Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Катуу чыккан азан шаардыктарды капа кылды


Бишкектеги мечиттердин бири
Бишкектеги мечиттердин бири

Бишкек шаарынын мечиттерге жакын жашаган айрым тургундары азандын үнүн азайтууга таасир көрсөтүүнү өтүнүп, бийликке кайрылышты. Алар мечиттерде үн күчөткүчтөрдү көзөмөлгө алууну суранып жаташат.

Өзүн Бактыбек деп тааныштырган Бишкек шаарынын тургуну быйыл жазында ачылган "Махмуд ал-Кашгари" мечитинде азанды өтө катуу айтып жатышат деп бийликке арыздангандардын катарында. Ал азандын добушун азайтуу боюнча жашоочулардын арызына мечиттегилер да, бийлик да көңүл бурбаганын айтып келет.

- Таттуу уйкуда жатканда кыйкырышат. Үнүн бир аз азайтып коюшса болот да. Буга чейин да бул жердеги жашоочулар арызданып көргөн, 30дай киши кол коюп бергенбиз. Ошол боюнча дым жок. Эми кимге арызданасың? Үн күчөткүч менен эмес, мечиттин ичинен эле айтса болот да. Айрыкча түнкү саат 3:30да кыйкырганда уктап жаткан балдар чоочуп кетет экен.

Аталган мечиттин тегерегинде жашагандардын пикирин сурап көрдүк. Галина аттуу жашоочу буга чейин бир нече жолу арызданышканын, андан тыянак чыкпаганын айтып берди. "Мунун айынан үйүн сатып кеткендер да бар", - деди Галина.

Өзүн Раиса деп тааныштырган дагы бир тургун жума намазга келгендердин машинелери тегерекке батпай, анын айынан жол тыгыны пайда болуп жатканына капа. Ошол эле маалда айрым жашоочулар бул дооматка кошулган жок.

- Тескерисинче, акырын угулуп жатпайбы. Мындан да катуу чыкса жакшы болмок. Бул Аллахка, намаз окууга чакыруу. Биз иштеп жатып кээде укпай калабыз, эшикке чыгып карап турабыз, - деди Мухаммед аттуу адам.

Азандын күчөтүлгөн үнүнө нааразы болгондор Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына да кайрылышкан. Комиссиянын башкы адиси Эсенгелди Жумакунов бул багытта муфтият, мечиттер менен иштешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканын белгиледи:

- Азанды уккулуктуу үн менен чакырсын деген сунуштар да берилди. Мисалы, Түркияда азанды мукам үн менен айтышат. Ал көп адамга жагат экен. Атайын азан угуу үчүн келген туристтер бар дешет. Биз дагы ушундай сунуш берип жатабыз. Бул мусулмандардын өз кызыкчылыгы үчүн да жакшы болор эле. Анткени башкалардын тынчын албаса, жагымдуу болсо ислам динине да жылуу ой-пикир калыптанат.

Азанга байланыштуу даттануулар орозо айында жана жай мезгилинде көбүрөөк болот. Ушул айда эле Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматына ондогон адамдын колу коюлган үч арыз келип түшкөн.

Бишкектеги мечиттердин бири
Бишкектеги мечиттердин бири

Аталган борбордун башкы дарыгери Артур Буюкляновдун айтымында, Кыргызстанда азан чакыруунун эрежелери же анын добушунун күчү боюнча атайын нормалар жок болгондуктан мечиттерге же муфтиятка жашоочулардын арызын эске алуу же карап көрүүнү гана сунуштай алышат.

- Бизге бул айда үч арыз келип түштү. Ага бир нече адам кол койгон. Андан сырткары бизге жана мэрияга телефон чалуулар болуп турат. Өткөн жылы муфтияттын кызматкерлери менен жолугуп, сунуштарды бергенбиз. Алар азандын үнүн азайтуу боюнча мечиттерге кат жөнөткөн. Айрымдары дагы эле катуу айтып жатышат. Жашоочулар жайкы мезгилде, айнек-терезелерди ачкан убакта көбүрөөк арызданышат. Азыр бул маселени жөнгө сала турган нормативдик акт жок. Мэрияда ушул маселени көтөрүп жатабыз. Ал эми дарыгер катары айтсам, катуу чыккан добуш балдарга, карыларга, оорулуу адамдардын саламаттыгына терс таасирин тийгизет.

Бишкек казыятынын окуу жана даваат бөлүмүнүн кызматкери
Расулбек Сариев "Махмуд ал-Кашгари" мечитине жашоочулардын арызы бир ай мурда жеткирилгенин жана багымдат, шам, куптан намаздары учурунда азанды азайтып чакыруу эскертилгенин билдирип жатат. Казыят аталган мечитти дагы текшере турганын убада кылды.

Мечиттерде катуу айтылган азандын үнү жашоочулардын тынчын алып жатканы буга чейин Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, үн күчөткүчтөрдү көзөмөлгө алуу сунушталган. Анда кечки саат 11ден эртең мененки саат 7ге чейин коомчулуктун тынчын алууга тыюу салынары, мечиттердеги үн күчөткүчтүн кубаты 40 децибелден ашпашы керек деген норма сакталбай жатканы айтылган. Ал эми Дин комиссиясы азыркы тапта мечиттерде азан чакыруунун эрежелери, нормалары тиешелүү адистер менен бирге каралып жатканын кошумчалады.

Азанга арыздангандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:39 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG