Ал өткөн жылы Кыргызстандын бүт аймагында иш жүргүзгөн медреселерге жалпысынан 126 миң доллар каралганын, каражат окуучулардын санына жараша бөлүштүрүлгөнүн билдирди.
Серепчилер болсо анын чын-төгүнүн элге жеткирүү үчүн муфтияттын эсепканасы документтерди коомчулукка жарыялашы керек деген ойдо.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өткөн жылдан тарта ажылардын эсебинен диний билим берүү тармагын өркүндөтүү аракетин баштаган. Тагыраак айтканда, ажыга кетип жаткан ар бир жаран 35 долларды медреселерге колдоо көрсөтүү максатында муфтиятка төлөйт. Ал акча окуучулардын санына жараша билим берүүчү жайларга бөлүнөт.
“Азаттык” радиосуна өз ысымын ашкере кылбоону өтүнгөн диний ишмер былтыр бөлүштүрүлгөн пулдун көбүн муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов Бишкектин Арча-Бешик конушундагы өзү башкарып жаткан медресеге алганын билдирди. Маалыматка ылайык, Эратовдун медресеси үчүн 120 миң доллардан ашык акча берилген. Бирок муну Равшан ажы куру доомат катары сыпаттады:
- Бул жалган маалымат. Иштесең да жакпайсың, иштебесең да жакпайсың. Мен мүдүрлүк кылып жаткан медресеге өткөн жылы 500 миң сомдун тегерегинде каражат бөлүнгөн. Ага көмүр жана компьютерлерди сатып алдык.
Равшан ажынын айтымында, өткөн жылы ажылардан чогулган акча өлкө аймагындагы 62 медресеге берилип, каражат ар бир окуучу үчүн 980 сомдон бөлүштүрүлгөн (“Азаттык” бир катар медреселерге байланышып, бул маалыматты тастыктады).
Эратов Арча-Бешиктеги Абдулла ибн Масуд медресесин бир топ жылдан бери жетектеп келет. Жалпысынан 530 улан-кыз билим алат. Айрым динчилдер ал жерде “Таблиги жамаат” уюмунун өкүлдөрү бар экенин, аларга муфтияттан колдоо болорун айтып жүрүшөт. “Азаттыкка” маалымат берген булактын айтымында, каражат бөлүштүрүүгө көпчүлүк медреселердин өкүлдөрү нааразы болушканы менен аны ачык айтуудан айбыгышат:
- Равшан Эратовдун башкаруусундагы медресеге колдоонун көп болушу азыркы муфтий Максат ажыга да түздөн-түз байланыштуу. Ал медреседе "Таблиги жамааттын" идеялары жайылтылары мурда айтылган. Муфтияттагылар бул уюмду тымызын колдоп келаткан жайы бар. Дааватчылардын көбү алардан чыгат. Муну териштирүү зарыл.
Равшан ажы Эратов бул да каралоо экендигин белгилөөдө (“Таблиги-жамаат” уюмуна Кыргызстанда тыюу салынган эмес, бирок Казакстан, Тажикстан жана Орусияда экстремисттик деп саналат).
“Муфтияттын уставдык укугун, коррупцияга каршы реформасын коргоо жамааты” деп аталган бирикменин жетекчиси Бакыт Нурдинов да коомчулук арасында күмөн ойлор жаралбашы үчүн муфтият бөлүштүрүлгөн каражат тууралуу элге толук маалымат бериши керек деген пикирде:
- Дин башкармалыгынын сайтына кайсы медресеге канча акча бөлүнгөнүн, ага эмне сатып алынганын так көрсөтүп, эсеп-чоту менен чыгарып коюу керек. Ошондо күмөндүү ой-пикирлер жаралбайт,- дейт Нурдинов.
Муфтият диний билим берүүчү жайларды колдоо программасынын алкагында бир гана медреселерге эмес, институттарга да акча бөлө баштаганын Кара-Балтадагы “Куран нуру” ислам институтунун жетекчиси Садыбакас Доолов айтууда. Аталган окуу жайга былтыр 65 миң сом бөлүнүп, ага медициналык пункт ачып алышкан. Ал жерде жүзгө жетпеген студент бар. Быйыл бериле турган акча ажылыктан түшкөн төлөмдөн көз каранды.
Кыргызстанда муфтият менен диний ишмерлердин ортосунда жыл сайын ар түрдүү чатак чыгышы өнөкөткө айлана баштады. Серепчилер муну дин башкармалыгы менен бийлик аралашкан таасирдүү топтордун ортосундагы тирештин жыйынтыгы катары сыпатташат.