“Азаттык”: Саламаттыкты сактоо министрлигине жарандардан элдик дарыгер, табыптар боюнча канча кайрылуу-даттануулар келип турат?
Турусбекова: Өтө көп эмес. Адамдар аларга сабатсыздыгынан, билимсиздигинен туш болот. Бирок убакыттын өтүшү менен туура эмес кылышканын түшүнүшөт. Ашым Зайналиев боюнча бир нече адам бизге телефон чалган. Ушул жерден риторикалык бир суроо бергим келип турат: мисалы, эмне үчүн дарыгерге 200 сом берсе бүт өлкө угат да, ал эми адамдар өздөрү Зайналиевге күнүнө эки миң сом алып барып беришет? Бирок ал бейтаптарды карабайт, бакпайт, дарылаган дармектери болсо - чөп-чар, перекись жана тамак-аш содасы.
Депрессияны "сүф-сүф" дарылабайт
Депрессияны "сүф-сүф" дарылабайт
Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы Республикалык психо-неврологиялык оорукананын дарыгери менен маек.
“Азаттык”: Адамдар эмне үчүн табыптарга барып жатышат? Алардын элдик дарыгерлерге болгон ишеними эмнеге негизделген?
Турусбекова: Бул бир сөз менен жооп бере турган жеңил суроо эмес. Совет мезгилинде адамдарды ар кандай оору-сыркоолордон айыктырган табып, эмчи-домчулар бар болчу, бирок алар жашыруун иштечү, анткени алардын ишмердигин мыйзам таанычу эмес. Азыр Кыргызстанда андайлар өтө көп, сан жетпейт. Мен айтып коюшум керек, Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерликке же табыпчылыкка лицензия бербейт. Кыргызстанда мындай орган такыр эле жок. Мен Орусиядан, Казакстандан алынган деген эки-үч күбөлүктү көрдүм. Бирок бул өлкөлөрдүн да мыйзамдык базалары сыркоолорго ушул сыяктуу медициналык жардам көрсөтүү шарттарын карабайт.
Негизи медицинада дарыгерлердин бир канча адистиктери бар да. Бирок табыптарды карасаң, алар баарын эле дарылай беришет. Мисалы, Зайналиевди алсак, ал рак, акыл-эс дартына чалдыккандарды, ошондой эле ашказан, жүрөк-кан тамыр ооруларын деле дарылай берет. А чынында мындай болбойт да! Табыптардын да, эмчи-домчулардын да квалификациясы болушу керек. Тигил же бул багытта дарыгерлик кылыш үчүн тиешелүү адистик боюнча талаптагыдай билими болушу зарыл.
Азыркы жагдайда уруксаты же лицензиясы барбы-жокпу деп, Саламаттыкты сактоо министрлигин суроолуу кароо эч кандай негизсиз. Анткени Саламаттыкты сактоо министрлиги расмий медицина боюнча лицензия берип, ошолордон тиешелүү жоопкерчиликти талап кылат. Ал эми табыпчылык буга кирбейт.
“Азаттык”: Ушул маселе боюнча башка өлкөлөрдө жагдай кандай?
Турусбекова: Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринде элдик медицина карапайым элдин арасында өтө барктуу. АКШда да табыптар бар, бирок аларга аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кайрылышат. Анткени мамлекеттик медицина абдан кымбат турат. Кыргызстанда болсо, тескерисинче болуп жатат. Биз элдик дарыгерлерге 60-70 миң сом короттук, бирок жардам берген жок деп келгендер бар. Табыптарды көзөмөлдөө биздин укукка кирбегенден кийин эмне деп жооп бермек элек аларга.
“Азаттык”: Анда муну ким көзөмөлгө алышы керек?
Турусбекова: Менимче, ИИМ менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы көзөмөл кылышы керек. Анткени Кылмыш кодексинде мыйзамсыз дарыгерлик кылса беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ал эми дарыгер ката кетирсе, андан да көп – беш, алты, он жылга чейин соттолушу мүмкүн.
“Азаттык”: Адамдар Зайналиевдин клиникасынан кетүүгө эмне үчүн каршы болушту деп ойлойсуз?
Турусбекова: Мага агасы каза болгон бир бала чалды. Анын оюнча, клиниканы жабыш керек, анткени Зайналиев элдин башын айлантат. Ал оорулууларды эки айда бутуна тургузам деген жылуу сөзү менен ишендирип алып жатат. Эгер дарыгер бейтап менен 10-15 мүнөт сүйлөшсө, бул бир канча сааттап баарлашат. Эртең менен келип, бейтаптын колунан кармап, “сен азыр уктап каласың, баары жакшы болот” деп жооткотот. Мен Зайналиев “жакшы психолог” деп эсептейм. Ал адамдарды дарылап жатканы менен, эч кандай жоопкерчилиги жок. Мисалы, дарыгерлер бейтапка рактын акыркы баскычы менен ооруп жатканын жана дарылоо мүмкүн эмес экенин айтса, Зайналиев, тескерисинче, аны бутуна тургузарын убада кылат. А үмүт деген чоң нерсе да.
“Азаттык”: Бишкекте ушундай тааптардын саны көбөйүп жатабы?
Турусбекова: Албетте, алар Ош базарында көп. Ар бир кичирайондо бирден ушундай дарыгер бар. Мен “Чыгыш-5” районунда жашайм. Бир үйдүн короосунан абдан көп машина көрүп, элден сурасам, ал жерден Оштон келген элдик дарыгер жашайт экен. Ал жөнүндө элдин баары билет, бирок милициянын кабары жок. Мен да билем, бирок дарыгер катары колумдан эч нерсе келбейт.