Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Журналисттин соту жана диний сабырдуулук


Кыргызстандагы “Сөз эркиндигин коргоо комитети” уюму журналист Зулпукаар Сапановдун төрт жылга эркинен ажыратылганына тынчсызданып, өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарына, муфтиятка, бир нече коомдук уюмдарга кайрылуу жолдоду.

Соттун катаал чечими жазмакерлерди этият болууга чакырабы же коомдогу араздашууларды күчөтөбү? Улуттук жана диний баалуулуктарга кандай мамиле жасоо керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна тарых илимдеринин кандидаты Баяс Турал, “Акыл-эс, ыйман” коомунун жетекчиси Дүйшөн ажы Абдылдаев жана “Сөз эркиндигин коргоо комитетинин” мүчөсү, журналист Дайырбек Орунбеков катышты.

“Азаттык”: Дүйшөн ажы, сиз баштаган бир топ ислам таануучуларынын журналист Сапановдун “Кыдыр санжырасы” китеби боюнча дооңуздун негизги жүйөсү эмнеде болду эле? Китепте диний кастыкты козута турган кандай маалыматтар болгон?

Дүйшөн ажы Абдылдаев: Бул китепте диний жаңжалды, диний нааразычылыкты козута турган жагдайлар бир топ.

Китеп чыкканга чейин Кыргызстандагы эки гезитке бир топ фрагменттер жарыяланган. "Толугураак окугуңар келсе “Кыдыр санжырасы” китебин алгыла" деп сатыла турган даректерге чейин жарыялар болду.

Ошол китеп жарык көргөндөн кийин бизге бир топ кайрылуулар түштү, кыжырдануулар, нааразы адамдар чыкты.

Гезитке жарыяланган вариантындагы айрым маалыматтарды окуп көрөлүчү. “Аллах шайтан экендиги көзүбүзгө кашкайып көрүнүп турат”, “шайтанды кудай деп элди алдап жаткан динчилдер”, “Аллах пайгамбар кылган пенделерге келсек, накта бузукулуктун башатына жетебиз”, “биздин ата-бабабыз мусулман деген сөздөрдү токтоткула” деген таң каларлык сөздөр көп. Сөз эркиндигине, демократияга жамынып алып, элдин баарын тыя тургандай анын кандай акысы бар?

“Азаттык”: Баяс мырза, сиз Сапановдун аталган китебин окуп чыккан адам катары айтсаңыз, чыгармадагы кайсы бир динди басынткан, кемсинткен жагдайлар барбы, болбосо дин ишмерлеринин сыны эмнеге негизделген деп ойлойсуз?

Баяс Турал: Эгерде биз китепке диндер аралык мамилени козуткан деген көз караш менен мамиле кылсак анда биз таптакыр тарыхый чындыктар айтылбаган абалга туш келебиз. Аны менен илим да өнүкпөйт. Коомдо ар кандай илимий көз караштар айтылыш керек.

Автор Куран гана эмес, ага чейинки Тора, Библия китептерине илимий талдоо жүргүзүп жатат, байыркы кыргыз дүйнө таанымына жакын ойлорун айтып жатат. Куранга чейинки семит элдеринин дүйнө таанымдарын жазып жатат.

Мен дагы бир топ жылдан бери ислам тарыхын изилдеп жүргөн кишимин. Маалыматтарда 24 миң пайгамбар өткөн деп айтылат. Мисалы, алардын бири Муса пайгамбар кудай менен сүйлөшө берет, анын буйруктарын аткарып турат. “Египеттен еврейлерди алып чыгасың” дейт, алып чыгат. Анан чөлдү кырк жыл айланып жүрөт. Андан соң кайрылып ата-журтуна барарда кудай Мусага “ал жерди ээлеп алган эл бар, ошолорду кырасың” дейт. Керек болсо “эркегин калтырбай кырасың” деген жерлери бар. Бул Сапанов ойлоп тапкан факт эмес да.

Зулпукаар Сапанов
Зулпукаар Сапанов

Ошондой тарыхый маалыматтарга Зулпукаар өзүнүн оюн билдирип жатат. Автор “кудай баарыбыз үчүн бирөө болсо, анан эмне үчүн ал бир элди көтөрмөлөп, экинчи элди кырдырып жатат?” деп жазат. Ошондуктан Сапанов “еврейлердин айтканы кудай эмес, шайтан” деп айтып жатат. Буга окшогон ойлорду, көз караштарды Сапановго чейин эле Европанын окумуштуулары жазып келишкен. Советтик заманда атеисттер, окумуштуулар да өз ойлорун ачык айтып келишкен.

“Азаттык”: Дайырбек мырза, сиз мүчө болгон “Сөз эркиндигин коргоо комитети” тараткан кайрылууда "Сапановдун камалышы өлкөдөгү диний мамилелерди ого бетер ырбатышы мүмкүндүгү жана башкалар үчүн ал өтө терс, коркунучтуу үлгү болору" белгиленген. Ушинтип айтууга эмне негиз болду?

Дайырбек Орунбеков: Менин жеке пикиримде азыр интернет айдыңында эки тарап тең радикалдашкан кырдаалга өтүп баратат, абал ырбап баратат. Эгер эл арасында түшүндүрүү, агартуу иштери жүргүзүлбөсө, кийин чоң көйгөйгө алып келе турган жагдай түзүлүшү мүмкүн.

Бүгүн ислам динин катуу тутунган агымдар бар. Ошол эле убакытта ислам динине көө жапкан улутчул маанайлар да аз эмес. Алар бири бирин укпай, түшүнбөгөн, келишпеген кырдаалдан өтүп, ортолорунда аргументсиз асылуулар, тирешүүлөр күч алууда.

Мындай жагдайга көңүл бурбаса диний араздашуулар күчөп, мамлекеттин, элдин тынчтыгына коркунуч жараткан абал туулушу мүмкүн. Ушул ойлорду эске алып “Сөз эркиндигин коргоо комитети” коомчулукта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, абалды колго алуу керек деп алдын ала эскертип жатат.

Редакция: Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен журналист Зулпукаар Сапанов 12-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин (улут аралык, расалык же диний кастыкты козутуу) 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылган. Төрт жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынган.

Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз:

Журналистин соту жана диний сабырдуулук (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:09 0:00
Түз линк

Журналистин соту жана диний сабырдуулук (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:42 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG