Бир айга жакын убакыттан бери жарандык коом өкүлдөрүн жана журналисттерди кызыктырып жаткан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам боюнча президент Сооронбай Жээнбеков өз позициясын билдирди.
«Биринчи радиодо» чыккан маегинде президент Жээнбеков түпкүрүндө бул мыйзамды колдоорун, бирок коомчулуктун маанайын эске алуу менен артка кайтарарын жарыялады:
«Мага бир топ кайрылуулар келип түштү. Жогоруда айткандай, мыйзамга кол коюуну да, мыйзамга вето коюуну да өтүнгөн эки тарап бар. Мен эки тараптын тең жүйөлөрү менен тааныштым. Ток этерин айтканда – бул мыйзам керек. Бирок аны дагы бышырыш керек. Ошондуктан конституциялык укугума таянып, бул мыйзамды артка кайтарам. Бирок бул мыйзам боюнча медиа тармактын өкүлдөрүнүн, депутаттардын, менин аппаратымдын, тийиштүү министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгууну сунуш кылам».
Сооронбай Жээнбеков азыркы шартта Интернетте жалган маалыматты жөнгө салган демилге керек экенин бир нече жолу кайталап, ал түгүл өзү каршы болгон мыйзам долбоорун иштеп чыккан жана колдогон депутаттарга ыраазычылыгын да билдирди:
«Ушул мыйзамды жарандык коомдун, медиа тармактын катуу сынынан коркпой алып чыккан депутаттар Гүлшат Асылбаеванын, Айнура Осмонованын, парламент төрагасы баш болгон депутаттардын эмгегин белгилейм. Мына ушул мыйзамды талкуулап жатканда биздин коомдо фейк маселеси бар экенин көрдүк. Мыйзам керек экенин парламентте талкууда, ичинде, сыртында талаш-тартыш болгондо көрдүк. Пандемиянын шартына туш болуп, албетте, кенен талкуу болбой калды».
Ошентип, парламент каникулга тараарда абдан кызуу талкууга түшүп, жарандык коомдун каршылыгына карабай депутаттар көпчүлүк добуш менен кабыл алган мыйзам долбоору артка кайтарылды.
Президент белгилегендей, «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан эле. Авторлор мыйзам адамдын намысын, абийирин Интернеттеги ушак менен жалаадан коргоого өбөлгө түзөт деген жүйө келтиришкен болчу.
Бирок бул демилге көтөрүлгөндөн баштап жарандык коом, эл аралык жана медиа уюмдар өлкөдөгү сөз эркиндигин чектейт деп тынчсызданып келишкен. Мындай каршылыктарга карабай парламент 26-июнда көпчүлүк добуш менен үч окууда кабыл алган.
Ошондон кийин жарандык коом өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбековду мыйзам долбооруна кол койбоого чакырып келишкен. Ал тургай Бишкекте мыйзамды четке кагууну талап кылып жүздөгөн адамдын катышуусунда жарандык жүрүш да өткөн.
Дал ушундай кырдаалда президент талаштуу демилгени артка кайтарды. Муну айрымдар жарандык коомдун жеңиши катары баалап жатышат.
Бул мыйзам долбоорунун артка кайтарылышына коомчулуктун каршылыгы себеп болгонун айткан жарандык активист Урмат Жаңыбаев президент аргасыздан ушундай кадамга барды деген пикирде.
«Бул кайсы бир деңгээлде жеңиш деп айта алам. Анткени эгер жарандык коом позициясын ачык айтып чыкпаганда азыр мыйзам кандай болсо, президент ага кол коймок, - деди ал. - Азыр болсо убакыттан уттук. Эми мыйзам мындан ары каралган учурда биз жигердүү катышып, бул демилге сөз эркиндигине басым катары колдонулбашы үчүн аракет кылабыз. Ал эми президент «бул мыйзамды колдойм» деп айтып жатканы ал ушул эле мазмунда документке кол коюуга даяр болгонун көрсөтөт. Жөн гана нааразылыкты көрүп, кайсы бир деңгээлде акыркы чечимин жарыялаганы менен коомчулуктан толук таламын талашкан жок».
Жаныбаев президенттин бул мыйзамдын кабыл алынышын колдогонун эске салып, өлкө бийлиги азыр пандемиядан улам коомдогу нааразылыкка кошул-ташыл болуп кетет деген чочулоодон улам гана бул процессти кийинкиге калтырды деген оюн кошумчалады.
Ал эми мыйзамдын демилгечилери болгон депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова президенттин каршы пикири боюнча позициясын билдире элек. «Азаттыктын» бул депутаттар менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.
Эми «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору тагдыры кандай болот? Бир ай ичинде президенттик аппарат документти Жогорку Кеңешке кайтарып берет. Ошондон кийин өлкө башчысынын каршы пикири боюнча депутаттар, президенттик аппараттын өкүлдөрү, эксперттер кирген макулдашуу комиссиясы түзүлөт. Ал комиссия президент макул болбогон пункттар боюнча иш алып барып, макулдашылган вариантты кайрадан Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгат. Андан соң парламенттин көпчүлүк добушу менен кабыл алса, кайрадан президенттин кол коюусуна жөнөтүлүшү керек.
Учурда көпчүлүк эл өкүлдөрү бул мыйзамдын тагдырын кийинки чакырылыштагы парламент чечсе керек деген ойдо турушат.
Талаштуу мыйзамга президенттин каршы пикирин жарандык коомдун убактылуу жеңиши катары сыпаттаган депутат Дастан Бекешев демилгенин мындан аркы тагдыры кийинки парламенттин сапаттык курамына көз каранды экенин айтууда:
«Менимче, бул мыйзам боюнча маселени кийинки чакырылыштагы Жогорку Кеңеш карайт деген ойлойм. Себеби, азыркы чакырылыштан макулдашуу комиссиясына ким кирет? Кирсе да бир ай ичинде мыйзамды карап чыгууга жетишеби деген маселе турат. Ошондуктан бул демилге боюнча кийинки чакырылыштагы парламент чечим кабыл алат деген ойдомун».
Кыргызстанда алтынчы чакырылыштагы парламенттин ыйгарым укуктары октябрь айында аякташы керек. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленди. Адатта шайлоого бир ай калганда депутаттардын көпчүлүгү үгүт өнөктүгү менен алек болуп, толук иштебеген учурлар болгон.
Бирок айрым байкоочулар бийликтин кызыкчылыгы болсо бул мыйзам долбоорун тез арада азыркы парламент аркылуу кабыл алдырып, кол коюшу мүмкүн экенин четке кагышпайт. Алар мындай сценарийге коомчулуктагы бийликке карата мамиле, нааразылык маанайдын деңгээли таасир этээрин айтышууда.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.