Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:26
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл

LIVE: Саруудагы кырдаал

Кечээ Көлдүн Саруу айылында жол тосуу менен коштолгон каршылык акциясынын катышуучулары Кумтөр боюнча меморандумга каршы экенин билдиришкен. Бүгүн Кумтөр маселеси Жогорку Кеңеште каралып жатат. Ушу тапта Сарууда чогулгандардын саны азайганы маалым болду.

11:36 9.10.2013
Кумтөрдү улутташтыруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн айыл чарба техникасын тапшыруу иш-чарасы учурунда президент Алмазбек Атамбаев айтты. Мамлекет башчынын пикиринде, Кумтөрдүн тегерегинде ызы-чуу чыгарып жаткан күчтөр жеке кызыкчылыгын көздөөдө. "Алар Кумтөргө байлап парламентти таратып, бийликке өзүлөрү келүүнү каалап жатат", - деди Атамбаев.
11:27 9.10.2013
Бийлик өкүлүн барымтага алуу менен коштолгон нааразылык акцияларын бандитизм жана терроризм деп атоого болот. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте өткөн иш-чара учурунда журналисттерге айтты. Мамлекет башчынын пикиринде, Каракол жана Саруудагы митингдерди көмүскө күчтөр уюштуруп, жаштарды колдонуп жатат. Бирок ал күчтөр ким экенин Атамбаев атап айткан жок, муну тартип коргоо органдары териштирип жатканын билдирди.
10:31 9.10.2013
10:16 9.10.2013

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG