Акыркы күндөрү Алмазбек Атамбаев бийликте турганда мамлекеттик кызматтарда иштеген айрым кадрлар ага тилектештигин билдиришти. Ал ортодо экс-президент Роза Отунбаева Атамбаевдин аракеттерин кескин сындаган билдирүү таратты. Президент Сооронбай Жээнбековдун аппараты акыркы саясий окуяларга эч кандай комментарий бере элек.
Штабдан кабар алгандар
29-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев жана мурдагы ички иштер министри Улан Исраилов Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айлындагы үйүндө түзүлгөн «элдик штабга» барып, Атамбаевди колдоо көрсөтүшкөнү тууралуу кабар тарады. Буга чейин саясий позициясын ачык айтпай келген бул эки мурдагы министр Кой-Ташка барганы тууралуу өздөрү комментарий беришкен жок.
30-июнда Атамбаев менен анын тарапташтарына президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси, Чүй облусунун мурдагы губернатору Айбек Азыранкулов барды. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, 2019-жылы апрелде эмгек өргүүсүнө чыгып, андан ары кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын айткан. Булардан тышкары коомдук ишмер Жыпар Жекшеев, диний ишмер Абдышүкүр Нарматов Атамбаевдин үйүндөгү штабдан кабар алганы кабарланды.
Атамбаевдин командасы мурдагы аткаминерлердин «элдик штабга» келип жатканын Атамбаевдин «экс-президент» макамын алуусуна нааразы күчтөр көбөйүп баратат деп баалашууда. Атамбаев күндө кечинде тарапташтары менен жолугуп, бийликти кескин сындап жатат. Ал эми «элдик штаб» 3-июлда Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда аны колдогон тынчтык митингин уюштуруп жатканын билдирүүдө.
Азырынча президент Сооронбай Жээнбековдун аппараты мурдагы президенттин сындарына, дегеле акыркы саясий окуяларга үн ката элек. Президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан бери эл алдында биринчи жолу 30-июнда, Кожомкул балбандын мааракесинде сөз сүйлөп, калкты ынтымакка чакырды, бирок Атамбаевдин айланасындагы окуяларга конкреттүү баа берген жок.
Экс-президенттин эскертүүсү
Ал ортодо экс-президент Роза Отунбаева билдирүү таратып, анда Атамбаевдин жай тургундарды калкан кылып, иликтөө иштерине каршылык көрсөтүү аракетин кылып жатат деп сындады. Атамбаевдин тушундагы оппозициялык саясатчыларга куугунтук болгонун эске салды.
«Азыркы бийликти бакиевчил деп атоо менен ал бир гана максатты – аймак аралык кастыкты козгоону, өлкөнү өз жана өгөй кылып бөлүүнү көздөп турат», - деп жазылат экс-президенттин кайрылуусунда. Ошол эле учурда экс-президент Атамбаев элди бөлүп-жарып, кырдаалдын туруктуулугун буза албайт деп ишенерин айткан.
Ал эми экс-мэр Нариман Түлеев «Фейсбуктагы» баракчасына Алмазбек Атамбаевдин мыйзамдуу түрдө жоопко тартуу боюнча «элдик штаб» түзөрүн жазып, каалоочу саясий күчтөрдү кошулууга чакырды.
Алмазбек Атамбаев Кой-Ташка чогулгандарга чыгып сүйлөп, парламентаризмди колдорун айтып, бирок парламентти кайрадан сындады:
Ошентип, бийликти колдогон жана Атамбаевди жактаган саясий күчтөрдүн тиреши күчөп, айрым саясат талдоочулар мамлекеттик кызыкчылык, элдин бүтүндүгүнө шек келтирүүчү кооптуу жагдайлар көз жаздымда калбашы керек экенин эскертип жатышат.
Көрмөксөнгө салган бийлик
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаал мурдагы жана азыркы президенттердин аброюна көлөкө түшүрүп жатат деп эсептейт. Кадырбековдун пикиринде, эми мындан ары Атамбаевге коюлган кылмыш иштери кандай иликтенип жатканы коомчулуктун назарында болот. Ошондуктан абал тергөөгө жараша өнүгөт.
«Жээнбеков да, Атамбаев да жөнөкөй кишилер эмес, - деди ал. - Ички таарынычтарына алдырбай өйдө болушу керек болчу. Катуу таарынычтан тиреш пайда болду. Бул Кыргызстанга жакшылык алып келбейт. Бул жерден Атамбаев же Жээнбеков утпайт. Болор иш болду. Азыр кыргыз эли «тергөө кандай жүрүп жатат» деп карап турат. Тергөө калыс болбой баратса Атамбаевге кошулгандар көбөйөт. Бийлик өзүн кыйын кырдаалга алып келип койду».
Политолог Эмил Жураев саясий абалды жөнгө салууда бийликте мүмкүнчүлүк көбүрөөк экенин белгилейт.
«Бийлик тарап Атамбаевди гана ооздуктабастан, мамлекеттин биримдигин, бийликтин мамлекетти башкаруудагы натыйжалуулугун сактап калуунун аракетин көрүшү керек. Атамбаевди камоо же жоопко тартуу жалгыз максаты болбошу керек. Бийлик тараптан элге толук маалымат, түшүндүрүү болушу керек. Азыр президенттин оюн элге жеткирген команда жок сыяктуу».
27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечим укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет. Азырынча Атамбаев күнөөлөнүп жаткан иштер боюнча укук коргоо органдары кандай укуктук иш жүргүзүп жатканын билдире элек.