Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл

LIVE: Саруудагы кырдаал

Кечээ Көлдүн Саруу айылында жол тосуу менен коштолгон каршылык акциясынын катышуучулары Кумтөр боюнча меморандумга каршы экенин билдиришкен. Бүгүн Кумтөр маселеси Жогорку Кеңеште каралып жатат. Ушу тапта Сарууда чогулгандардын саны азайганы маалым болду.

16:40 8.10.2013
Митингге келген бир адамдын талмасы кармап жыгылып кетти. Ага медициналык жардам көрсөтүп жатышат.
16:21 8.10.2013
Саруу айылынын эртеден бери тосулуп турган жолунун бир башы ачылып, митингчилер башка четине өтүп барды. Учурда 100дөн ашуун киши жолду бууп турат. Ары-бери каттаган айдоочулар унаасын токтотууга мажбур болууда. Митингчилердин айтымында, Саруу айылынын чыга беришинен башка, Дархан айылынын жолу эки тарабынан тең жабылып турат.
15:41 8.10.2013
Вице-премьер-министр Токон Мамытов кармалган митингчилер бошотулбасын, бул маселени тергөө жана сот органдары чечерин "Азаттыкка" билдирди.
15:21 8.10.2013
Саруу айылында митингчилер менен район жетекчилигинин сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктады. Жолду бууп тургандар кечээ кармалган 23 кишини жана буга чейин Кумтөрдү иштеткен инвестордон акча сурады деп кармалган эки кишини бошотууну талап кылды. Бирок сүйлөшүүгө барган Жети-Өгүз районунун акиминин милдетин аткаруучу Беккубат Иманкожоев бул талапты аткаруу анын ыйгарым укугуна кирбесин айтты. Иманкожоев жана аны менен барган 20 чакты киши кайра Кызыл-Сууга жөнөп кетти. Алардын кетишине митингчилерден эч ким тоскоол кылган жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG