Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:27

"Кара тизменин" кайгысы жеңилдеди


Москва.
Москва.

Кыргыз-орус президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин Орусияга кирүүгө тыюу салынган «кара тизмедеги» жарандарга кайрадан өлкөгө кирүүгө уруксат берилди.

Ага ылайык, Орусиянын аймагында миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн жарандар өлкөдөн чыгып, кайра жаңы миграциялык карта менен кирсе болот.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова кабарлады. Маалыматка караганда, мунапыс Орусияда бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылган же учурда миграциялык эрежелерди бузган жарандарга гана тиешелүү.

ТИМ "миграциялык кечиримди" 16-октябрдан 10-декабрга чейин колдонуп калууга кеңеш берет. Ал үчүн Орусияда жүргөн кыргызстандыктар мекенине келип, андан соң миграция үчүн керектүү документтерин ыраатка келтирип алса болот.

Сот "Орусиядан чыгарылсын" деген чечим чыгарып, бирок өз маалында өлкөдөн кетпегендер, издөөдө жүргөн жарандар, Орусияга кирүү жана чыгуу боюнча федералдык мыйзамдын 27-беренесинин негизинде орус жергесине кирүүгө тыюу салынгандарга мындай жеңилдиктин тиешеси жок.

«Кара тизмедеги» жарандар 2018-жылдын ноябрь айынан тартып өздөрүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин сайтындагы маалымат базасынан текшертсе болот.

Расмий маалымат боюнча Орусиянын "кара тизмесинде" 70 миң кыргызстандык болсо, алардын 50 миңи соттун чечими менен депортацияланган.

Расмий маалыматка караганда, Орусияга кирүүгө тыюу салынган «кара тизмеде» 70 миңдей кыргызстандык бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG