11:53
9.10.2013
Саруудагы балдар ушул номуру жок машинадагы кызды суракка алууда. Жашыруун суротко тартып атыптыр деп. pic.twitter.com/PC96BwfmZR
— Eleonora B. (@mambetshakirova) October 9, 2013
11:59
9.10.2013
Сарууга кайрадан эл топтолду
12:32
9.10.2013
- автор Мария Колесникова
Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын үстүндө кайрадан тик учактар пайда болду. Эки тик учак айылдын үстүндө тегеренип жүрөт. Эки тик учак Сарууга кечээ да жөнөтүлгөн. Вице-премьер-министр Токон Мамытов алар куралдуу күчтөрдүн тик учактары экенин, кырдаалга көзөмөл кылуу үчүн жөнөтүлгөнүн айткан болчу. Алардан ок атылды деген кабар тараган, бирок бул маалымат жалган болуп чыккан.