Президент Алмазбек Атамбаевдин орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусу өлкө башчынын 60 жылдык мааракесине туш келди. Мындан улам эки өлкө ортосундагы алаканы талкуулачу жолугушууда президент Атамбаевге куттук сөздөр айтылды:
- Мен дагы бир жолу туулган күнүңүз менен куттуктайм. Биздин мамиле бардык тармактар боюнча туруктуу өнүгүүдө. Албетте, биз азыр жөнөкөй эмес шартта иштеп жатабыз. Ага карабай алдыга коюлган бардык тапшырмаларды өз убагында аткарып жатабыз. Бүгүн да өз алакабызды өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бар, - деди Владимир Путин.
Жолугушуунун алдында орус президенти Путин Атамбаевдин туулган күнүнө бир катар белектерди камдап жатканы маалымат каражаттарында байма-бай кабарланган. Путиндин негизги белеги катары Алмазбек Атамбаевди Орусиянын Александр Невский ордени менен сыйлаганы болду. Путин бул сыйлык эки өлкө ортосундагы алаканы бекемдөөгө салым кошкону үчүн тапшырылганын белгиледи.
Александр Невский ордени Орусия империясынын тушунда негизделип, аны менен аскер жана жарандык адамдар сыйланган. Советтер союзунан бери бул орден менен согушта каармандык көрсөткөн командирлер сыйланып келген.
Президент Алмазбек Атамбаев бийликтеги мөөнөтүндөгү негизги жетишкендиктердин бири - Орусия менен мамилени калыбына келтирүү болгонун айтты:
- Президент катары иштеген беш жылда эң чоң жетишкендиктердин бири - Орусия менен мамилени өз калыбына келтиргеним болду деп эсептейм. Биздин аталар бекеринен чогуу согушпаса керек. Биз ушул мамилени улантышыбыз керек. Албетте, согушу жок улантышыбыз керек.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы алаканын олуттуу маселелери талкууланганы кабарланды. Анын жыйынтыгында кандайдыр бир документтерге кол коюлган жок.
Атамбаев менен жолугушуудан кийин Орусия, Армениянын президенттери жана Молдованын өкмөт башчысы Үркүндүн курмандыктарына тургузулган эстеликке гүлчамбар коюшту. Ошондой эле президенттин кичи мекени Аламүдүндүн Арашан айылында орусиялык “Газпром” ишканасы куруп жаткан спорт зал менен таанышты.
Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкенден тарта эле тышкы саясатта Орусия менен мамилеге артыкчылык берерин билдирип келген. Бул жаатта Атамбаев АКШнын Транзиттик борборун чыгаруунун, өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кошулушунун негизги демилгечиси болгон. Ошондуктан, саясий талдоочулар Атамбаевди Орусияга ыктаган президент катары сыпаттап келишет.
Парламенттин Эл аралык иштер комитетинин мүчөсү Осмонбек Артыкбаев өлкө башчынын Орусия менен тыгыз кызматташтыкка басым жасаган саясаты өзүн актап жатканын белгиледи:
- Учурда Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле жогорку деңгээлде десек болот. Биз бир нече саясий уюмдарга мүчөбүз, бир маданий жана экономикалык мейкиндикте турабыз. Ошондуктан, Орусия менен мамилени күчөтүү биздин саясий да, экономикалык да кызыкчылыгыбызга туура келет. Ошондой эле коопсуздук жаатында кызматташтыкты чыңдоо керек.
Муну менен катар Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүндөгү кыйынчылыктар, Камбар-Ата-1, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулбай калышы эки өлкө ортосундагы мамилеге өз таасирин тийгизди. Мындан улам Кыргызстан Орусия менен мамиледе өз кызыкчылыгындагы маселелерди чечүүгө аракет жасашы керек деп эсептейт Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов:
- Албетте, Орусия биздин байыртадан келаткан саясий, маданий, экономикалык өнөктөшүбүз. Биздин миллиондон ашык мигрантыбыз ошол өлкөдө иштеп жүрөт. Орусия менен мамилебиз бузулбашы керек. Бирок Евразия экономикалык биримдигине даяр эмес туруп кошулуп алганыбыздан улам айыл чарба продукциялары мурда убада кылынгандай сатылбай, дыйкандар кыйналып жатат. Өкмөт убада кылган сөздөр ишке ашпай, Орусиянын рыногуна кире албай турабыз. Буга көңүл бурушубуз керек.
Орус президенти Владимир Путиндин сапары өлкөдөгү саясий жаңжалдарга туш келди. Буга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесинен улам оппозиция, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү менен президенттин мамилеси бузулган. Ушул апта башында Алмазбек Атамбаевдин курулуп жаткан үйүнө байланыштуу “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев оор айыптоолор менен чыккан.
Өкмөт убада кылган сөздөр ишке ашпай, Орусиянын рыногуна кире албай турабыз. Буга көңүл бурушубуз керек.Алмамбет Шыкмаматов
Мындай кырдаалда КМШ саммитин өткөрүү, Владимир Путиндин сапары өлкө ичиндеги абалга таасирин тийгизеби деген суроо талкууга түштү. Саясий серепчи Марс Сариев бул окуялардан бийлик упай топтоого аракет жасап жатканын айтты:
- Көчмөндөр оюндары өттү. Андан кийин эле КМШнын саммити, туулган күнүндө Владимир Путиндин келиши президентке кандайдыр бир деңгээлде упай алып келет. Мунун баарын элге жеткирүүгө аракеттенишет. Бул окуялар кырдаалды турукташтырууга салымын кошушу мүмкүн.
Саясат таануучу Медет Тулегенов бул иш-чаралардын өлкө ичиндеги окуяларга таасири анча деле болбой турганын айтууда:
- Өлкөнүн ичиндеги кризистик кырдаалда бул окуялар кандай колдонуларын айтуу кыйын. Анткени, президенттин эл аралык иш-чараларга катышуусу менен өлкө ичинде болуп жаткан окуялардын байланышы аз. Кыргызстандагы саясий кырдаалга Конституциянын айланасындагы маселе таасирин тийгизип жатат.
Өмүрбек Текебаев 15-сентябрда маалымат жыйын куруп, президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди басып алып, үй курду деп айыптап чыккан. Текебаев 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген бул жер тилкесин былтыр Бишкектин мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттатканын жарыялаган.
Атамбаев Текебаевдин айткандары боюнча иликтөө жүргүзүүнү Башкы прокуратурага тапшырган. Муну менен катар президент июнь коогалаңынын уюштуруучусу деп айыпталган Кадыржан Батыровдун өлкөдөн качуусуна себепкерлерди табуу боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берген. Муну талдоочулар президенттин Текебаевге карата жообу катары баалашкан.