Жети-Өгүз районунун Саруу аймагындагы Алдашев айылдык кеңешинде 22-сентябрда өтө турган шайлоого талапкерлер аялдар квотасына каршы президентке, Жогорку Кеңешке жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдошту.
“Бир шайлоо округунан үчтөн аял добушка ээ болбосо дагы тоскоолдуксуз депутат болушу, биздин жарандык, жигиттик укугубузду эске албаганы. Ошондой эле аялдын жана эркектин ортосунда жаңжалдын чыгышына алып келүүдө. Шайлоо учурунда элдин ишенимине татып, 250 добуш алган эркек киши өтпөстөн, беш добуш алган аял кишинин депутаттыкка өтүп кеткени мамлекетке жана мыйзамдарга элдин ишенимин солгундатат”, - деп жазылган кайрылууда.
“Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө” мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө каршы кол койгон 70ке чукул талапкердин арасында Калысбек Апенов да бар. Ал аялдарга квота берүүнү эмне үчүн колдобой турганын минтип түшүндүрдү:
"Мурдагы шайлоодо эки округ болсо, мында үч округга бөлүнүп калды. Мурда 150 добуш менен өтүшсө, азыр 149 добуш алса да өтпөй турган болуп жатат. Ошол эле учурда үйүндө жаткан аялдар автоматтык түрдө өтүп кетет экен. Ушул калыстыкка жатабы? Бул жерде мыйзам эмес, шайлоочунун укугу тепселеп жатпайбы?".
Айылдык кеңештин депутаттыгына ат салышкан талапкерлердин бири Шайыргүл Уметалиева эркектердин кайрылуусу айрым аялдарды артка чегинткенин айтты:
"Мурда ар бир округдан үч аял талапкерлигин койсо, азыр эки аял коё турган болду. Тогуз аял эмес, жети аял депутат болсун деп сүйлөштүк. Менимче, айылдык кеңештерде сөзсүз аял депутаттар болушу керек. Кеңештин мүчөлөрүнүн туура эмес кылган ишин айтып, биримдикке чакырып турганга да киши керек да. Мен аялдарга 30% эмес, 40-50% берилсе деп ойлойм".
"Азаттыктын" архиви: "Өкмөт эркек жетекчилерди гана дайындап жатат". 6-март, 2019-жыл
Дагы талапкер Ардак Дүйшеева болсо маселе сүйлөшүү жолу менен эмес, мыйзам чегинде чечилсе болмок деген пикирде:
"Айылдык кеңешке үч аял өтсө деле жакшы болмок. Коомго салымын кошом деп атайын программа менен чыгат да. Эгер эркектер ал аялды "депутаттыкка татыксыз, добуш албай өтүп кетти" десе, анда маселени мыйзам чегинде чечишсин".
Жогорку Кеңеш кабыл алган “Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө президент Сооронбай Жээнбеков 13-августта кол койгон.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзам кабыл алынып, күчүнө киргенден кийин аны так жана кынтыксыз аткаруу керектигин эскертти:
"Азыр жергиликтүү кеңештердин 10 пайызын гана аялдар түзөт. Айрым айылдык кеңештерде такыр эле аял депутаттар жок. Мыйзам кабыл алынып, күчүнө киргенден кийин биз анын ченемдерин, талаптарды так аткарууга тийишпиз. Аялзатынын жергиликтүү кеңештерде болушу иштин алдыга жылышына, социалдык маселелердин сапаттуу чечилишине эле түрткү болот".
Ал эми Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурбек Алымбаев талапкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын, 22-сентябрдагы шайлоо өз нугунда өтөрүн айтууда:
"Биз шайлоого даярбыз, баары менен сүйлөштүк. "Эч кандай тоскоолдук кылбайбыз" деп сөз беришти. Үч аял өтсө аларды мыйзам боюнча каттайбыз, андан кийин алардын арызынын негизинде иш жүргүзөбүз".
Ошол эле учурда эркек талапкерлердин кайрылуусун жарандык активисттер кескин сынга алып, ич күйдүлүк катары сыпатташууда. Алардын айтымында, айылдык кеңеште аял депутаттар болмоюнча, айрым социалдык көйгөйлөр чечилбейт.
Гендер маселелери боюнча эксперт Банур Абдиева талапкерлердин кайрылуусун негизсиз деп эсептеди:
"Айылдык кеңеште аялдар көбүрөөк болсо эле чычалагандары туура эмес. Кечээ Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль алды. Буга аял-эркек дебей баарыбыз кубандык. Саясатта да ошондой болушу керек. Себеби, айылдык кеңешке 30% аялдар келмейинче, социалдык көп маселелер унутта калат. Зомбулукту жоюу, төрөт үйүн ачуу деген маселер козголбошу да мүмкүн. Аялдар 30% болмоюнча дарактарды кыйып, асфальт төшөп, бюджеттин жарымын чөнтөккө сологон окуялар улана берет".
Жети-Өгүз районундагы Алдашев айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 22-сентябрда өтөт. Анда депутаттык 21 мандат үчүн 79 талапкер ат салышат. Алардын ичинде 16 аял талапкер бар.
Эксперттердин маалыматына караганда Кыргызстан боюнча ар бир бешинчи айылдык кеңеште аял депутаттар жок. Башкача айтканда, аялдар жергиликтүү кеңештердин курамынын 11% гана түзөт.