Он жылдан кийин мамлекеттеги диний кырдаал кандай болот? Сырткы жана ички диний жагдайлар саясатка канчалык таасир этиши мүмкүн?
«Биз жана дин» түрмөгүнүн бул санында ушул өңдүү суроолор камтылган маекти сунуш кылабыз.
Философия илимдеринин доктору, АКШда эмгектенип, бир канча эл аралык уюмдарда лекция окуп жүргөн диний маселелер боюнча илимий изилдөөчү, философия илиминин доктору Руслан Жалил эксперт Канатбек Мурзахалиловдун суроолоруна жооп берет.
Канатбек Мурзахалилов: - Бизге белгилүү болгондой Гарвард жана Мичиган университеттери менен бирдикте чоң бир илимий долбоордун алкагында «Кыргызстандагы ислам жана коомдун динчилдиги» деген темада изилдөө жүргүздүңүз. Бул илимий ишке кандай себептер түрткү болду?
Руслан Жалил: - Изилдөөнүн башталышы абдан кызык болду. Чет өлкөдө окуп, иштеп жүрүп Кыргызстанга келгенде жакын таанышымды көрүп калдым. Ал беш маал намаз окуп, жай отурганда да дин жөнүндө сүйлөп калыптыр. Анан «Советтер Союзу жок болгондон кийин динчилдик канчалык өнүктү, эл канчалык деңгээлде динге ооду?» деген ой келди.
«Мечиттердин саны коомдун динге ыкташынын көрсөткүчүбү?» деген суроо кыргыз коомунун канчалык динчил экенин изилдөөгө, эсептөөгө түрткү берди.
Канатбек Мурзахалилов: - Изилдөөнүн жалпы методологиясы кандай болгонун да айта кетсеңиз.
Руслан Жалил: - Изилдөө негизинен Кыргызстандын эли канчалык динге жакын экенин билүү максатында жүргөн. Ошон үчүн бул жерде Кыргызстандын калкын жана коомчулукту изилдөөгө туура келди. Сандык жана сапаттык ыкмалар колдонулду.
Кыргызстандын бир канча аймактарында сурамжылоо жүргүзүлдү. Жалпысынан изилдөөгө 2,5 миңге жакын жаран тартылды. Алар 50дөй суроо камтылган сурамжылоого (анкетага) жооп беришти. «Динчилдик социалдык-экономикалык кандай өңүттөргө таянат?» деген суроо изилдөөнүн негизи болду.
Канатбек Мурзахалилов: - Изилдөөдө кандай жыйынтыкка жетише алдыңыз?
Бизде отуз пайызга жакын жаштар намаз окуйт экен. Намаз окуу менен бирге эле жаштарда диний сабатсыздык бар экен.
Руслан Жалил: - Коомчулукта «түштүктө жашагандар динге жакын» деген гипотеза, түшүнүк бар. «Бул кеп канчалык туура, илимий туруктуулугу барбы?» деп изилдеп көрдүк. Изилдөө бул гипотеза чындыкка жакын экенин көрсөттү.
Динчилдик намаз окуганда, орозо кармаганда жана ажыга барганда сезилет. Бизде отуз пайызга жакын жаштар намаз окуйт экен.
Намаз окуу менен бирге эле жаштарда диний сабатсыздык бар экен. Бул өзү туткан ислам дининин эң башкы принцибин билбейт деген кеп. Буга карабастан элибиздин көпчүлүгү өзүн динчил эсептейт. Бул абдан кызык бир табылга болду.
Канатбек Мурзахалилов: - Изилдөөңүздө кыргыз жарандарына караганда өзбек, уйгур улутундагы мекендештерибиз айрыкча динге жакын экени аныкталыптыр. Ошол жөнүндө айта кетсеңиз.
Руслан Жалил: - Сурамжылоодо «Улуттар арасында динге ыктоо кандай деңгээлде?» деген да суроо камтылган. Изилдөөгө уйгурлар жөнүндө маалымат көп кирген жок. Жүзгө жетпеген гана уйгур мекендештерибиз бар болчу. Ошон үчүн жалпылап айта албайбыз. Бирок өзбектер менен кыргыздарды салыштыра келгенде өзбек мекендештерибиз динге жакын болуп чыкты. Бул параметрлер – намаз окуу, мечитке баруу, Куран окуу жана башка диний иш-чараларга аралашуудан улам байкалды. Өзбектер мурдатан эле динге жакын эл болгону үчүн алардын динди таануу жана ага кирүү механизмдери кыргыздардан бир аз башкачараак болгон. Махалла түзүмүндө жашаганы үчүн ал жерде диний билим жана диний баалуулуктар тыгыз жайылган.
Канатбек Мурзахалилов: - Советтер Союзунун кулашы менен постсоциалисттик өлкөлөрдө, айрыкча Борбор Азиядагы республикаларда динге мурда болуп көрбөгөндөй эркиндик берилген. Бул жагдай өз кезегинде түрдүү диний жамааттардын көбөйүшүнө, эң эле өкүнүчтүүсү тыюу салынган экстремисттик жана радикалдуу топтордун пайда болушуна алып келди.
Мечиттердин, медреселердин көбөйүшү, чет өлкөлөрдөн миссионерлердин келгени, диний ырым-жырымдарды сактоо, хижаб, адал өндүрүм сыяктуу түшүнүктөрдүн пайда болгону, коомдо диндин ролу жөнүндөгү талкуунун күчөп, дин жөнүндөгү дискурстун өзгөргөнү тууралуу кабар берди. Ушул контексттен алып караганда Борбор Азиядагы исламдын трансформация болушу Кыргызстан үчүн маанилүү деп эсептейсизби?
Руслан Жалил: - Албетте, бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Советтер Союзу таркагандан кийин басымдуулук кылган эки пикир болгон.
Биринчи топтогу ой-пикирди айткандар «Кыргызстанда дин доминанттуу бир социалдык жагдайга айланат. Анткени атеизм, советтик идеология жок болуп кетти, ошол боштукту дин толтурат» дешкен.
Жамааттардын көбөйгөнү, чет өлкөлөрдөн диний башка топтордун келгени ушул тезистин, ушул пикирдин туура экенин көрсөтүп турат.
Экинчи топтогу адамдар «жок, ислам дини басымдуулук кылган жана маанилүү фактор болууга мүмкүнчүлүгү жок же ага айлана албайт. Биздин коомчулук жана саясий элитабыз динден алыс. Экинчиден, мамлекет куруу механизминде дин колдонулбайт. Үчүнчүдөн, секулярдык мамлекетте дүйнөбий бир системаны курууну максат кылган лидерлерибиз бар. Элде жетимиш жылдык атеизм мезгилинде көп диний баалуулуктар жоюлуп жана унутулуп кеткен» деген тезисти оң көрүшкөн.
Экөөнүн кайсынысы туура чыкканын азыр деле айтуу кыйын. Бирок Кыргызстанда биринчи топтун пикири да, экинчи топтун кээ бир тезистери да туура болуп турат. Бир жактан алып караганда саясий элитабыз секулярдуу жана дүйнөбий баалуулуктарга таянган принциптерди карманат. Башка өңүт менен караганда коомчулук акырындап диний баалуулуктарды өзүнө алууга аракеттенип жатат. Азыр деле бул маселеге чекит коюуга бир аз эртерээк.
Дин - өзгөрбөй турган форма эмес. Дин - бул социалдык конструкт, трансформация болуп, ар кандай шарттардан улам өзүнүн формасын өзгөртүп турат.
Ошондуктан Кыргызстандагы исламдын формасы башка мамлекеттерге салыштырмалуу өзгөрүп кетти. Мисалы, Казакстан же Өзбекстанга караганда Кыргызстандагы диндин формасы башкача. Кыргызстанда саясий жана диний эркиндик бар. Ушунун алкагында бизде диндин формалары да өзгөрүп кетти. Мамлекеттин көзөмөлү жок, «мамлекеттик ислам дини» деген модел да жок. Айталы Өзбекстанда же Казакстанда мамлекеттин «ислам модели» бар же «ислам моделин» тургузууга күчтүү аракеттер жүрүп келет.
Канатбек Мурзахалилов: - Ислам плюрализминин таралышында тышкы оюнчулардын таасири барбы?
Руслан Жалил: - Тышкы жана ички жагдайла да таасир этет. Ички жагдайлар - диний маалымат алууга болгон талап. Коомчулукта ушундай талап бар. Буга Кыргызстанда иштеп жаткан 11 ислам жогорку окуу жайын мисалга тартсак болот. Алардын арасынан эң чоңу - Бишкектеги Ислам университети. Анын жанында көптөгөн медреселер, мечиттер жана мамлекет тарабынан тастыкталган теология факультеттери иштеп жатат. Аларда исламдык билим берүү ар кандай формада, ар кандай моделде берилет. Ошондуктан, ички жагдай - бул диний плюрализм.
Тышкы жагдайларга ар кандай диний жамааттарды, өзүнүн ой-пикирин, түшүнүгүн таратууну максат кылгандарды кошсок болот. Пакистандан, Түркиядан, Орусиядан, керек болсо Ооганстандан келген жамааттар бар. Кыскасын айтканда, бул көрүнүш ички жана тышкы жагдайлардан көз каранды.
Канатбек Мурзахалилов: - Анда азыр коомчулукта айтылып жүргөн «жамаатташуу» процессинен коркпой эле койсок болот экен да?
Руслан Жалил: - Дин коомубуз үчүн коопсуздук маселесин дайыма коюп турат. Бул советтик доордон калган мурас десек да болот. Чындыгында мындан чочулаш керекпи? Менимче, эркин мамлекетте жашагандан кийин динди кармануу - ар бир жарандын өз эрки, конституциялык эркиндиги. Буга тыюу салгандын өзү туура эмес.
Жамаатташуунун, дин тутуунун чеги барбы? Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу - бул чек болуп эсептелет. Эгер Конституцияга же мыйзамга каршы келе турган ой-пикирлер, ураандар жана идеологиялар козголо турган болсо - албетте, мындай жамааттын, мындай диний түшүнүктүн алдын алууга мамлекет кийлигишип, чара көрүшү керек.
Канатбек Мурзахалилов: - Ислам жааматтарын бирдиктүү фронтко бириктирген саясий партия түзүлүшү мүмкүнбү?
Руслан Жалил: - Баш мыйзамды ала турган болсок, бизде мамлекеттин ишине диндин кийлигишүүсүнө тыюу салынган. Диний партиялардын түзүлгөнү биздин мыйзамдарга карама-каршы келет. Ошондуктан бизде формалдуу түрдө мындай партиялар түзүлбөйт. Бирок формалдуу эмес түрдө түзүлүшү мүмкүн. Мындайча айтканда, бир диний жамаат өз тарапкерлерин топтоп, саясий чакырыктар менен чыгышы ыктымал.
Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер менен ал жердеги саясий исламдын формаларын, өнүгүү механизмдерин жана процесстерин салыштыра турган болсок, аларда демократиялык принциптер дээрлик жок. Саясий оппозиция эркин саясий процесстерге аралашууга мүмкүнчүлүк таппай келет. Иракта Саддам Хусейндин тушунда да болгон эмес. Ливияда, Сирияда деле ушундай көрүнүш. Ошондуктан бул мамлекеттерде оппозицияга кирүү же саясатка кирүү диний ураандар менен коштолгон. Коомду мобилизация кылуу дин аркылуу жүрүп келген.
Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстандын диний турмушун 10 жылдан кийин кандай элестетесиз?
Руслан Жалил: - Бул суроонун жообун билиш үчүн жогорудагы изилдөөнү статистикалык - математикалык моделдер аркылуу жүргүздүк. Ага таяна турган болсок, жакынкы 10-15 жылда диний абал, динчилдик көп деле күчөбөйт. Намаз окуу, орозо кармоо, ажыга баруу көп деле өзгөрбөйт.