Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:29

Милициянын жоругу ырчыны ыза кылды


Сүрөт Дилшат Кангелдиеванын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Дилшат Кангелдиеванын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

17-декабрда белгисиз адамдар ырчы Дилшат Кангелдиеванын унаасынын терезесин талкалап, жеке буюмдарын уурдап кеткен. Бул тууралуу ырчы өзүнүн "Фейсбуктагы" жеке барагына жазып чыкты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы окуя боюнча кылмыш иши козголгонун, милиция кызматкеринин ырчыга мамилеси териштирилерин билдирди.

"Арыз жазбасам уурулукка салым кошмокмун"

Окуя кеч күүгүмдө Бишкек шаарынын Гоголь көчөсү менен Атай Огонбаев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Ырчы бул аймакта жашаган курбусунун үйүнө кирип кеткенде белгисиз адамдар ээн калган автоунаанын терезесин сындырып, ичиндеги буюмдарын тоноп кеткен.

Жабырлануучу бул окуядан кийин 102 кызматына чалып, эки сааттай күтүп, милиция келбегендиктен ошол райондогу ички иштер бөлүмүнө барган.

Чех ишкерлеринин тонолушу иликтенүүдө

Чех ишкерлеринин тонолушу иликтенүүдө

Бишкекте чех ишкерлери тонолгонун айтып чыгышты. 7- ноябрь күнү өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырган беш киши ишкерлердин колун кайрып, документ талап кылган.

Бирок ал жердеги милиция кызматкерлери Дилшат Кангелдиевага арыз жазбай эле коюну сунуш кылышкан.

- Арыз жазып коеюн деп Свердлов РИИБсине барсам эшиктин алдында эки милиция кызматкери туруптур. Мен 102ге чалганымды, алар кечиккенинен улам арыз жазуу үчүн келгенимди айтсам бири "биз кечки тамактанууга чыгып баратканбыз, эми сиз үчүн ачка калабызбы?",- деди. Тергөөчү "мындай учурда эки вариант бар: биринчиси - эгер арыз жазсаңыз сизди кайра-кайра чакыра берип тажатышат. Экинчиси - арыз жазбай эле койгонуңуз жакшы", деген мааниде "акыл" айтты. Бир эле жолу айтып тим болбой бул сөзүн алты жолу кайталады.

Дилшат Кангелдиева машинесин тоногондордун айынан 40 миң сомдой чыгым тарткан. Ырчы жоголгон буюмга ичи ачышканы үчүн эмес, "уурулардын көбөйүшүнө салым кошкусу келбегени" үчүн милиция кызматкерлеринин айтканына көнбөй, арызын жазганын кошумчалады.

Эмгек сиңирген артист Дилшат Кангелдиеванын окуясы боюнча Бишкек ШИИБсинин басма сөз катчысы Адыл Оморов буларды билдирди:

- 17-декабрда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну Дилшат Кангелдиевадан арыз түшкөн. Анда арыз ээси токтоп турган "Тойота Харриер" үлгүсүндөгү унаасынын терезе-эшиктерин белгисиз адамдар сындырып, ичиндеги буюмдарын уурдап кеткенин жазган. Бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 164-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

Оморов ырчынын жазган арызын кабыл алууда келип чыккан нааразылык боюнча милициянын ички иликтөө кызматы карап чыгып, жыйынтык чыгарарын кошумчалады.​

Милиция милдетин билиши керек

Бул окуяга көз салган коомчулук өкүлдөрү милиция кызматкерлери көпчүлүк учурда кылмыштын бетин ачуудан эринип, кээде арызды кабыл албай койгон учурлары болорун айтышууда.​

Милициянын бул жоругун мурда органда иштеген генерал-майор Садырбек Думанаев да сынга алды. Ал тартип сакчылары жарандардын кайрылуусун четке какпай, арызды токтоосуз кабыл алууга тийиш деди:

- Ыкчам тергөө тобу кылмыш болгон жерге барып, машинада бармактардын изи калдыбы же жокпу, текшерип, сүрөткө тартып, эмнесин уурдаганын такташы керек эле. Анан материалды тергөөчүгө берип, ал боюнча кылмыш иши ачылып, кылмышка шектүү изделиши керек. "Арыз жазбай эле койбойсуңарбы" деп кеңеш бергени таптакыр туура эмес. Милициянын ишинин өз жол-жобосу, мыйзамы бар. Бул окуя ошол мыйзамды бузуу болуп эсептелет.

Думанаев мындай окуялар көнүмүшкө айланса, милиция жоопкерчиликти сезбей, мамлекеттүүлүктүн пайдубалы урай баштайт деген пикирде.

Ал арада ырчынын "Фейсбуктагы" баракчасына пикир жазгандардын бири "Эгер милиция Дилшат Кангелдиевадай таанымал ырчыларга ушундай мамиле кылса, анда карапайым адамдарга кандай мамиле кылат?" деген суроо калтырган.

Клара Алибекова
Клара Алибекова

Коомчулук буга чейин да ырчы Клара Алибекованы милиция кызматкерлери мазактап суракка алган тасмага күбө болушкан. Ырчы Алибекова ошол окуянын жыйынтыгы тууралуу буларды айтты:

- Мени алар видеого тартып, Интернетке чыгарып жиберишкен эмеспи. "Ошону жок кылып бергиле" деп талап коюп жатам. Бирок азыр бул талапты аткарбай жатышат. Сотко чейин барайын деп жатам. Бирок арыз жаза элекмин. Мени суракка алып, видеого тартып, Интернетке чыгарган милиция кызматкерлери ошол эле жумушта иштеп жүрөт. Угушумча аларга сөгүш эле берилиптир.

Кыргыз коомчулугунда ички иштер органдарын заманбап талаптарга шайкеш келтирип реформалоо демилгеси мындан он алты жыл мурда көтөрүлгөн. Бирок органдардын ишин түп-тамырынан бери өзгөртүү маселеси турмушка ашпай келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG