Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Гусев: Москва ЕАЭБ көйгөйүн курчуткусу келбейт


Борбор Азия боюнча орусиялык серепчи Леонид Гусев
Борбор Азия боюнча орусиялык серепчи Леонид Гусев

Орусиянын Мамлекеттик Думадагы ЛДПР партиясы Кыргызстанда Октябрь революциясын майрамдоонун токтотулушуна байланыштуу кыргызстандык мигранттарга айдоочулук күбөлүк боюнча жеңилдикти жоюу демилгесин көтөрүп чыгышкан.

Москва эл аралык институтунун Борбор Азия көйгөйлөрүн изилдөө борборунун илимий кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты жана серепчи Леонид Гусев кыргыз-орус алакасы, ЕАЭБдеги көйгөйлөр тууралуу "Азаттыкка" маек берди.

"Азаттык": Кыргызстанда 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялоо тууралуу президенттин сунушуна Москвадан мындай реакцияны күтүүгө мүмкүн беле?

Леонид Гусев: Албетте, расмий Бишкек үчүн Москвада болуп жаткан реакция күтүүсүз болду. Орусиянын өзүндө Октябрь революциясы бир топ жылдан бери белгиленбейт. Ельциндин убагында Элдешүү күнү деп аташып, кийин ал дагы майрам күн катары белгиленбей калган.

Экинчиден, Октябрь революциясын Кыргызстан толук жойгон жок.

Бул күндүн аталышы гана өзгөрүп калбадыбы, башкача айтканда, Кыргызстанда ал майрам эмес, ошол жылдары болгон окуялардын курмандыктарын эскерүү күнү болду. Бул ар бир өлкөнүн өз иши, ага эч ким кийлигишпеши керек.

"Азаттык": Анда эмне себептен орусиялык басылмаларда жана коомчулукта негативдүү маанайдагы талкуу жаралды? Буга кандай негиздер болду?

Леонид Гусев: Айрым ишмерлер Орусияда президенттик шайлоо жакындаган сайын ушундай кадамдарга барып калышат. Өзгөчө ЛДПР партиясы.

Владимир Жириновский буга чейин большевиктерди, коммунисттерди жана Октябрь революциясын сөгүп, болушунча жамандап келген. Анан эле мындай кызык иш-аракеттер башталды. Чындыгында, бул жөн жерден чыккан ызы-чуу, оор кесепеттерге алып келбейт.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы.
Орусиянын Мамлекеттик Думасы.

"Азаттык": Ал эми Кремл буга кандай карап жатат?

Леонид Гусев: Мамдумага киргизилген бардык мыйзам долбоорлор президенттин администрациясы аркылуу өтөт. Биз азыр көрүп жатабыз, расмий Москва, жогорку бийлик өкүлдөрү эч кандай билдирүү жасаган жок.

Кыргызстан Орусия менен Евразиялык экономикалык биримдик, ЖККУ, ШКУ сыяктуу биримдиктерде чогуу. Мындай нерселер бул союзду бузбайт. Ал эми айрым саясий партиялар пиар, ызы-чуу кыла бериши мүмкүн. Бирок андан эч нерсе өзгөрбөйт.

"Азаттык": Сиз Кыргызстандын ЕАЭБдеги орду жөнүндө айтып жатасыз. Эмне себептен Москва кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга унчукпай келет? Бул биринчи кезекте бажы маселесин камтыган биримдик эмеспи.

Леонид Гусев: Москва ЕАЭБдеги көйгөйлөрдү курчуткусу келбейт. Ошондуктан ачык эч нерсе айтылбай келет. Албетте бул жаңжал. Аны чечүү үчүн бардык кызыкдар тараптар сүйлөшүүгө тийиш. Орусиянын катышуусу дагы абзел. Азыр кырдаал кантип чечилери белгисиз, бирок сүйлөшүүлөрдү баштоо зарыл.

Кыргызстанда азыр президенттик милдетти өткөрүү маалы. Ошон үчүн мындай сүйлөшүүлөр жаңы президент келгенде башталышы күтүлөт. Бул маселе чечилет. Мурда деле Бажы союзунда өнөктөштөр ортосунда талаш-тартыш болуп келген. Орусия менен Беларуста газ көйгөйү, Казакстан менен Орусиянын ортосунда авто өндүрүшү боюнча маселе болгон, бирок, бул суроолор деле чечилген.

"Азаттык": Жакында Алмазбек Атамбаев ЕАЭБди сындап чыккан. Москва аны кандай кабыл алды?

Леонид Гусев: Азыр Алмазбек Атамбаев кетип жаткан президент. Москва жаӊы президенттин кызматка келишин күтүп турат. Сооронбай Жээнбековдун бийлик тарабынан көрсөтүлгөн талапкер болгону эч нерсени чечпейт.

Орусиянын бийлиги эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык түзүлөрүн күтөт. Тарыхта кайталанып турчу нерселер болот. Мурдагы башчынын мураскери келсе деле саясат баары бир өзгөрөт. Бирок Атамбаевдин учурунда деле орус-кыргыз алакасы жакшы деӊгээлде болгон.

"Азаттык": Атамбаевдин жана ЛДПР партиясынын депутаттарынын билдирүүлөрүнөн кийин Орусиядагы кыргызстандык мигранттар күч органдары тарабынан текшерүү күчөгөнүн айтышууда. Орусияга жаңы келген мигранттан эмгек келишимин сураган учурлар болуп жатыптыр. Бул жогору жактан көрсөтмөбү? Эмгек мигранттары кайрадан эле кыргыз бийлигине кысым көрсөтүү үчүн курал болуп жатабы?

Леонид Гусев: Тилекке каршы, жер-жердеги мамлекеттик кызматкерлер – ошол эле миграция кызматы, чек арачылар коомдо жана маалымат каражаттарында болуп жаткан ызы-чууну көрүп, кыргызстандык мигранттарга өздөрүнчө ар кандай тоскоолдук көрсөтө башташы мүмкүн. Бирок бул көпкө созулбайт. Анткени жогорку бийликтен көрсөтмө жок. Орусия үчүн Борбор Азиядагы, анын ичиндеги Кыргызстандагы стабилдүүлүк маанилүү.

Азыр терроризм, Ооганстандагы абал, исламчыл радикал топтор сыяктуу көптөгөн орчундуу иштер турат. Ошондуктан Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ортосундагы достук кымбат. Ал эми орусиялыктар Октябрь революциясын он жыл мурда эле майрам катары белгилебей калган. Албетте бул тарыхтагы маанилүү окуялар, аны эскерүү керек. Бирок Орусия үчүн Борбор Азия чөлкөмүндөгү тынчтык жогору турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG