Изилдөөнү кеңсеси Башкыртстанда жайгашкан Геосаясий изилдөөлөр борбору Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жаш окумуштуулары менен бирге жүргүзгөн. Анда аймактагы ар бир өлкөдө экстремизмдин түптөлүү жана жайылуу себептери тууралуу сөз болот.
Борбордун өкүлү Артур Сулеймановдун айтымында, тарыхый себептерден улам ортодо жалпы окшоштуктар көп жана экстремизм тууралуу сөз болгондо аны дин менен байланыштурууда этияттык талап кылынат. “Диний экстремизм эмес, динди колдонгон экстремизм деп айткан туура” дейт ал. Ошону менен катар, адистин белгилешинче, учурда жаштар жапырт терс агымдарга берилип кетти деп айтууга болбойт, бирок коркунучтар бар:
- Биз муну баяндамабызга да жаздык. Советтик мезгилде чогуу бир коом болуп жашадык, жалпы окшоштуктарыбыздын бири - бизде светтик маанай басымдуураак кылат. Бул норма башкы мыйзамдарыбызда да жазылган. Жаштарыбыз жапырт динге берилип кетти деп азырынча айта албайбыз. Бирок интернет аркылуу диндин жакшы жактары менен катар жаштарыбыз ар кандай деструктивдүү маалыматтарга да сугарылып жатышат. Экстремисттер жаштарды азгыруунун бардык айла-амалын издеп, социалдык тармактарды колдонууда. Ошондуктан мамлекет, жарандык коом жана эксперттер ушул жагына көңүл буруп, каршы турууга аракет жасашы зарыл. Бул үчүн ошол эле интернеттен жаштар маалыматтын ак-карасын ылгай биле тургандай шарт түзүп, позитивдүү контент сунуш кылышы керек.
Ал эми Казакстандан келген изилдөөчү, Улуттук Евразия университетинин кафедра башчысы Айгерим Оспанова изилдөөнүн тыянактарына таянып, ар бир өлкөнүн өкмөтү жаштардын иш менен камсыз болушуна көңүл бурганы туура дейт:
- Борбор Азия үчүн биринчи орунда турган негизги жалпы проблема – окуу жайды бүткөндөр жумуш таба албай жатканы. Кийинки көйгөй – акылдуу жаштарыбыз чет мамлекеттерге кетип калууда. "Балык суунун тереңин, ал эми жаштар жашоонун кененин издейт" демекчи, аларга дем берип, өлкөдө кармап калуу жана ошого жараша шарт түзүп берүү зарыл.
Форумга катышкан жаштардын көп кызыгуусун Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн баяндамасы жаратты. Мекеменин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын теология бөлүмүнүн башчысы Эрлан Бакиев 2014-жылы өлкөдөгү диний абал Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланып, анын жыйынтыгында атайын концепция кабыл алынгандан кийин маселеге коопсуздуктун негизги факторлорунун бири катары көңүл бурула баштаганын белгиледи.
Суроолорго жооп берип жатып ал бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2830 мечиттин 866сы каттоодон өтө электигин, ИИМде киберкоопсуздукту тескеген атайын бөлүм 24 саат бою мониторинг жүргүзүп турарын, имамдардын дээрлик 60-70 пайызынын диний билими талапка жооп бербей жатканын, Сирияга кеткендердин 80% интернет-имамдардын азгырыгына туш болгондор экенин айтып, диний коопсуздукту камсыз кылуу максатында көрүлүп жаткан жаңы демилгелер тууралуу маалымат берди.
Бакиевдин белгилешинче, мында жаштардын диний сабатсыздыгын жоюу да негизги мааниге ээ:
- Билимдүү болсоң, демек сен өзүңдү коргой аласың деп коет эмеспи. Андыктан, албетте, кооптонуу, иммунитет болушу керек. Ошондуктан мамлекет ар кандай программаларды ишке ашырып, диний сабаттуулукту жогорулатуу аракетин көрүп жатат. 56 мектепте пилоттук негизде диндер тарыхы боюнча сабак кирди. Жаштарыбыз канчалык сабаттуу болсо, иммунитети да ошончолук бекем болот.
ИИМдин өкүлү Сириядан кайткан 60 кыргызстандыктын 40ка жакыны согушка катышканы далилденип, алар учурда жаза мөөнөтүн өтөп жатышканын билдирди.
Ошону менен катар “Дин эркиндиги жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталып жатканы, ал кабыл алынса бир да адам диний ишмердүүлүгүн же иш-чарасын көчөдө, үйдүн алдында же базарда өткөрүүгө укугу жок болуп калары белгилүү болду.
Бул багытта азыр дагы бир сунуш талкууланып жатат - Кыргызстанда көрүстөндөрдү маркумдун диний ишенимине жараша көмүү жөрөлгөсүн жөнгө салуу максатында атайын нускама иштелип чыкты. Эгер бул нускаманын долбоору кабыл алынса, сөөктү жерге берүүдө диний көз караштан улам чыккан чыр-чатактарды алдын алууга шарт түзүлөт. Башкача айтканда, көрүстөндөр мусулмандар үчүн, христиандар үчүн жана башка дин өкүлдөрү үчүн деп секцияларга бөлүнөт.
Кыргызстанда 3319 диний уюм бар, алардын 2910у ислам, 395и христиан, калгандары башка багыттагылар.