Ноорузбек Бакыт уулу Бангладеште диний окууда жүргөнүнө быйыл 3 жыл болду. Жумгал районунун Байзак айылында жашаган ата-энеси 2008-жылы ажырашып, ар бири өз алдынча үй-бүлө куруп кетишкен. Ноорузбек атасынын колунда калып, кийинчерээк атасынын каалоосу жана апасынын макулдугу менен 2011-жылы диний окууга жиберилген.
Эми минтип үч жылдан кийин жайкы эс алууга келген баланы Кыргызстандын өзүндө калтырууга биринчи кезекте Ноорузбектин апасы Раушан менен таятасы кызыкдар болууда.
Жээн небересин алып калууга көмөктөшүүнү сурап укук кызматтарына, жергиликтүү бийликке кайрылган Асанаалы Мокеновдун айтымына караганда, Ноорузбектин Бангладеште алып жаткан билими дагы, жашоо-шарты дагы күмөн туудуруп жаткандай:
- Жалпы ошол жерде 150дөй киши бар экен. Таңдан-кечке куран жаттатат дейт. Ал эми тамак-ашы дагы эптеп эле деди неберем. Сууга күрүч бышырып берет экен.
Мына ушундай маалыматтарды уккан энеси Раушандын да тынчы кетип, баласын Бангладешке окууга жиберип койгонуна өкүнүп, макулдугумду алдоо жолу менен алган деп мурдагы күйөөсүн айыптап жатат:
- Атасы жиберген. Эми кайра кетет дейт. Азыр алып калыш керек болуп жатат. Атасы 2010-жылы мени алдап кол койдуруп кеткен. Ал жакта баары жакшы, англис, түрк тилдерин үйрөнөт. Компьютерди окуп келет деген. Көрсө, андай эмес экен. Быйыл алып калуу аракети болуп жатат.
Раушандын айтканына караганда, эми бул сапар кетсе, баласы 8 жылдан соң кайтып келет экен.
Ата-бала учурда Нарында эмес, Бишкек шаарында жашап жаткандыктан, алар менен жолугушуу мүмкүн болгон жок, бирок Ноорузбектин атасы Бакыт менен телефон аркылуу байланышканыбызда, ал бардык дооматтарды четке кагып, баласына диний билим берүүгө өзү да, баласы да кызыкдар экендигин билдирди:
- Менин балам ошону каалайт. Кудай жолуна түшөт. Ошол жакта окуйт. Шарттары жакшы болгон үчүн жиберип жатам да.
Анткен менен Жумгал райондук тартип кызматтары атасы баланы күч менен кетирип жатат деген көз карашты тутунууда. Райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү Нияз Шийтиев буларды айтат:
- Ал бала мен кетпейм дейт. Атасы кыйнап кетиргени жатат. Сентябрда билет алып кетирем дегендей кылды. Азыр атасы кайда экенин айтпай жатат. Бирок телефон менен сүйлөшүп турабыз. Биз 25не чейин келүүсүн сурандык.
Бул аралыкта 11 жаштагы өспүрүмдүн таятасы Асанаалы Мокеновдун арызынын негизинде райондук деңгээлде түзүлгөн комиссия бул маселени бир жаңсыл чечүү максатында иштеп жатат.
Комиссияны жетектеген акимдин орун басары Динара Асанова баланы алып калуу аракети жүрүп жатканын билдирди:
- Биз кетирбөөнүн жолун издеп жатабыз. Учурда 9 кишиден түзүлгөн атайын комиссия иштөөдө. УКМК, милиция, прокуратурадан бар. Азыр кеңешип отуруп бир гана жолун таптык. Энесинин макулдугу жок эч жакка чыга албайт экен. Энеси менен сүйлөштүк, эми ал макулдук бербейт.
Асанованын айтымына караганда, Ноорузбек атасы алып кеткенге чейин айылда жүргөн экен:
- Бала менен сүйлөшүү жүргүздүк. Бала эң жакшы окуган окуучу эле. Азыр дүйнө таанымы аябай өзгөргөнү байкалды.
Ошентип 11 жаштагы Ноорузбектин Бангладешке кайра кетээри же бул жакта калаары азырынча белгисиз. 2012-жылдын июнь айларында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул райондон 10-15 жашар өспүрүмдү Бангладешке диний окуу жайларга алып кетип жаткандыгын билдирген. Буга чейин Бангладешке кеткен 9 окуучунун үчөө кайтып келген. Бирок мектепти улантып окушкан эмес.
Кеткен балдар Бангладештен эмне окууну окуп жатканы ушул күнгө чейин аныктала элек. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстан менен Бангладеш ортосунда билим берүү кызматташтыгы тууралуу макулдашуу жок.
Өспүрүмдөрдүн чет өлкөгө диний окууга барганы алар кеткенден жарым жылдан соң аныкталган. Жергиликтүүлөр Бангладешке окууга барууга өспүрүмдөрдү 2011-жылдын жай мезгилинде дааватка келген белгисиз адамдар үндөгөн дешет.