Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:26

Майыптыктын азабын тарткан Батма-Зуура


Тубаса майып Батма Балтакулова, Жалал-Абад, 3-декабрь.
Тубаса майып Батма Балтакулова, Жалал-Абад, 3-декабрь.

Мамлекет берген жөлөк пул жашоосуна жетпегендиктен жалалабаддык тубаса майып эгиз аял – Батма-Зуура кайыр сурап жашоого аргасыз.

Атасынан калган эски үй ичинде үстөлгө таянып, араң жылган Батма Балтакулова мындан элүү төрт жыл мурун түгөйү Зуура экөө тубаса майып болуп төрөлгөн экен. Күн ызгаарында ал жайы-кышы Жалал-Абаддын базар оозунда кайыр сурап олтуруучу жайына бара албай калыптыр. Анткени анын арабасын түртүп барганга бөлмөсүндө сиңдисинин эки жашар баласы менен өзүнөн башка эч ким жок.

- Бөлмөдө ушинтип басам, базарда болсо коляскада олтурам.1959-жылы төрөлгөнбүз, Зуура экөөбүз. Адегенде жөрмөлөп жүрчүбүз, баса албай. Операциядан кийин анча-мынча басып калдык. Дарыгерлер “полиомиэлит” деп диагноз коюшкан. Биз азыр үчөөбүз жашайбыз: сиңдим, мен, анан үкөм. Бул бала -сиңдимдин уулу. Сиңдим Өзбекстандан келди, убактылуу жашап жатат. Жакында Орусияга күйөөсүнүн жанына барат. Бүгүн мени базарга алып барган адам болбоду.

Батманын түгөйү Зуура өткөн айда жыгылып түшүп, бутун кокустатып, азыр ооруканада. Аны Өзбекстандагы сиңдиси келип, карап жатыптыр. Быйыл майып түгөйлөрдөн кабар алганы бийликтерден эч ким келбегенин Батма айтып отурду:

- Биз ойлогонбуз, буту кайрылып калган го,деп. Жок, андай эмес экен. Соня деген кыз рентгенге алпарса, сынган болуп чыкты. Ошентип Зуура шаар ооруканасында жатат. Доктур араң-зорго сынган сөөктү өз жайына түшүрүптүр. Мамлекет жардам берип аткан,азыр жардам бербей калды, демөөрчүлөр жок окшойт.

Чийки кыштан тургузулган көөнө үйдүн бөлмөлөрү суук. Эгиз түгөйлөргө тамак-ашты иниси жумуштан келгенде бышырып берет экен.

- Үй суук болуп атат. Көмүр-отун бар, мен аны жага албаймын. Иним жумушунан кеч келет. Анын жогунда оокатты сиңдим жасап берет, болбосо, ашканадан сатып ичебиз.

Батма Балтагулова түгөйү экөө кайыр сурап жашоодон башка аргасы жок. Алар базарга барбай калган күндөрү колу ачык адамдар үйүнө дейре издеп келип, садака таштап кетишет экен:

- Бизге эки миң сомдон пенсия чыгарып беришкен. Экөөбүздүкү төрт миң сом болсо да, тамак-ашка жетпейт. Азык-түлүк аласың, аз-аздан эт алабыз. Ошон үчүн базарда кайыр сурап олтурабыз. Адамдарга рахмат! Акча беришет, нан беришет. Биз базарга барбай калганда, үйгө дейре издеп келишет, “кыздар кайдасыңар?”- дешип. Кечээ бир аял ушу эки нан менен бир тоок көтөрүп келиптир, “силерге атадым эле, бышырып жегиле ”- деп. Азыр ошол тоок турат.

Он жашар Айша таежеси Батманы короого чыгарып, коляскага олтургузуп, таза аба жуткурганга аракеттенүүдө:

- Моминтип өзүм арабага чыгып алам. Анан коляска менен бара беребиз базарга. Ушинтип жашап атабыз...

Жалал-Абад мэриясы 3-декабрь – майыптардын эл аралык күнүнө карата калаадагы 633 майып адамдын ар бирине 500 сомдон жардам бергенин маалымдады. Базар айланасында жана ага жанаша көчөлөрдөн Батма, Зуура Балтагуловалардан башка түртмө арабада олтуруп, тилемчилик кылган майып жана оорулуу үч-төрт адамды көрдүк.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG