек. Бирок силер семирбейт экенсиңер. Ушуга таң калдым. Семирип кетүүнүн алдын алуунун бир ыкмасын колдонсоңор керек деп ойлоп калдым.
"Азаттык": Кыргызча анча-мынча үйрөндүңүзбү?
Усмонов: Жок. Кыргыз тилине муктаждык жок экен. Каерге барсаң, ким менен сүйлөшсөң орусча жооп беришет. Же мен жалаң орус тилдүүлөргө туш келдимби, билбейм. Тамактанган жайларда тейлегендер да, дүкөндөгү сатуучуларда дароо орусча сүйлөй башташат экен. Ошондуктан, Кыргызстанга Европадан же башка жерден келе турган туристтер кыргызча эмес, орусча үйрөнүп келсе жакшы экен.
"Азаттык": Жамшед, убакыт бөлүп бизге келип ой бөлүшкөнүңүз үчүн рахмат.
Усмонов: Сизге да рахмат айтам. Достук маегине чакырганыңыз үчүн ыраазычылык.
Маекти бул жерден угуңуз: