Бишкекте 19-февралда кыргыз-орус өкмөт өкүлдөрү “Манаска” инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча ниет меморандумга кол койду. Тараптар азырынча инвестициянын шарттары тууралуу макулдаша элек.
Орусиядан өкмөттүк делегацияны Федералдык бажы кызматтын жетекчиси Андрей Бельянинов баштап келди. Кыргыз бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда энергетикалык долбоорлор тууралуу да сөз болду.
Орусия “Манас” аба майданына 1 миллиард доллар инвестиция салууну убада кылып жатат. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, азырынча инвестициянын шарттары, акциялардын үлүшү макулдашыла элек:
- Аба майданда биз хаб уюштурушубуз керек. Чет өлкөлүк учактар көбүрөөк конуп-учушу абзел. “Манастан” америкалык база кетип жатат. Биз ошончо көп учуп-конгон аскердик учактардын ордуна жарандык учактарды кабыл алышыбыз керек. Орусия чоң мамлекет, алардын аба компаниялары көп. Алар биздин аба майдан аркылуу канчалык көп учуп баштаса, көп жүргүнчүлөр каттаса, биздин бюджетке көбүрөөк каражат түшөт. Ошон үчүн Орусия бизге керек.
Оторбаев Москванын Оштогу эл аралык аба майданды оңдоп-түзөп берүү ниети бардыгын кошумчалады:
- Ош аба майданын жаңыдан куралы деп жатабыз. Себеби, бул аба майдандын келечеги абдан кенен. Бишкекте “Манас” аба майданынын жалпы базардагы көлөмү 2 миллион киши болсо, Оштуку 15 миллион болуп атат. Өзбекстандын, Тажикстандын жакын экенин эске алсак, бул аба майдандын келечеги кенен. Бирок ал жакта учуп-конгон тилкеден тарта, имаратына чейин жаңы курушубуз керек. Баткен аэропортун өнүктүрүшүбүз зарыл. Бардык жакка инвестиция керек. Ошондуктан биз “Роснефть” компаниясы менен келишимдердин принциптерине кол койдук. Буйурса ошонун негизинде долбоорлорду даярдап, Жогорку Кеңешке көрсөтөбүз.
“Манасты” Орусияга берип-бербөө маселесин Жогорку Кеңеш чечет. Кыргыз парламенти буга чейин ири өлчөмдө инвестиция салат деген жүйөө менен “Кыргызгазды” толугу менен Орусияга 1 долларга сатканга макул болгон эле.
Бейрасмий маалыматка караганда Москва Бишкектен аба майдандын 51 пайыз акциясын сурап жатат. Мындан улам айрым эксперттер Орусия “Манаска” толугу менен көзөмөл жүргүзүп калат, кыргыз учактары учуп-конгону үчүн Орусияга акча төлөгөнгө мажбур болот, Москванын “каш-кабагын” байкап учуп калат деп сындай баштады.
Кыргыз-орус өкмөт өкүлдөрү 19-февралда Бишкектеги жолугушууда энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча да документтерге кол койду. Тактап айтканда, Жогорку Нарын каскады менен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жагдайларын тактады.
Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Райымбек Мамыровдун айтымында, Орусиядан Жогорку Нарын каскадына келген 1 миллиард рубль акчанын үчтөн эки пайызы колдонулду. Ага жумушчулар жашай турган турак-жай салынды, бетон завод куруу үчүн жабдуу келди, андан сырткары суу чыгарылып, электр зымы тартылды:
- Ишти этап менен жүргүзүү боюнча эки тарапка акционердик коомдун уставдык капиталын түзүү маселелерин май айына чейин бүтүрүү боюнча тапшырма берилди. Экинчиси - “Русгидрого” октябрь айына чейин Жогорку Нарын каскадынын курулушун каржылоону жүз пайыз чечүү боюнча тапшырылды. Ага чейин мен жогоруда белгилеген акчанын эсебинен курула берет. Убактылуу курулуштар болуп жаткан жердин жалпы аянты чыгарылган. Ал 240 гектар. Анын акчасы эсептелип, “Электр станциялар” акционердик коому Нарын облусуна 10 миллион сом акча берген. Ал деген 2013-жылдын түшүмүнөн кеткен чыгашаларды компенсация кылуу үчүн берилген акча. Андан сырткары азыр ГЭСтерди курууга керектеле турган жердин аянты такталып жатат. Бул тактоо май айында бүтөт.
Буга чейин орусиялык айрым басылмалар Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун кыргыз тарап кечеңдетип жатат деп жазып чыгышкан эле. Анда ГЭС курула турган жердин документтери даяр эместиги айтылган. Энергетика министринин орун басары бул мүчүлүштүктөр жоюлганын билдирди. Орусия аталган ГЭСтин техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп берген, кыргыз тарап ага өзүнүн кошумча-алымчасын, тактоосун киргизди. Соңку вариант март айынын этегинде даяр болот:
- Кыргызстан тарап долбоорду ишке ашырууда кээ бир маселелерди кармап атат деп айтып чыгышкан. Анын ичинде жер маселеси да бар эле. Кечээ бул маселенин баары чечилди. Биз болсо акча каражатын берүү кечигип жатат деп айтып жатканбыз. Кечээ бул маселе да чечилип, даталар коюлган конкреттүү документ кабыл алынды. Май айында Камбар-Ата-1 жабык акционердик коомунун уставдук капиталы бекийт, июнь айында насыянын биринчи траншын алуу боюнча документ даярдалат. Ал эми октябрь айынан тарта акча келе баштайт.
Нарында төрт ГЭС жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү 2012- жылы макулдашкан. Долбоорлор өзүн актаганга чейин башкаруу Орусия тарапта болот, андан кийин гана үлүш теңме-тең бөлүнмөкчү.