Кесип тандоо чындыгында эле ар бир бүтүрүүчүнүн башын ооруткан чечим. Тилекке каршы, бул чечимге ата-энелер, коом чоң таасирин тийгизет. Бирок менин оюмча кесип тандоодо окуучу өзүнө жалгыз гана суроону бериши керек - «Мага бул нерсе жагабы? Мен бул нерсени чын дилимден сүйөмбү?». Apple корпорациясынын негиздөөчүсү Стив Джобс айткан: «Сен тандаган жумуш (кесип) сенин өмүрүңдүн басымдуу бөлүгүн ээлейт. Эгер сен кылып жаткан нерсе сага жакпаса, анда ал сага пайда алып келбейт. Эгер чындап эбегейсиз бийиктиктерге жетем десең, өзүңдүн ишиңди сүй». Ийгилик деген түшүнүк да ушундан келип чыгат. Ийгиликтүү адам деп мен көп акча тапкан адамды эмес, өзүнүн кесибин сүйгөн адамды эсептейм.
Менимче Чыңгыз Айтматов дилбаян жазганды, терең ой жүгүртүүнү жакшы көргөн адам болгон. Эгер ал чыгармаларын жөн гана атак-даңк үчүн же калем акы алуу үчүн жазса, ал мындай ийгиликке эч качан жетмек эмес. Жапонияда самурай кылычын жасап саткандар бар. Алар бул кесипти кылымдар бою атадан балага мурастап келишет. Албетте алар өз ишин сүйүшөт. Дал ошол себептен чыныгы устанын колунан чыккан бир кылычтын эле баасы бир нече миллион АКШ долларын түзөт.
Азыр Кыргызстанда тоо-кен, чакан гидро энергетика өнөр жайы өнүгүп келатат. Кыргызстандын өзүндө адистердин жетишсиздигинен улам эл аралык ири компаниялар адистерди четтен чакырууга муктаж болууда. Өзгөчө энергетика тармагындагы кадр жетишсиздиги чоң көйгөй болуп келет. Демек эгер мектеп бүтүрүүчүсү келечекте энергетик же геолог болууну чечсе, ал жаңылышпайт деп ойлойм. Эгерде ал өзүнүн ишин жакшы билген адис болсо, ага талап дайым чоң болот.
Саламаттыкты сактоодо да дарыгерлер жетишпейт. Мамлекет жада калса кадрларды кызыктырып тартуу максатында айлык маянаны да көтөргөнү эсибизде. Эгер окуучу химия жана биология сабактарына кызыкса, ал келечекте татыктуу дарыгер боло алат.
Бирок бүтүрүүчүлөр көптөгөн көйгөйлөргө да учурайт. Мен өзүмдүн таржымалымды баяндап, ошолорго токтоло кетейин.
Мен кичинекей кезимен эле математикага шыктуумун. Математиканын фанатымын десем да болот. 6-классты аяктап жатканда, кыргыз-түрк лицейи окуучуларды кабыл алып, тестирлөө жүргүзүп жаткандыгы маалым болду. Ата-энем ал окуу жайдын акысын төлөй албасын түшүнчүмүн, бирок ошентсе да күчүмдү сынап көрүү максатында барып экзаменге катыштым. Математикадан биринчи орунду алдым, ошентип директор мени өзү бөлмөсүнө чакырды. Бардыгы ата-энеси менен жүрөт. Мен эле жалгызмын, себеби ата-энеме деле айткан эмесмин. Мен бул жакка окубайм, жөн гана күчүмдү сыноо үчүн келгем дегениме карабай директор ата-энемди чакыртып, «кызыңыз 11-классты бүткөнчө 50 пайыз жеңилдетүү менен окуйт» деп көндүрдү, ошондон тарта Себатта окуп калдым.
Кийин математика боюнча олимпиададан Талас облусу боюнча биринчини алып, республикалык олимпиадага катыштым. Ал жактан 3-орун алганым мага аябай таңкалычтуу болду, себеби мен бардык суроого туура жооп бергениме 100% кепилдик бере алмакмын. Мындай чечимге макул болбой, аппелляцияга берип, далилдеп олтуруп 2-орунга ээ болдум. Дал ошондой эле окуя кызыл аттестат алганда да кайталанды. Анда да жалгыз өзүм Таластан бери келип, Билим берүү жана илим министрлигине барып, апелляциялык комиссияга далилдеп келгем.
Мурун коррупция деген сөздү алыстан эле угуп, мага анын тиешеси жоктой сезилчү. Бирок өзүм жаш болуп туруп мизимди мокоткондо гана бул турмушта чындык үчүн күрөшүү керек экендигин түшүндүм.
МАИ кызматкерине пара берүү деле коррупция болуп саналат, бирок анда 200, ашып кетсе 500 сом коросо, билим берүүдөгү коррупция жаңы өңүп келе жаткан зээндүү баланын кыялдарына балта чабат, келечегине бут тосот.
Мен кол шилтеп койгондун ордуна, ата-энемдин жардамысыз өзүм чуркап, адилеттүүлүккө жетише алдым. Себеби мен математиканын фанатымын. Жакында эле Кыргыз-орус Славян университетинин Экономика жана эсептөө (бухгалтерия) факультетине тапшырдым.
Эгерде адам сүйүктүү иши менен алек болсо, ал окуудан да кыйналбайт, акча табуу да маселе болбойт. Эгер ар бир адам өз ишинин фанаты болсо, ал өзүнүн мамлекетине гана эмес, бүткүл дүйнөгө салымын кошо алат деп ишенем.
Айгерим Туратбекова, Талас шаарынын кыргыз-түрк Себат лицейинин бүтүрүүчүсү