Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Жалал-Абад: шаардыктарды түйшөлткөн жол


Жаңы басылып жаткан асфальт жол.
Жаңы басылып жаткан асфальт жол.

Жалал-Абад шаарында 22 млн. сомдук жол куруу иштери соцтармактардын колдонуучуларынын сынына кабылды.

Социалдык түйүндөрдө өткөн аптада тараган тасмада тегизделген шагылдын үстүнө битум чачылбастан асфальт төшөлүп, жол куруу эрежелери сакталбай жатканы көрсөтүлгөн. Шаар бийлиги курулуш иштеринин баары көзөмөлдө экенин билдирүүдө.

Шаардын Чехов көчөсүн оңдоо учурунда тартылган видео Интернет колдонуучулардын талкуусуна түштү. Аны “Фейсбуктагы” баракчасына шаар тургуну Мирбек Уметалиев жүктөгөн.

Тасмада тегизделген шагылдын үстүнө битум чачылбастан асфальт төшөлүп, жол куруу эрежелери сакталбай жатканы көрсөтүлгөн. Социалдык тармактын колдонуучулары жол куруучулар менен шаар бийлигин бул үчүн сындашкан. Уметалиев элдин сынына шаар бийлиги реакция жасабаганын айтты:

- Мен шаар тургуну катары жол куруу иштери кандай жүрүп жатканын видео аркылуу “Фейсбуктан” чагылдырып койдум. Ал жерде эксперт катары оюмду же сын айткан эмесмин. Видеону көрүп, ар бир Интернет колдонуучу өз пикирин жазышты. Шаардын бийлиги ал кемчилигин оңдоонун ордуна, тескерисинче, ишти аткарып жаткан фирманы жактап жатат. Иштеген жерим салынып жаткан жолдун жанында орун алган. Күн сайын курулушка көзүбүз түшөт. Шагылды тегиздеп, үстүнө чака менен суу чачкандай битум чачып, анан асфальт басып коюшту. Мындай басылган асфальт канча жылга жарай турганын эч ким билбейт. Шаардагы бардык курулуштар элдин көзөмөлүндө болгону, Интернет аркылуу сын пикир айтып турганы жакшы көрүнүш.

Шаардын тешилген жолдору.
Шаардын тешилген жолдору.

Маалыматка ылайык, шаар бюджетинен Чехов көчөсүнүн 800 метрге чукул аймагын реконструкциялоого биринчи этапта 6,2 миллион, экинчисинде 22 миллион сом каражат бөлүнгөн. Бир топ сын пикирлерге карабай жолдун курулушу мурункудай уланып жатат.

Шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков бардык курулуш иштери көзөмөлдө экенин айтты:

- Ар бир эле адам чөнтөк телефонуна видеого тартып, Интернетке чыгара берсе туура эмес да. Долбоордун 10% кепилдик акчасы бизде болот. Үч жыл аралыгында жаңы жол бузулса, ишкана ошол акчанын эсебинен өздөрү оңдойт. Кээ бир учурда курулуш нормасына ылайык жердин кыртышына карап топурак аралашкан учурлар да болот. Бирок ошентсе да күн сайын эртең менен же жумуштан кийин аткаруу бийлигинин жетекчилери барып, курулуштагы кемчиликтерди айтып жатабыз. Эгерде сын реалдуу жана мазмундуу болсо аны биз угабыз.

Октябрда шаардын Пушкин көчөсүн кеңейтүү иштеринин жүрүшүндө жөө адамдар басуучу жолдун сапатсыз курулганы айтылып, шаар бийлигинин кийлигишүүсү менен ал жерлерге кайрадан асфальт төшөлгөн болчу.

Шаардын жарым-жартылай курулуп калып кеткен жолдору.
Шаардын жарым-жартылай курулуп калып кеткен жолдору.

Жалал-Абад шаарында быйылкы жылы курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 147 млн. сом каражат бөлүнгөн. Алардын басымдуусу жол куруу иштерине жумшалды. Эки көчө реконструкцияланып, 12 көчөнүн тротуарлары оңдолгон. Бирок калаанын ички жолдорунун 70% дале эски бойдон кала берүүдө.

Шаар тургуну Амангелди Төрөбеков көңүл бурулбай жаткан көчөлөрдү санап берди:

- Пушкин көчөсүнүн жарымы быйыл кеңейтилип, айдоочуларга жакшы шарт түзүлдү. Бирок сапатына келсек асфальт өйдө-ылдый болуп, унаа менен жүрүүдө кыйынчылык бар. Каралбай жаткан жолдорду айтсам, мисалы, СМУ кичи районундагы ички жолдор. 14-мектептен тартып, Максат кафеси, андан ары автобекетке кеткен жолдо, Курманбек көчөлөрүндө жүрүп болбойт. Жазында көчөлөрдү жамоо иштери жасалганы менен жыл айланбай кайра эле тешилип жатат. Шаардын борборундагы мэриянын алды дайыма тыгын. Унаалар эмес, жөө адамдар да басып өтө албайт. Адегенде шаар бийлиги иретсиздикти тартипке келтирип, өз короосунан баштасын.

Майрамбек Адылбеков.
Майрамбек Адылбеков.

2017-жылы республикалык бюджеттен 65 млн. сом каралып, Жалал-Абад шаарындагы төрт көчөнү оңдоо жумуштары башталган. Көчөлөрдүн жарымына асфальт басылып, учурда калганы эски абалда турат. Бир жылдан ашык убакыттан бери курулуштун токтоп калганына борбордук казынадан акчанын бөлүнбөгөнү себеп болгонун айтты вице-мэр Майрамбек Адылбеков:

- Шаардагы Кыргыз Республикасы, Токтогул, Барпы Сейил, Шерматов жана Мамыр баатыр көчөлөрүнө жаңы асфальт төшөө иштерине республикалык казынадан каражат каралган. Ал жумуштарды Жол жана транспорт министрлигинин карамагындагы аймактык жол тейлөө ишканалары алып барып жаткан. Учурда 70% жумуштар аткарылып, калганы токтоп калды. Республикалык бюджеттен каражат берилбей жатыптыр. Бул да болсо шаардыктарга ыңгайсыздыктарды жаратып жатат.

Жалал-Абад шаарында эски көчөлөрдү кеңейтүү жана жөө адамдар басуучу жолдорду оңдоо акыркы жылдары колго алына баштады. Шаардын жылдык бюджети 338 млн. сомдун тегерегинде.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG