Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Ярославль - миң жылдык тарыхы бар Орусиядагы байыркы шаарлардын бири. 19-кылымда ал эң кооз шаар катары мүнөздөлүп, “орус Флоренциясы” деп аталып калган.
Кийин совет маалында өндүрүштүн борборуна айланып, шаарда автотетиктерди чыгарчу ири ишканалар иштеген. Бүгүнкү күндө Ярославль дүйнөдөгү биринчи космонавт аял Валентина Терешкованын кичи мекени катары белгилүү.
Шаардын калкы 700 миңден ашат. Кыргыз жамааты Ярославлда жашаган элдердин арасында эң чакан биримдик.
Алты жылдан бери Ярославлда жолдошу менен жүргөн Айнура жаш үй-бүлө бул шаарда акырындык менен ирденип, бала-чакалуу болуп калганын айтат.
- Шаар кичинекей, бирок үй-бүлө менен жашап, иштегенге ылайыктуу. Мисалы, биз эки бөлмөлүү батирге 10 миң рубл эле төлөйбүз. Үй-бүлөбүз бөлүнбөй чогуу турабыз. Шаарда кыз-келиндерге жумуш аз, эркектер болсо курулушта. Мен башында тазалыкта иштедим, кийин балалуу болуп, үйдө отуруп калдым. Анан эки жылдан бери авиакасса иштетип жатабыз. Тапканыбыз өзүбүзгө жетет. Жашообуз жакшы. Бишкектин четинде жер алып, үй салалы деп турабыз. Кыргызстанда кандай эркин жүрсөк, бул жакта деле ошондой жүрөбүз.
Ярославлда аскердик-космостук, айыл чарба жана медициналык академияда жалпысынан отуздан ашык кыргызстандык студент билим алышат. Акылбек Жумабеков окуудан тышкары кошумча иштейт.
- Айыл чарба академиясында окуйм, келечектеги технологмун. Буюрса, бажыда тамак-аш жана башка продукцияларды текшерем. Азыр экинчи курстамын, дагы эки жыл бар. Бүткөндө Кыргызстанга керек болсок, ал жакта жумуш табылса, “барып иштейин” деген эле тилек бар. Болбосо, бул жакта иш таап калабыз да. Азыр окуудан тышкары шаурма жасаган жерде иштейм. Башында айылды сагынып жүрчү элем, эми көнүп калдым.
Ярославлга 1998-99-жылдары келген Керимбек Арыкбаев шаарда кыргыз жамаатын түптөп, аны он жылдан бери жетектеп келет. Ал Москвага салыштырмалуу Ярославлда мекендештердин тапканы азыраак болгону менен, жарандык алып жашоого шарттары ыңгайлуу деп сүрөттөйт.
- Орточо айлык – 20 миң рубль. Анын тамак-аш менен батирге 8 миңдейин сарптап, калганын чогултушат экен. Бул жерде тамак-аш, батир арзан да. Иш жагынан болсо, кыз-келиндер соода түйүндөрүндө, тазалыкта, кийим тигүү тармагында, балдар курулушта. Акырындык менен жарандык алып, балдары менен отурукташайын дегендер бар. Мурун союз маалында калып калгандар мекендештер дагы бар. Быйыл кыргызстандыктарга орус жарандыгын берүү үчүн 500 квота берилсе, быйыл аны 2 миңге чейин көбөйтүштү. Жарандык алса да болот бул жерде.
Арыкбаев белгилегендей шаарда көптөн бери иштеген мекендештердин арасында өз алдынча иш ачып, жарандык алып, отурукташууга ниет байлагандар арбын.
Курулушта иштеген Акжол Келгенбаев эки жыл мурун өзүнүн ишканасын түптөп алган. Эми өзү жумушчуларды топтоп, өзү кардарларды табып эмгектенип келет.
- Мен деле башында бир топ кыйынчылыктардан өткөм. Азыр чакан ишканам бар. Колумда жыйырмадай мекендеш, анан дагы башка бир туугандар болуп, элүүдөй бала иштейт. Кийин келип жаткан жаштарды дагы ишкердикке үндөйм. “Бирөөгө иштеп, анан айлык маянаны күтүп жүрө бербей, кичинекей бир нерсе болсо дагы, өзүбүздүн ишти ачалы” дейм. Азыр ниеттеш, тилектеш мекендештер биригип ушул багытта иш алып бара жатабыз.
Ярославлдагы мекендештерди ишкердикке үндөө максатында Керимбек Арыкбаев жана Акжол Келгенбаев жетектеген кыргыз жамааты 19-мартта Улуттар ассамблеясынын үйүндө Москвада түптөлгөн “Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын” өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурушкан. Жолугушууда ар кандай тармакта эмгектенген кыргызстандыктар тажрыйба алмашып, ишкердиктин сырлары менен бөлүшүштү.