Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Гүлзат: Балдарым Москвада кайыр сурап жүрүптүр


Гүлзат Шарипова балдары менен
Гүлзат Шарипова балдары менен

Москвада Кайрат Сатаев үч баласы менен изделип жатат. Аларды акыркы жолу шаардагы вокзалда тилемчилик кылган жерден көрүшкөн.

Сегиз жыл бирге жашаган Гүлзат менен Кайрат үй-бүлөдөгү чыр-чатактан улам быйыл май айында расмий ажырашып кетишкен. Соттун чечими менен эки уул, бир кыз апасынын кароосунда калган.

- Жумушу жакшы болбой, үйдө уруш-талаш көп болчу. Мындан улам балдарымды апамдын үйүндө чоңойттум. Мени балдарым менен кошо сабачу. "Ушинтип жашабай эле койдум" деп, былтыр сотко арыз жазып, быйыл ажырашканбыз. Акча сурап, алимент кестирген эмесмин. "Атасы, келсе келсин, балдары менен көрүшсүн" дечүмүн. Келгенде келчү, кеткенде кетип калчу. Балдар эмне кийип, эмне жеп жатканы менен иши жок болчу. Апамдын жардамы менен өзүм эле чоңойтуп жаткам.

Кайрат Сатаев
Кайрат Сатаев

Соттун чечими менен макул болбогон Кайрат Сатаев июлдун башында Бишкектеги үйүнөн балдарды алып чыгып кеткенин, алардын Москвада жүргөнүн эки айдан кийин гана билгенин Гүлзат айтып отурду:

- 1-июлда кичүү балам Султанды үйдөн алып качып кетти. Сиңдим андан коркконунан эч кандай тоскоолдук көрсөткөн эмес. Мен жумушта болчумун. Ошол күнү Бишкектеги Ленин районундагы Ички иштер башкармалыгына арыз жаздым. Атасы деп эч нерсе кылышкан жок. Эки жумадан кийин үйдөгү 89 жаштагы таенемдин колунан жети жаштагы кызым Адеми менен беш жаштагы Адилетти алып кетти. Мен кайрадан арыз жаздым, эч ким эч нерсе кылган жок. Ошол айда жыгылып кетип, бутун сындырып алыптыр. Мен ал жашаган Октябрь району боюнча Ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылдым. Балдарды коргоо борборунун кызматкерлери менен үйүнө чейин бардым. "Эшиги бек" деп акт түзүп коюшту. Мен чырылдап буларды Бишкектеги туугандарынан издеп жүрө бериптирмин. Көрсө, бул балдарды менен 15-августта чек арадан чыгып кетиптир. Менин уруксатым жок, кайсы нотариус менен документ жасап чыгып кеткенин билбейм.

Адилет, Султан, Адеми
Адилет, Султан, Адеми

Гүлзат Шарипованын айтымында ал балдарды кайтарып алууга Бишкектеги Ленин жана Октябрь районундагы Ички иштер бөлүмдөрүнө, ошондой эле Балдарды коргоо социалдык кызматына бир нече жолу кайрылган. Бирок мамлекеттик кызматкерлерден эч кандай жардам болгон эмес.

Азыр Москвада энеге балдарын таап берүүгө аракет кылып жүргөн Бексултан Таиров акыркы жолу аларды шаардагы вокзалдан көргөндөр болгонун айтты:

- Москвага келгенин уккандан кийин эле мен сүрөттөрүн социалдык тармактарга чыгарып, мекендештерден дароо жардам сурадым. Ошондо бир байке байланышып, булар анын үйүндө үч-төрт күн жашаганын айтты. Өзү балдак менен жүрөт экен, «аялым өлүп калган» дейт экен, балдарга кайыр суратат экен. Кийин элчиликтин жанынан көрүшүптүр. Акыркы жолу Киевский вокзалга жеткирип койгондор болуптур. Кийин дайыны чыкпай калды.

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова 32 жаштагы кыргызстандык Кайрат Сатаев алгач элчиликке жардам сурап келип, кийин мекенге кайтаруу жөнүндө сөз болгондо дайынсыз кеткенин билдирди.

- Биздин мейманканада 1-5-сентябрда жашашыптыр. Балдарынын документтери бар болчу. «Москвага дарыланганы келдим, жардам керек» деген. Кийин «диаспора аркылуу социалдык тармактардан мекендештерден жардам сурап, сизди балдарыныз менен Кыргызстанга кетирели» дегенде, эртеси күнү эле балдарын алып, "Москвада тууганымды таптым" деп, белгисиз жакка чыгып кеткен.

Балдарын кайтарып алууну эңсеген Гүлзат Шарипова учурда Кайрат Сатаевдин жана балдарынын Москвада жүргөн жерин билгендер болсо, элчиликке жана Кыргызстандын ИИМнин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылуусун өтүнөт.

Байланыш телефондору:

Гүлзат Шарипова +996 709 439 606,

Бексултан Таиров +7 925 581 52 05.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG