Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:03

Футбол: кызуу кандуу күйөрмандар


Футбол күйөрмандары (сүрөттөгү жаштардын макалага тиешеси жок)
Футбол күйөрмандары (сүрөттөгү жаштардын макалага тиешеси жок)

Кыргызстандын улуттук курама командасы төрт жыл мурун ФИФАнын рейтингинде 201-орунда турса, акыркы жарыяланган рейтингде 124-орунга жылды. Кыргыз футболу кайра жандандыбы? “Азаттык+” бул жолу кыргыз футболунун абалы тууралуу берүү даярдады.

Футбол бүгүн оюн талааларын, стадиондорду гана камтыбастан, көчөнү да кучагына алды. Буга чейин коомго белгисиз "ультрас" түшүнүгү да бир кезде көчөдө пайда болгон. Кыргызстанда бул кыймылдын түзүлгөнүнө үч жыл болду. Ар бир беттеш сайын алардын катарын толуктаган жаштардын саны көбөйүп баратканы байкалат.

Футболдук майрамга саналуу саат калганда "ультрасчы" жигиттер даярдыктарын бүтүп, беттешке сапар алат. Маектешүүгө макул болгону менен айрымдары жүзүн көрсөтүүдөн баш тартышты.

Уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири Тимур мындай деди:

- Көз айнегимди чече албайм. Бизди түшүнбүгөндөр көп, бирок ультрастын мыйзамы боюнча бетиңди ачык көрсөтпөшүң керек.

Тимур өзүн футболдун жөнөкөй күйөрмандарынын катарына кошкусу келбейт.

- Журналисттер бизди футбол ышкыбоздору деп сүрөттөшөт. Жок биз алардан жогору турабыз. Биз шаардагы гана оюндарга барып тим болбойбуз. Арабызда курама команданы колдоп өз акчасына чет өлкөлөргө барып келгендер көп. Жай турмушта башкалардан айырмаланбай эле жүрөбүз.

Ультрастар оюндардан соң башаламандык уюштуруудан кайра тартпайт. Арасында атаандаш команданын куйөрмандары менен урушканды жактагандар да бар.

Футболдогу жаңы толкун
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:31 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

XS
SM
MD
LG