Бул сапар “Сөз дайра” берүүсүндө Константин Юдахиндин сөздүгүнөн жолуктурбаган айрым сөздөрдү мисалга тартайын.
Өлкөбүздүн түштүгүндө айтылып жүргөн мака - жүгөрү, гөзө - кумара, аптырой - күнөс жер, газала - торгойдун бир түрү, чиеш - чаташ, маин– сыпайы, назик, жумшак деген маанидеги, түндүгүндө айтылып жүргөн козу түш - күн көтөрүлүп түшкө жакындап калган убакыттын чен өлчөмү, маңги тал же жинди тал - туш келди өскөн тал, мерти келди же карты келди - учуру келди, сааты келди деген мааниде, кылкан бет - түктүү бет, кылкан мурут - кырчындай жаш жигит, кыйды көчүк-коркок деген маанидеги сөздөрдү таппадым.
Мен мисал келтирген сөздөр аталган сөздүккө кирбей калгандардын миңдин бири десем болор. Буга бир эле далил, кара сөз чебери, Эл жазуучусу Мелис Абакировдун “Барымта” деп аталган романын окуп отуруп, сөздүктө жок, маселен албаачы - кургатылган жемиш саткан адам, тогоол - сейрек жолугушуу, жашыл үй - жаштарга тигилген боз үй, санди - алтын жип жүгүртүлгөн жибек кездеме, килемчи - килем саткан соодагер, чөп оту - ижарага берилген жайыт, кыштоо, от майы - ошол жайыттын акысы, битик - кат, убактылуу зайып болууну кесип кылган аял, эки кой көчтүк - аралыктын өлчөмү, даркен - баш бербес, баш ийбес, турпан өтүк - уйгур өтүк, куяш - күн чыккан тарап деген сөздөрдү учураттым.
Мындай мисалдар толтура. Андыктан бүгүн мамлекет тарабынан атайылап эле фольклордук экспедиция түзүп, Кыргызстанды түрө кыдырып, Кытай кыргыздарындагы, Мургаб жана Жерге-Талдагы, Улуу Памирдеги, Вандагы, Ички Кытайдагы, Монголиядагы түгөнүп бараткан кыргыздардын өлүп бараткан сөздөрүн кумдан алтын жыйнагандай жыйнап, Юдахиндин “Орусча-Кыргызча сөздүгүн” кайрадан толуктап, иштеп, басып чыгарчу мезгил жеттиби деген ойду айткыбыз келет.