“Азаттык” бул аптада кыргыз коомундагы жүрүм-турум маданияты жана этика темасын сунуштайт. Анын алкагында саясатчылардын этикасы, карапайым жарандардын сүйлөө, бири-бирине кайрылуу, тамак ичүү, эркек менен аялдын, улуу менен кичүүнүн өз ара мамилеси, көчөдө жүрүү маданияты – кыскасы, жумурай журттагы ичара мамилелерди ар тараптан кеңири чагылдырабыз.
Биз бири-бирибизге сылык, кичипейил мамиле жасайбызбы, көчөдө, үйдө, мекеме ичинде, кала берсе парламент залында орой, одоно көрүнүштөн арылуу мүмкүнбү? – бул суроолор боюнча сиздерден сунуш, сын пикирлерди күтөбүз.