Жалилов мындай мыйзам долбоорду колдобогон депутаттарды "динге каршы чыкты" деп айыптоодо. Анын билдирүүсүн "экстремисттик чакырык" деп баалап, диний кастыкты козуткан деген берене менен иш козголушун талап кылгандар да бар.
Интернетте бул билдирүү кызуу талкууга алынууда. Чубак ажы Жалиловду колдогондор, депутат Жанар Акаевдин таламын талашкандар да көп.
Бул боюнча муфтият да, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да азырынча үн ката элек.
Чубак ажынын "жарыясы"
Чубак ажы Жалилов 7-июнда Фейсбуктагы баракчасына парламентте комитет жыйынында жума намаз үчүн түшкү тыныгууну узартуу боюнча мыйзам долбоорду колдобогон депутаттарды айыптап, билдирүү жазды. Андан көп узабай эле видео кайрылуусун да жарыялады.
Анда мыйзам долбоорду колдогон Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасы Садык Шерниязды, депутаттар Рыскелди Момбеков менен Тазабек Икрамовду алкап бата берген. Ал эми каршы болгон Жанар Акаев баштаган алты депутатты "динге каршы чыкты" деп айыптаган жана алардын мусулманчылык жөрөлгөлөрүнө катышпай турганын айтып коркуткан:
- Мыйзам долбоорун колдобогон депутаттар менен бир дасторкондо отурбайм. Аларга кол берип саламдашпайм. Алардын жаназасына турбайм жана менин жаназама келип катыша турган болсо, катыштырбоону мураскерлериме осуяттаймын. Булар катыша турган шайлоолордо буларга добуш бербейм. Мени уга турган бир туугандарыма да ушул осуятты багыштайм. Эгерде мен муфтий болгонумда булардын жакшылык-жамандыктарына катышпасын деп жалпы имамдарга буйрук бермекмин.
Чубак ажы Жалилов билдирүүсүндө мыйзам долбоорго каршы добуш берген депутаттардын кайсы фракциядан экенинен сырткары туулуп-өскөн жеринен өйдө көрсөткөн. Мындай маалыматты жазууда "кимдир бирөөгө пайдасы тийип калат" деген жүйө келтирген.
Депутаттын аалымга жообу
Мыйзам долбоорго каршы добуш берген алты депутаттын ичинен азырынча Социал-демократтар фракциясынан депутат Жанар Акаев жооп кайтарды. Ал “Азаттыкка” комментарий берип жатып, Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсүн экстремисттик чакырык деп баалады:
- Ыйык орозо айында сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, ынтымакка үндөй турган диний аалымдардын мындай билдирүүлөрүн кооптуу көрүнүш деп айтсак болот. Биз жума намазга эч ким барбасын деген жокпуз да. Өкмөт бүт мамлекеттик системаны, мектептин, бала бакчанын, армииянын, оорукананын баарынын иш жадыбалын өзгөрткөнгө болбойт, жума намазга эч кандай тоскоолдук жок, мыйзам менен өзгөртүүнүн кереги жок деп жатат. Президенттин аппараты, УКМК, кесиптик кошуундар муну айтып жатат. Бирок буга карабай элге жакшы көрүнөбүз деген депутаттар, аларды колдогон молдолор ушундай радикалдуу, экстремисттик билдирүүлөр менен чыкканы туура эмес. Ушинтип парламенттеги депутаттардын добуш берүүсүнө чейин кийлигишип атса, эртең жөнөкөй адамдарды, балким башка улутка турмушка чыккан кызды жыга чабыш керек, же дагы бир нерсе кылыш керек десе, адамдар анын айтканын жасай турган деңгээлге жетип калыптыр. Бул коркунучтуу көрүнүш.
Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсү боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы комментарий берүүдөн баш тартты. Ал тууралуу аалымдар кеңешине кайрылуубуз керектигин айтышты. Аалымдар кеңеши жана анын төрагасы Абдышүкүр Нарматов азырынча үн ката элек. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети да комментарий берүүдөн карманууда.
Ханафи мазхабы аша чабууну колдобойт
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиевдин билдиришинче, Чубак ажы Жалилов Кыргызстанга салттуу болуп келаткан ханафи мазхабынын чегинен чыккан кадамга барды:
- Чубак ажынын кийинки кездердеги жүрүм-турумун баарыбыз эле көрүп жатабыз. Шайлоого катышам, кайра катышпайм деди. Баланча-түкүнчө партияга барам деди. “Кыргызстан” партиясын колдойм деп туруп, кайра башка партия менен жарнамаларын илди. Эми мунун баары Конституцияга, мыйзамга туура келбейт. Ал жөнөкөй адам эмес, Аалымдар кеңешинин мүчөсү, диний ишмер. Ошондуктан анын саясатка аралашканы мыйзамга туура келбейт. Анан анын “жаназа окулбасын, булар мусулман эмес” дегендей сөзү биздин ханафи мазхабыбызга туура келбейт. Биздин мазхабдын чегинен чыгып кеткени көрүнүп жатат. Анткени бул мазхабда өзүн мусулманмын дегендерди мусулман эмес деп айтканга эч кимдин укугу жок. Мусулмандыкка туура эмес иш кылса анда ал аркы дүйнөдө өзү жооп берет.
Чубак ажынын билдирүүсүнө экспертиза жүргүзүү керекпи?
Ал арада Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсүнө байланыштуу “диний кастыкты козутуу” деген айып менен кылмыш иши козголушу керектиги айтыла баштады. Ататүрк-Алатоо университетинин юриспруденция кафедрасынын башчысы, серепчи Нурлан Исмаиловдун пикиринде, мурдагы муфтийдин сөзүнө эксперттик комиссия баа бериши керек:
- Укук коргоо органдары эксперттик-лингвистикалык комиссия түзүшү керек. Бул комиссия ар бир сөзгө баа берип, жыйынтык чыгарат. Ошонун негизинде анын билдирүүсүндө кылмыштын курамы барбы, же жокпу, болсо кайсы беренеге туура келет дегенди аныктайт. Эгерде кылмыштын курамы жок боло турган болсо, анда анын айткандары жеке пикир деп саналат. Жеке пикирди биз сыйлашыбыз керек. Бирок анын моралдык туура жана туура эмес жагы бар. Ал бирок башка маселе.
Жапониядагы Кобе университетинин саясат таануу боюнча магистратурасынын бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбековдин баамында, динди өз кызыкчылыгына пайдалануу кыргыз саясатчыларына мүнөздүү көрүнүшкө айланды:
- Көп саясатчылар буларга каршы айта алышпайт. Себеби, биринчиден, саясатчылардын элге сунуштай турган реформасы, алгылыктуу иши жок. Ошондуктан “кудайга ишенебиз, кудай дейбиз, аркы-берки кылабыз” деп мөөнөт өткөрсө болду дешет. Бардыгын уурдап-жеп, тууган-уругун кызматка коюп, айтор башаламан болуп жатат. Чыныгы проблеманы чече албагандыктан бир топ саясатчылар динге жамынып алып, ошонун эсебинен шайлоочу топтогусу келет. Мисалы, президент Алмазбек Атамбаев деле экономикалык жыйынтыктары жок, бирок мечиттерди куруп жатат, сөздөрүндө "кудайдан", "ташбараңга алып" деп сүйлөйт. Бул эми карапайым калкка жага турган сөз. Ал уламыштарды күчөтүп жатат. Бирок бул көрүнүштүн кесепети өтө оор болуп калышы мүмкүн.
Буга чейин Чубак ажы Жалилов менен депутат Жанар Акаев намазканага байланыштуу талашып-тартышкан эле. Жанар Акаев Жогорку Кеңеште жана башка мамлекеттик мекемелердеги намазкана кайсы каражаттын эсебинен курулганы ачык болушу керек дегендей пикирин билдирген. Чубак ажы Жалилов болсо анда да депутатты динге каршы чыгып жатат деп айыптаган.