Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:33

Жапаров: Кыргызстанга системалуу кризис келатат


Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Мурдагы экономика министри Акылбек Жапаров Евразия экономикалык биримдигине кирүү тобокелчиликтери, эмгек мигранттарынын жагдайы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Улуттук стратегиялык иликтөө институту мигранттардын которгон акчасы 33 пайызга азайды деген тыянак чыгарыптыр. Бул Батыштын Орусияга санкцияларына байланыштуу кризистенби же башка себептери барбы?

Акылбек Жапаров: Кыргыз окумуштууларынын, анын ичинде менин да божомолум боюнча жыл этегине чейин мигранттардын акчасы 50 пайызга кыскарат. Буга биринчи кезекте Орусияга эмбарго киргени, акча курсунун ылдый түшүп кеткени себеп.

Валютанын наркынын түшүшүн орустар пайдаланды, катуу сокку көргөн жок. Ошолордун акчасы менен айлык алып аткан кыргыздарга кыйын болду. Мурда алган 60 миң рубли эки миң доллар болуп атса, азыр бир миң эле доллар болуп калды. Ага жараша которуулар мындан ары да кескин азаят. Ошондуктан кыргыз өкмөтү мигранттан келбей калган бир миллиард доллардын ордун түз инвестиция менен жабышы керек эле. Тилекке каршы түз инвестициянын көлөмү да былтыркыдан 50 пайызга азайды. Демек биздин валютабыздын туруктуулугуна да коркунуч жаралып атат.

Москвада иштеген кыргызстандыктар
Москвада иштеген кыргызстандыктар

“Азаттык”: Мигранттардын Кыргызстанга кайткан агымы акыркы жарым жылда кадимкидей өстү. Бирок, акыркы мезгилдери каттоого туруу мөөнөтүн бир айга узартуу, “кара тизмеден” чыгаруу сыяктуу Орусиянын чечимдеринин мигранттарга пайдасы тийеби?

Акылбек Жапаров: Моралдык эле колдоо бербесе, иши жок калган мигранттар Кыргызстанга кайтпаска чарасы жок. Ошондуктан өкмөт жылына 70 миң жумушчу орун, аны бере турган ишкерлерге шарт түзүп бериши керек. Бирок, Бүткүл дүйнөлүк банктын шарт түзүү боюнча рейтингин карасак, быйыл 102-орунга келип калдык. Демек, ишкерлерде шарт начар.

Кыргыз өкмөтү күндөлүк тиричилик менен эле алек. Эртең-бүрсүгүнү эмне болот? Бажы биримдигине кирип атканда бизге ыңгайлуулукту жарата турган шарттарды түзбөй коюп, эми минустарын гана көрүп атабыз.

“Азаттык”: Кандай минустарды көрүп атасыз, сиз, мисалы?

Акылбек Жапаров: Баалардын баары өстү. Мына Алматынын, Москванын баалары келди. Биздин сын-пикирлерди, сунуштарды угушкан жок. Жакынкы аралыкта бажы посттору алынышы керек. Казактар фитосанитардык көзөмөл жок албайбыз деп атышат. Бул да өкмөттүн кемчилиги да. Биз эмнеге Армениядан башкача шарт менен киришибиз керек эле?

"Грециянын кейпине түшөбүз"

“Азаттык”: Азыр эми жараянды токтотуу мүмкүн эмес. Келишим мүчө өлкөлөрдөн ратификациядан өттү. Эми мындан ары түздөп кетүүнүн жолу барбы?

Акылбек Жапаров: Бар. Кыргыз өкмөтү рынок гана чечет деп отура берген саясаттан түп тамырынан бери баш тартып, артыкчылыктуу тармактарды аныктап чыгышы керек. Айыл чарбасы биринчи орунда турат.

Анан “Мамлекеттик жана менчик өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдын негизинде милдеттенмени моюнга алып, астыга жылдырыш керек. Ушундай шарттардын негизинде жумушчу орундарды түзгөнгө киришпесе илгеркидей эле жумушчу орундарды бюджеттин эсебинен түзүп, айлыкты көтөрүп коюп жүрө берсек Грециянын кейпине түшөбүз.

“Азаттык”: Евразия биримдигине кирүүдөгү дагы бир тобокелчилик интеллектуалдардын тышка агымы күчөйт деген божомол болууда...

Акылбек Жапаров: Дарыгерлер, мугалимдер, инженерлер, башкалар кетип эле атат. Кадрдык чоң потенциалдан айрылып калуу коркунучу бар.

“Азаттык”: Аларды кантип кармап калса болот?

Өкмөт жылына 70 миң жумушчу орун, аны бере турган ишкерлерге шарт түзүп бериши керек.

Акылбек Жапаров: Бир гана жолу бар. Биз жалпы башкаруу системасында жана тармактарда реформаларга барып, сапатын, акчасын көтөрүү аркылуу жумушчу орундарды беришибиз керек. Көрүнүп эле турат, Кыргызстанга системалуу кризис келатат. Казактар кризис келди деп былтыртан бери антикризистик программаларды ишке ашырып атат, беларустар, орустар ошону менен алек.

“Азаттык”: Кризис келатат деп атасыз. Эгер андай болсо кульминациялык чеги кайда жана канчага созулат?

Акылбек Жапаров: Орусия эки-үч жыл деп атат. Кыргызстанда деле ошончо созулат. Биз Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин эми орусиялык экономикага биротоло байландык.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG