Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Куутурмуш: же үйдөн, же күйөөдөн жок...


Гүлида Рахманалиева убактылуу баш калкалап турган үйдүн балдары менен. Жалал-Абад, 25-ноябрь, 2011.
Гүлида Рахманалиева убактылуу баш калкалап турган үйдүн балдары менен. Жалал-Абад, 25-ноябрь, 2011.

Отуз жаштагы Гүлида Рахманалиева үч баласы менен үч жылдан бери Жалал-Абадда ар кимдикине көчүп-конуп жашап жүрөт. Ал күйөөсү менен ажырашып, минтип темселеп калышын кайнатасынан көрөт.

Ата-энесинен эрте айрылган Гүлида Рахманалиева облустун Кара-Көл шаарында жашаган чоң энесинин колунда өсүптүр. Ал жерде 9-классты бүтүргөндөн кийин чоң энеси аны Сузак районуна күйөөгө узатат.

Кем сөздүү, жоош мүнөз келиндин отуз жашка келгенче турмуштун ачуу-таттуусун көп тартканы баскан-турганы менен кебетесинен, сөздөрүнөн баамдалып турат. Ал мындан үч жыл мурда кайнатасынын чечими менен күйөөсүнөн ажыраганын айтат:

- Бир уул, эки кызым бар. Азыр алыс тууган болгон Гүлзат деген эжемкинде жашап турам. Он күндөн ашып калды. Турмуш-шартыма байланыштуу келип калдым да. Күйөөм менен ажырашып кеткем, эмнеден экенин билбейм, кайнатам жашатпай койду да.

Гүлиданын айтымында, ажырашканга дейре ал күйөөсү менен Жалал-Абадда бир үйдү ижарага алып жашап турушкан. Каскак болуп, эмнеден экени белгисиз, ал үйдүн бир бөлмөсү өрттөнүп кетет да, анын себебин кайнатасы ушу келининен көрөт. Анан ал киши уулун Сузактын тоо айылындагы үйүнө алып кетиптир.

- Күйөөм уруп-сокчу эмес, жакшы эле болчу. Кайнатам эмнеден айып тапты билбейм? Үйдүн бир бөлмөсү өрттөнүп кетти эле, ошону менден көрдү окшойт. Өрттүн эмнеден чыкканын билбейм, токтон деп бир айтышат, оттон деп бир айтышат. Ошондон жаңжал чыгып ажырашып кеттик да. Күйөөм ажырашууга көнбөгөнүнө да койбоду. Быйыл үч жыл болду. Эптеп-септеп күн өтүп атат эми. Бул жерге жакында эле келдим, ага чейин бир эжемдикинде тургам, анын күйөөсү Орусиядан кайтып келгенинен ушул жерге келдим да. Көчүп-конуп жашап жүрөм. Күйөөм жашайлы деп келип атты, бирок кайнатам көнбөй атты да...

Ушу күндөрдө ал батирде жашаган Жалал-Абаддагы алысыраак туугандарынын бириникинде баш калкалоодо. Өзү менен кошо бир баласын да ала келген. Кенжесинен улуураак эки чүрпөсү ушул эле шаардагы алысыраак тайэжесиникинде турат. Ал убактылуу жашаган күркөдөй эски батирде базарда иштеген көп адам түнөйт экен:

- Эң чоң кызым сегизге чыкты, андан кийинкиси алты жашта, үчүнчүсү – бирге чыкты. Азыр үчүнчү балам өзүм менен бирге, а берки эки балам алыс эле тайэжемкинде калды. «Жардам бергиле» - деп кечээ мэрияга кирсек, «паспортуң жок экен», - дейт. Дегеле паспорт алган эмесмин. Иштейин деп атам, баламы жаныма коюп алып, иштей турган жумуш болсо, дурусураак иш чыкса, баскандан кийин баламды балдар бакчасына берейин дедим эле. Мектепти да бүткөн эмесмин, тогузунчу классты бүткөндөн кийин чоң энем окутпай койду да…

Гүлиданын жадесе паспорту да жок экен. Эми ал ылайыктуу жумуш табылса иштеп, балдарынын баарын чогултуп, аларды дурустап багуунун аракетин көрсөмбү деген ойдо турат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG