“Азаттык”: Владимир Путиндин кайрылуусун сиз да көрсөңүз керек. Анда Орусиянын президенти Крым маселесине, Украинадагы окуяларга жана Батыштын санкцияларына, ошондой эле экономикалык, социалдык маселелерге токтолду. Бир сөз менен айтканда, сиз бул кайрылууну кандай кабылдадыңыз?
Эмил Үмөталиев: Кооптонуу, тынчсыздануу менен кабыл алдым. Жаңы коркунучтарды түз түшүнүүгө мажбур болобуз. Ошондуктан көбүрөөк талкуулап, тереңирээк түшүнүшүбүз керек.
“Азаттык”: Кооптонуу менен кабыл алсаңыз, анда Кыргызстан үчүн кандай коркунучтар болушу мүмкүн?
Эмил Үмөталиев: Көп коркунучтар бар. Биринчиден, христиандыктын ролу үстөмдүк кылат деп жакшы эле ачык айтты болуш керек. Ошондуктан бардык саясат бир улуттун, бир диндин үстөмдүгүнүн негизинде сунушталып калышы мүмкүн. Муну да тереңирээк түшүнүүгө аракет кылыш керек. Эгерде жаңылсак анда жаңылбаган шарттарды табуу керек.
Экинчиден, “единая русская нация” деп атады. “Российская нация” деген жок, “русская нация” деп атады. Муну “Единый русский мир” деп жарыяланган саясаттын уландысы деп түшүнсө болот. Муну да талкуулаш керек.
Украина тууралуу айткан сөздөрдүн баары Украинанын тегерегиндеги мурдагы советтик республикаларга, анын ичинде биздин Кыргыз Республикабызга да тиешелүү сөздөр. Украинага канчалык коркунучтуу, орой сөздөр айтылган болсо, анын баары бизге тиет деп терең түшүнүшүбүз керек.
“Азаттык”: Президент Путин өлкөгө зыян келтирүүнү максат кылган Батыштын санкциялары тескерисинче, стимул болду, башкача айтканда өлкө экономикасына дем берди, атаандаштыкты күчөттү дегендей айтты. Бул канчалык реалдуу?
Эмил Үмөталиев: Бул маалыматтык согуш болгонун унутпаш керек. Бул сөздөр ички электоратка айтылып жатат. Батыш бул сөзгө канчалык ишенет, же ишенбейт, же канчалык көңүл бурат, же жок – бул башка сөз. Дүйнө жүзүндө 200гө жакын өлкө болсо, анын жүзү Украинаны колдоп бербеди беле. Онго жетпеген өлкө Орусиянын Украинага карата позициясын колдогон. Дүйнө жүзүндө канча өлкө Орусияга каршы болуп, канчасы Украинанын бийлигинин позициясын колдоп турса, ошончолук бул сөздөргө да маани берсе болот.
“Азаттык”: Кайрылууда жаңы жылдан кийин ишке кирчү Евразия экономикалык биримдиги тууралуу да сөз болуп, бардык мүчөлөр тең укуктуу болуп, тыгыз кызматташтык болору айтылды. Бул уюмга Кыргызстан да мүчө болгону турат. Ушул уюмдун келечегине кандай карайсыз?
Эмил Үмөталиев: Келечегине ишенбейм. Биз бүгүнкү күндө саясий чечим кабыл алынган соң баарыбыз тең мыйзамга баш ийебиз. Бирок баары бир өлкө ичинде каршы болгон үндөр чыгып жатат, алар чыга берет.
Бардык саясат бир улуттун, бир диндин үстөмдүгүнүн негизинде сунушталып калышы мүмкүн.
Акыры барып бул уюм урайт. Канча жылдан кийин, канча айдан кийин – бул башка маселе. Он жылга жетпейт болуш керек. Көпчүлүк серепчилер, Орусиянын ичиндеги мурдагы вице-премьер, премьер-министр, министр болуп иштеген адистердин баары тең жакынкы 1-2 жыл ичинде, ашып эле кетсе үч жылдын ичинде бул туруксуз чечимдер, туруксуз уюмдардын баары башкача болот деген ойлорун жашырбай айтып келатышат. Ошондуктан биз жакын арада мындан да башка өзгөрүүлөрдү күтүшүбүз керек.
“Азаттык”: Орусиядагы азыркы экономикалык кырдаалдын Кыргызстанга таасири кандай болуп жатат?
Эмил Үмөталиев: Абдан начар. Орусияда кырдаал начар экенин президент Путин өзү да мойнуна алды. Көп деле жашыра алган жок, канчалык оор абалда болуп атканын ачык айтты. Бизге анын баары терс таасирин тийгизип жатат.