Орусиянын "РусГидро" компаниясы "Жогорку Нарын каскады" долбооруна байланыштуу 37 миллион долларды өндүрүү үчүн Кыргызстанды сотко берди. Анын Кыргызстанга кесепети кандай болот, кыргыз өкмөтү кандай аракет көрүп жатат?
"РусГидронун" төрагасы Николай Шульгинов сентябрда орусиялык "Ведомости" гезитинин суроолоруна жооп берип Гаага сотунда бул ишти карай турган курам аныкталганын, азыр компания соттун ишинин башталышын күтүп жатканын айткан. Шульгиновдун сөзү боюнча, буга чейин Кыргызстан менен болгон сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес. Компания конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок аларга Кыргызстан макул болбой жатканын билдирген.
Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин башчысы Муратбек Азимбакиев Орусиянын "РусГидро" компаниясы 37 миллион доллар өндүрүү үчүн Кыргызстанга каршы Гаага сотуна кайрылганы тууралуу Бишкек расмий билдирүү ала элек экенин "Азаттыкка" билдирди:
- Аны биз деле силердей эле маалымат каражаттарынан көрдүк. Мен эч нерсе деп айта албайм, бизде андай маалымат жок.
Ал эми “Улуттук энергохолдингдин” жетекчиси Азамат Абдыкадыров "РусГидро" Кыргызстандын эл аралык аудит өткөрүү тууралуу сунушуна көнбөй жатканын "Азаттыкка" билдирди. Ал аталган компания Гаага сотуна кайрылганы тууралуу маалыматты тастыктап, сүйлөшүүлөр уланып жатканын, бул үчүн атайын мекеме аралык комиссия иш алып барып жатканын белгиледи. (Бул багытта талашты жөнгө салуу боюнча мекеме аралык комиссия 2016-жылы түзүлгөн. Ага “Улуттук энергохолдинг”, "Электр станциялары" ишканасы, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет, Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги жана башка бардык кызыкчылыгы бар тараптар кирген - авт.). Анын айтымында, 1,5 ай мурда аталган компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип кетишкен.
- Мындай иштерди дайыма сүйлөшүүлөр менен чечкен оң болот, - деди Абдыкадыров. - Сүйлөшүүлөр сөзсүз керек, биз өз сунушубузду беребиз. Алар “өзүңөрдүн үлүшүңөрдү сатып алып, маселени өзүңөр чечкиле, биздин акчаны, болгон чыгымды төлөп бергиле” деп жатат. Жогорку Нарын каскады - жабык акционердик коом, бул жерде эки тараптан - Кыргызстандын "Электр станциялары" ишканасы менен Орусиянын "РусГидро" ишканасы тараптан болуп 50-50% үлүш менен жабык акционердик коом түзүлгөн. “Ошол үлүшүңөрдү алгыла” деп жатышат, ал 2,5 млн. сом турат. Эгер ал үлүштү алсак, биз милдеттердин баарын алып калган болобуз. Ошондуктан бул чечилбей турат.
2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол коюшкан. Ага ылайык, Камбар-Атаны "Интер РАО" ишканасы, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын "РусГидро" курмай болгон. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирип, аны төлөп берүүнү талап кылып келет. Москва буга чейин да бересе кайтарылбаса, эл аралык арбитражга кайрыларын эскерткен.
Кыргыз тарап жумушчулардын жатаканасынан башка ал жерде эч нерсе курулбаганын жүйө келтирип, кеткен чыгымды аныкташ үчүн эл аралык аудит өткөрүүнү сунуш кылган. Орусия ага көнгөн эмес. Жогорку Кеңеште да бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, эл өкүлдөрү курулушка кеткен каражаттар "эки-үч эсе кымбат эсептелген" деп бүтүм чыгарышкан.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул ишти сотко жеткирбей чечүү зарыл экенин белгилеп жатат:
- Мунун бир гана жолу бар - келишимди президент президент менен, өкмөт өкмөт менен сүйлөшүшү керек. Кандайдыр бир саясий жолу менен чечиш керек, муну. Экономикалык биримдикте туруп бири-бирибиз менен соттошконубуз жакшы көрүнүш эмес. "РусГидро" деген мамлекеттик компания, демек өкмөтү таасир эте алат. "Бизде чоң, миллиарддаган долбоорлор болуп атса, Кыргызстандын миллион калкы иштеп жатса, келечекте чогуу иштейбиз деп жатсак, силер 37 млн. долларыңарды токтото тургула", - деп айтышы мүмкүн да. Келечекте кайсы бир долбоорду иштеп чыкканда чыгашаларды ортодон чыгарып жапса болот.
Эксперттер арасында эгер сот болсо "РусГидро" утуп чыгат деген пикирлер арбын. Ал эми энергетиктер келишим эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөндүктөн, Гаага сотуна кайрылууга негиз жок болгонун да айтышууда.
Эркин эксперт Жаныбек Оморов оболу "Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына жумшалды" деген каражаттын так суммасын аныктап алуу зарыл деген пикирде. Ал бул үчүн аларды эл аралык аудиттен өткөрүүгө көндүрүш керек деп эсептейт.
- Мыйзам жагын карап чыгыш керек, - дейт Жаныбек Оморов. - Кеткен чыгымдар такталып, ошол жаңы инвесторго өтүшү керек, Кыргызстан эч нерсе төлөбөшү керек, менин билишимче. Орус тарап, мисалы, өзү айткан, “долбоорду аткарганга акчабыз жетпейт” деп чыккан. Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алып, экономисттер менен юристтер чогуу отурушу керек. Чыны менен чыгым канча болду? Эмнеге биз өзүбүз алдыга озунуп, ушуну мойнубузга алып жатабыз? Ушул жагы да мага түшүнүксүз болуп жатат.
"РусГидродон" кийин Кыргызстан былтыр жайында чехиялык "Liglass Trading CZ" компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭС куруу боюнча келишим түзгөн. Өкмөт чехиялык ишкерлер Кыргызстандын "РусГидрого" болгон карызын төлөй турганын жарыялаган.
"Liglass Trading CZ" келишимдин шарттарын аткара албай, кыргыз тарап андан да кол үзгөн. Азыр ушул долбоор боюнча кызыккан инвесторлор бар экени айтылганы менен алар кайсы жактан, кандай шарттарды сунуш кылып жатканы азырынча ачык айтылбай жатат. Кыргыз өкмөтү сот качан болорун да билбейт.