18:05
8.10.2013
- автор Мария Колесникова
Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тушунда жол буулган жерге митингчилер машинанын төрт дөңгөлөгүн тизип коюп, май чачып өрттөп жиберишти. Окуя болгон жерде жүздөй киши чогулуп турат.
17:58
8.10.2013
Саруу менен Дархан айылынын ортосундагы жол кайра буулду. Митингчилер жолго чоң таштарды тизип коюшту. Тосулган жерге машинелер топтолууда.
— Azattyk Radiosu (@Azattyk_Radiosu) October 8, 2013
17:31
8.10.2013
Митингчилердин атынан 6 киши район борборуна сүйлөшүүгө кетти. Алар камалган митингчилердин бошотулушун талап кылмакчы.
— Azattyk Radiosu (@Azattyk_Radiosu) October 8, 2013
17:29
8.10.2013
Сарууда буулган жол ачылып, унаалар каттай баштады. Бирок чогулган эл тарай элек.
— Azattyk Radiosu (@Azattyk_Radiosu) October 8, 2013